Аялзат асыл энелер
Кыргызстандын Сүлүктү шаарындагы асыл энелер тууралуу Абибилла Турботоевдин китебин Жанызак басма түстүү чыгарды - баракелде!
Кыргызстандын Сүлүктү шаарындагы асыл энелер тууралуу Абибилла Турботоевдин китебин Жанызак басма түстүү чыгарды - баракелде!
- TAGS
- isbn
Create successful ePaper yourself
Turn your PDF publications into a flip-book with our unique Google optimized e-Paper software.
Увадат САБУРОВА

Увадат САБУРОВА

Аялзат

асыл энелер

Љ

Бишкек

ЖанызакЉбасма 2017

1
УДК 821.51

ББК 84 Ки 7-4

С 12

Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

С 12 Сабурова У.:.

Аялзат асыл энелер: Б. ЖанызакЉбасма 2017. 160 б.

ISBN 978-9967-9032-3-4

Эне!!! Энеге теңдеш сөздү бул дүйнөнү төрт айланып

чыксаң да табуу кыйын деп ойлойм. Менин энемдин көзү

өткөнүнө канча жылдар болсо да, алиге чейин энемдин

элеси түшүмө кирет.

Абибилла ТУРБОТОЕВ

С 4702300100-17

УДК 821.51

ББК 84 Ки 7-4

ISBN 978-9967-9032-3-4

© Сабурова У.. 2017

2
Увадат САБУРОВА

КИРИШ СӨЗ

Дүйнө жаралгандан адам баласы түбөлүк, өмүр бою карыздар

болгон эки нерсе бар. Биринчиси-ЭНЕ, экинчиси-Мекен. Себеби

ар бир адамдын бир гана энеси жана бир гана Мекени болот. Мекенди

сүйүү, ага адамдык ак дилден кызмат кылуу, аны көздүн

карегиндей сактоо сыяктуу атуулдук ыйык сезимдер эң ириде

эненин сүтүнөн жана бешик ырынан башталат.

Эне тууралуу сөз болгондо мен дайыма аларга тийиштүү төмөнкү

жети сапатты белгилейм.

Энедеги биринчи улуу касиет – өмүр ар бир адамга эненин

жаны, жүрөгү аркылуу берилгени. Табигатта бул улуу сыр, бийик

шыбага энеге гана энчиленген. Тогуз ай бели ийилип көтөрүп,

токсон тамыры кагып, толгоо тартып азап менен көз жарып, дүйнөгө

бала алып келет, өмүр тартуулайт.

Эненин экинчи улуу касиети анын кечиримдүүлүгү. Дүйнөдө

энеден өткөн кечиримдүү жан болбос.

Эненин үчүнчү улуу касиети-чыдамкайлыгы менен сабырдуулугу.

Эне деген уулун уяга, кызын кыяга кондурганга чейин

канчалаган азап-тозокко чыдап, адамдык асылдыкты туу тутуп,

нарк-каада сактаган улуу адам экендигинде.

Энедеги төртүнчү улуу касиет - алардын акактай тунук жан

дүйнөсү, башкача айтканда руханий дүйнөсү. Энелерибиздин кең

пейилдиги, акылгөй ак ниеттүүлүгү. Энелер – элдик уюткулуу үрпадатты

тукумдан-тукумга сактоочу жана муунга өткөрүп берүүчүлөр.

Энелердин баа жеткис бешинчи касиети – анын балага болгон

тарбия-таалимдик нускасы. Бешик ырын созолонто ырдап, балдарына

туура тарбия берип, канатына калкалап, эл үчүн кызмат

кылган инсандарды тарбиялагандыгы улуу касиет.

Энелердин алтынчы касиети - үйдүн куту, жарык берген нуру,

түгөнбөгөн берекеси, жылуулук берген күнү. Дасторкону жайылуу,

түндүгү ачылуу, коломтодон отун өчүрбөгөн инсандар.

Энелердин жетинчи улуу касиети- алардын жоопкерчилиги.

Энелер дүйнөгө бала жаратып тим болбостон, алардын тагдыры,

жашоосу үчүн жоопкер адамдар.

Баланы эмгекке үйрөтөт, туулуп-өскөн жерин коргоого, ар бир

ташын, шиберин, гүлүн, булагын барктоого, баалай билүүгө тарбиялаган

биздин ары ыйык, ары асыл энелерибиз. Турмуштун

түмөндөгөн бардык түйшүктөрүн өзү гана көтөргөн эрктүү да, күчтүү

да энелерибизге чексиз даңк!

3
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Ардактуу эне

Пусурманова Шарапат Айдаровна

Эже 1940-жылы

12-майда Лейлек районунда,

учурда Сүлүктү

шаарына караштуу Кольцо

айылында төрөлгөн.

Өмүр жолдошу Пусурманов

Ташмат - “Сүлүктү

шахта башкармалыгында”

35 жыл эмгектенген

Эмгек ардагери.

Экөөсү чогуу 50 жыл бирге өмүр сүрүп, 8 баланы тарбиялап

– өстүрүшкөн, ошондой эле балдарынан 22 неберелүү

болушкан.

Шарапат эженин өзгөчө сапаты -

эмгекчил эле. Ал 8 бала тороп, алардын

да түйшүктөрүн аркалап, шаардык

торот үйүңдө 20 жыл (1971-

1991-жж) иштеп, эл учун да ак кызматын

отоп, ошол жерден ардактуу

эс алууга чыккан.

Эженин үзүрлүү эмгеги бааланып,

шаардык Кенештин Ардак Грамотасы

жана бир канча жолу баалуу сыйлыктар

менен сыйланган.

"Апабыз жумуштан келгенден кийин да түн бир оокумга

чейин жүн тытып, ийик ийрип, жыл сайын кезектеги эмгек

өргүүсүндө (отпуск) эс алуунун ордуна үйдө отурган аялдардан

кем калышпай, килем да жасайт эле, ал эми бышырган

таттуу каттамасын, тандырга жапкан жыттуу нанын,

гүлчөтай тамагын биз азыр да сагынабыз" деп эскеришет

балдары.

4
Увадат САБУРОВА

Шарапат эже өзүнүн жайдары, ак көңүл, ачык-айрым,

шайыр мүнөзү менен, чогуу иштеген коллегалары, кошуналар,

тууган-уруктар менен дайыма жакшы мамиледе болуп,

алар да Эжеге өзгөчө сый менен мамиледе болгондугун

эл айтып келет. Эже колунан келген жардамын эч кимден

аябачу. Ошондой эле өзүн дайыма тыкан алып жүрчү

жана жарашыктуу кийине билчү.

Балдары жогорку билимдүү болушуп, үйбүлөлөрү менен

өздөрүнүн уул-кыздарын тарбиялашып, төмөнкүдөй кызматтарды

аркалашкан: Кызы Ханпаша - 2 баланын энеси, 5 неберенин

чон энеси-таенеси; Уулу Эркинбек - Сүлүктү шаардык

мамлекеттик администрациясында, комсомолдук кызматтарда,

анын ичинде - шаардык Комсомол комитетинин биринчи

катчысы болуп эмгектенген; Кызы Айниса – Сүлүктү шаарынын

Билим берүү системасында, Ош облустук билим берүү

башкармасында, КР Жогорку Кенешинин, КР Өкмөтүнүн Аппараттарында

эмгектенген; Уулу Закирбек - КР Өкмөтүнүн

Аппаратында, Ош облустук мамлекеттик администрациясында

иштеген, учурда Бишкек шаарында “Өндүрүштүк компаниянын”

жетекчиси; Уулдары Алибек, Каныбек, Рустамбек –

жеке фирмаларда эмгектенишет; Кызы Айнура – Бишкек шаарында

Салык системасынын кызматкери.

"Кудайдын буйругу экен, Апабыз 2010-жылы 70 жашында,

Атабыз 2012-жылы 77 жашында көздөрү өтүп кетишти (Аттиң!

) , бирок алардын элестери, айткан сөздөрү, жасаган иштери

бизге, келин-кыздарына, небере-чеберелерине дайыма

“Үлгү” катары желектей желбиреп турат" дешет балдары.

Биз Лейлектиктер жана Сүлүктүлүктөр да Шарапат эже

менен Ташмат ава жөнүндө сөз болгон учурларда, ошондой

эле алардын балдарына "Эже менен Ава жакшы кишилер

эле. Силер жакшы адамдардын балдарысыңар, Алар

менен биз да сыймыктанабыз" деп дайыма айтып келебиз.

САБУРОВА У.Б.

5
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

МЕНИН АСЫЛ ЭНЕМ

Мен, Джумабаева

Гүлжан

Абдиевна 1962-

жылы 21-ноябрда

Сүлүктү шаарынын

Макай айылындагы

Шурчак

көчөсүндө кенчинин

үй-бүлөсүндө

туулгам. Ош

мамлекеттик

КГЮА институтунда

сырттан

окуп (кесибим

юрист, бухгалтер) жогорку билимдүү болгом. 6 бала 6 неберенин

энесимин. Азыр шаардагы эмгек жана социалдык жактан өнүгүү

башкармалыгында администратор жана кесипке окутуу боюнча адис

болуп иштеп жүрөм. Эми энем жөнүндө айта кетейин.

Энем Жунусова Назакат 1930-жылы 28-майда Лейлек районунун

Булак-Башы айылында туулган. Атам Жапаров Абди менен баш кошуп

4 уул, үч кыздуу болушкан.

Энем 18 жашка чыкканда ата-энеден ажырап калган экен. Атаэнеден

эрте ажырап, бир тууганы дайынсыз жоголгондуктан көп кайгы

тартып, бир туугандарынын аскер кийимин кийип түшкөн сүрөттөрүнө

кадалып, сүрөт менен сүйлөшүп ыйлап алаар эле. Ошентип

жүрүп 2014-жылы көз жумган.

1949-жылдары жергиликтүү кеңешке депутат, колхоздо эки бригадада

эсепчи болуп иштеген. 1953-жылы Сүлүктү шаарына көчүп

келип Шурчак көчөсүндө жашашкан. Атам шахтада бригадир болуп

10 жыл эмгектенген. Иштеп жүрүп кокусунан белин сындырып алгандыктан,

ден соолугуна байланыштуу иштебей калган. Анан алар

Ак арык айылына барып отурукташкан. Энем бакчада тарбиячы болуп

иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Атам экөө балдарынан 34 небере,

41 чеберелүү, 3 гыбыралуу болушат. Энем айылыбызда сыйлуу,

кадыр-барктуу аялдардын бири эле. Билимдүү, өтө зээндүү, ар нерсени

орду менен билген кичи пейил колу ачык, аз уктап, көп эмгектенген

жан болчу. Кыргыздын түрдүү кийиз, айкөчөт, кап таар, килем,

ж. б. түрдүү буюмдарды жасаган чебер аял да болгон. Энем бизди

атыбыздан атабай уулдарын ата, кыздарын эне дешчү. Биздин сабактарыбызга

дайыма жардам берер эле. Биз үчүн сабак даярдаш

6
Увадат САБУРОВА

үчүн убакытты туура бөлүп берчү. Кесипти туура тандоого багыт берип

турчу.

Чалдыбалды айылында жашаган Токто эженин: Оо, Назакат кандай

күчтүү аял, бизге орушка жерди сотыхтап өлчөп берет эле. Ошону

оруп бүтсөк гана бизге тиешелүү нанды берер эле. Аябай тартипти

катуу кармаган активист аял болгон, -деп энемдин ал-абалын сураганы

эсимде. Энем жөнүндө жакшы кептерди уксам абдан кубанып

калчумун. Ошол кезде энем көп аялдарга жардам берген экен.

Согуштагы балдар ток болсун деп, алардын камы үчүн бар күчүн

аяган эмес тура. Түнү-күнү иштеп, чарчоону да унутуп калышчу экен.

Энем жашынан араб тамгасын тааныгандыктан, мага 13 жашымдан

намаз окуганды үйрөткөн. 2005-жылы май айында согуш маалында

активдүү иштегендиги үчүн өкүмөт тарабынан медаль менен

сыйланган. Медаль алганда бир кой союп, балдарын, туугандарын

чакырып белгилеп берген эле. Өкмөткө өтө ыраазы болгон.

Бейишим эне, берешеним,

Айым энем, жылдызым.

Асмандагы жарык чачкан чолпонум,

Жетигеним, желкесинде сүйөөрүм.

Чыкканда ак сүтүн берип эмизип,

Айым менин асыраган алла-деп.

Күнү-түнү уктабастан терметип,

Бешик ырын айтып мени уктаткан.

Асыл энем данакерим акагым,

Сиз үйрөткөн ыман менен жүрөмүн.

Диним ислам мен аллага баш ийем.

Сиз үйрөткөн беш убак намаз парзымды,

Диним ислам мен ага баш ийем.

Эркелесем бешенемден сыларым,

Ойноп келсем койнун ачып турарым.

Суусап келсем суусун берип турарым.

Адашканда туура жолго саларым.

Апам менин кабар алып турарым.

Балдарыма ак батасын берерим.

Сүйүнгөндө сүйүп коюп кубанып,

Кубанчымды тең бөлүшүп турарым.

Тулпар минсе ат жапкычын жабарым,

Жолго чыкса тилек тилеп турарым.

Жалпы энелерге, айымдарга. кыргыз элиме жакшылыктарды

каалап кетем.

Гүлжан Абдиева

. 2016-жыл.

7
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЖАШООНУН

ГҮЛҮ ДА, БҮРҮ ДА СИЗДЕР - ЭНЕЛЕР!

Энелер - нарк-насилдүү, оор басырыктуу,

айкөл адамдар. Дени сак

улут энелер аркылуу калыптанат.

Кайда болбосун аялзаты турмуштун

бардык түйшүгүн жонуна көтөрүп,

адамзат тукумун улап, үй-бүлөнүн

туткасын кармап, тирүүлүк деген

улуу жолдо эне деген ыйык аты менен

өмүр кечирип келет.

Мен, Гайипбеков Эрежеп Халбекович

үч жашар экенимде энем Чыныгүлдөн

айырылып калган экемин.

Атамдын айтуусунда мен 13-болуп

дүйнөгө келген экем. Менден 10 жаш

улуу агам болгон, балдары баары

турган эмес экен. 1945-жылы энем

инимди төрөп, кара басты дешип,

кан токтобой төрөттөн каза болот. Иним да эне сүтүн эмбей тез

эле каза болгон. Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин атамдын

туугандары атамды экинчи жолу үйлөндүрөт. Атам шахтада иштечү.

Бир күнү иштен келсе мен далисте төшөгү жок жерде уктап

жатыптырмын. Өгөй энеме “төшөккө жаткырып койбойт белең”,

десе өзүңүз жаткырып коюңуз, бала сиздики” деп, өз төшөгүнө

жатып алыптыр. Ошондон кийин эртеси өгөй энемди атам кетирип

жиберет.

Ошентип атам көпкө үйлөнбөй жүрөт. 1928-жылы туугандары

атамды үчүнчү энем Нишанова Жумагүлгө үйлөндүрүшөт. Ал

энебиз келген күндөн баштап бизге жылуу-жумшак сүйлөп, кийимдеримди

таза жууп, жакшылап карай баштайт. Кудай берип

ал энем беш кыз, үч уул төрөп берди. Баарыбызга энелик мээримин

берип чоңойтту. Кудайдын буйругу экен 80 жашында каза

болду. Энем Жумагүл өтө мээнеткеч, боорукер, сарамжалдуу аял

эле.

Биз Сүлүктүнүн 2/8 шахтасында “Дөң кыштак” айылында кичинекей

ылайдан курулган тар үйдө жашачубуз. Көп балалуу болгондуктан

үйдүн жанына дагы кененирээк үй салалы деп чечтик.

Ошентип мен эшек менен суу ташыдым, энем ылай чалат, инилерим

кубалак жасап, даярдана баштадык. Куйган кубалагыбыз

8
Увадат САБУРОВА

кургаганда үйдү тургуздук. Атам үйдүн үстүн жапты. Энемдин

ылай чалып иштегенине атам да, мен да таң калган болчубуз.

Атам 1952- жылы Кара-Булак колхозуна барып жер алды, ал

жерде дыйканчылык кылуу максатыбыз эле. Жерге жазында картошка,

буудай, жүгөрү эктик. Анда мен 9 жашта элем. Атам жерге

иштейт. Эгиндерди отоп, сугарып карайт. Мен айылдын бадаларын

бакчумун. Колхоздун арпа, буудайы бышып, энемди орууга

чакырып кетти. Колхоздун ишине сөзсүз бир үй-бүлөдөн дыйканчылык

менен иштегенден кийин бир адам иштөө керек эле.

Ошентип энем орокчулукка “Сары тала” деген жерге кетти, ал

жер азыркы “Кенчи” айылынын маңдайындагы талаа.

Жазгы конушка көчүп барганбыз, үйдө үчөөбүз эле: атам, мен

жана үч жашар карындашым. Энем орокто жатып иштейт, калган

ини-карындаштарым менен таенем Турсун кемпир үйдө Сүлүктүдө

болчу Үч күндөн кийин биз менен жашаган карындашым ичи

өтүп ооруп калды. Ошондо атам мени энемдин ордуна жөнөттү.

Карындашың жакшы болгондо кайра келесиң деди. Эшегимди

минип алып энеме келдим. Энем жетекчилерден суранганда,

алар жооп бербей койду. Анткени энем алдыңкы орокчу экен.

Күндөлүк нормасын 2-3 эсе көп орундайт экен. ”Ардак такта”да да

сүрөтү биринчи болуп турчу.

Айла жок энемди ороктон бошотуп, мен энемдин ордуна калдым.

Эптеп энемдин ордунда орок оруп иштей баштадым. Энем

кара жумушту мыкты иштеген күчтүү аял болгон.

Мен айтар элем, энеси өлгөн балдардын үйүнө келип, аларга

мээримин төгүп, жылуу-жумшак сүйлөп, бооруна басып, аз болсо

да тамакты таттуулап жасап курсагыбызды тойгозгон энемди өз

энемдей кабыл алган болчум. Энеме мен терең ыраазы элем.

Биздин элибизде байыртадан эле “Бейиш” эненин таманында,

аял өмүр булагы деп айтылып келген. Табигат ага перзентти бул

дүйнөгө алып келгендиги үчүн гана эмес, аялдын жаратман деми,

мээрими жана кылымдар бою салттарды сактап, улантып келгендиги

үчүн ушул накыл сөз айтылган. Андыктан эне сүтү менен

ар бир адамга аялга карата аяр жана ардактаган мамиле калыптанат.

Ылайым эле жалпы ак элечек апаларыбыз аман болсун, өлкөдө

тынчылык болсун.

Уулу Гайипбеков Эрежеп Халбекович

9
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭНЕМДИН ЭЛЕСИ ЖҮРӨГҮМДӨ

Менин сүйүктүү энем Адылова

Анар 1924-жылы туулган.

Биз үй-бүлөдө эки уул болгонбуз.

Энем бизди эч нерседен кем

кылбай бөпөлөп өстүргөн. Мүнөзү

мээримдүү жан эле. Бизди торолтуп

коюп 1969- жылдан 1983-

жылга чейин Сүлүктү шаарындагы

тигүү фабрикасында үзүрлүү

эмгектенген.

Энем фабрикада иштеп үйгө

келип биздин курсагыбызды тойгозуу

үчүн бир мүнөт тыным албай

тамак жасап, кир жууп жаны тынчу эмес. Энем иштеп

жүрүп мени, (Адылов Гапар Каарович) кыйналып кысталганына

карабай окутту. Азыр Сүлүктү шаардык ооруканасынын

кургак учукка каршы бөлүмүндө азыркыга чейин

эмгектенип келүүдөмүн. Иним Адылов Жапар ички иштер

бөлүмүндө иштеп, азыр ардактуу эс алууда.

Биздин ушундай даражага жетүүбүзгө энем гана себепчи

болгон деп айта алам.

Энем фабрикада иштеп, болор-болбос алган айлыгын

биз үчүн да, тиричиликке да жеткирген. Мен энем менен

сыймыктанам.

Энем менин эки уул, үч кызымдын, инимдин үч уул, эки

кызына мээримдүү чоң эне боло алды.

Энемдин мээримдүү жүзүн, бизге айткан асыл сөздөрүн

али күнгө чейин жүрөгүмдүн түпкүрүндө сактап келем.

Баардык дүйнө жүзүндөгү энелерди урматтоо менен

аларга бакубат жашоо, жаркыраган бактылуу карылык

каалап кетем.

Энелерди урматтоо менен дарыгер Адылов Гапар.

10
Увадат САБУРОВА

ЭНЕМДЕН АЛГАН МУРАСЫМ!

Ар бир эле адамдын энеден өткөн

ыйык адамы жок. Жароокер жар,

мээримдүү эне, акылыңа акыл кошкон

аруузаада асылкечтер кадам

сайын эле жолуга бербейт. Аялзатынын

асылдыгы, улуулугу энелерден

туюлат.

Биринчи Аллах деп коюшат

эмеспи, ошол сыңарындай эле мен

үчүн Жараткандан кийинки эле баа

жеткис асыл жандар бул- ата-энем.

Атам көп сүйлөбөгөн бир сырдуу

киши болгон. Айылда араб тилин

билген, куран китепти окугандыктан

атамды Молдо Барак деп айтышчу.

Атамдын бир гана көз карашы баарын чечип, өз ордубузду айтып

коёр эле. Ал эми энем болсо мээрими жүзүнөн төгүлгөн боорукер,

жумшактыгы, анан жан дүйнөсүнүн ушундай бир бай аруулугу

менен айырмаланып турчу.

Ошондой эле атам менен энемдин койгон талабы боюнча биз

жети атабызды, кыргыз элинин тарыхын, санжырасын билишибиз

милдет болчу. Уядан эмне көрсөң, учканда ошону аласың

дегендей ата-энем берген тарбия-азыркы иштердин башаты десем

жаңылышпайм.

Айылга барганда ата-энем жашаган үйүбүздөн балалыгымдын,

асылдарымдын элестерин издеп барам. Айылымдын жолдорунда

атам менен энемдин издери калган. Бирок мезгилди токтотууга,

убакытты артка кайтарууга кудиретибиз жетпейт экен.

Менин энем мөөжөй уруусунан Гайбулда бийдин кызы Назипат

4 уул, 2 кыздын мээримдүү энеси. Уулдары Таңирбай, Курбанбай,

Абдырахман, Абдибакир, кыздары Увадат, Кымызай.

Келиндери - Зайраш, Мария, Айнагүл, Мария - экөө.

Күйөө балдары - Акылбай, Абдижалил.

Энем Кольцо айылындагы аялдардын ичинен чебери болгон.

Биз бала кезде атамдын айлыгы жетишпегендиктен жүл, араби

килемдерди, ар кандай ай көчөт таарларды тынбай жасап, энемдин

тиричиликке чоң кол кабыш кылганы эсимде. Айылдагы аялдарды

ар кандай жакшы каада-салтты, той тамашаларды өткө-

11
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

рүүдө башында турган уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү бар боло

турган.

Айылдын улуу-кичүүсү Наз эже деп сыйлап турчу эле. Энем

үйдө бизге боорсок, каттама, сүрттөмө, пирожкилерди бышырып

берчү. Даамдуу жасаган тамагы башкалардан айырмаланып турчу.

Менин эсимде; мен Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүн

башкарып турганымда пландуу иштер менен Кольцо (мен окуган

мектеп) мектебине аппарат кызматкерлери Кулмурзаева Урулкан,

Лидия Семеновна, Дархан, Айнисалар менен бирге барып,

үйгө кайрылганда энемдин айран, каймагы, каттама, сүрттөмөсү

даяр турчу. Жанымдагылар сиз айтып койгон окшойсуз дешчү.

Кайдан, ал мезгилде биздин айылда телефон зымдары да жок

эле.

Менин энем келиндерин кыздарынан да жакшы көрчү. Энемдин

жакшы мүнөзүн, жылуу мамилесин, айткан акыл-насаатын

жеңелер, келиндер менен биз көп эстейбиз. Неберелерине колдон

келишинче чапан, колтукчаларды тигип кийгизип, аларды

сүйүнтөр эле.

Ата-энемдин баалуу акыл-насааттары менин жана бир туугандарымдын

турмуштук жолун жарык жана байсалдуу кылды.

Ар бир эненин жүрөгү-дүйнө тиреги деп бекеринен айтылган

эмес экен.

Ким жалбарбайт аял деген атыңдан,

Ким айланбайт эне деген асылдан.

Сенин баркың, сенин даңкың ченемсиз,

Сенден чыккан улуу гений акылман.

деп Байдылда Сарногоев айткандай, чынында эне мээримине

эч нерсе тең келбейт.

Менин энем акылдуу, нускалуу, бир туугандарыма да мээримдүү

аял болгон. Танги-Башыдагы туугандары, эже-сиңдилери өтө

сыйлашчу. Энем чечкиндүү, иштин көзүн билген күжүрмөн, ар

бир ишти алдын ала билген эне болду. Мен ишимде ушундай

даражага жетүүмө энемден калган мурасым себепкер болду.

Сабурова Увадат Бараковна

Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы

12
Увадат САБУРОВА

КАДЫРМАН ЭНЕ

Атына заты жарашкан

Молдо Миңбай кызы

Улугай 1932-жылы

Андарак аймагынын

Коммуна айылында төрөлгөн.

Якубов Мадали

менен баш кошуп 8 баланы

татыктуу тарбиялап

өстүргөн.

Үй-бүлөнүн түйшүгү

менен чектелбей, элге

эмчилик менен кызмат

кылган, алкышка арзыган.

Эне катары, боорукер

аял ар бир сөзүндө

“айланайын, аман-эсен

болгула” деп дуба берип,

элди эмдеп, жүрөк көтөрүп, балдарды киринелеп турчу

экен.

Кудайдын назары түшкөн “Бүбү эмчи” аталган Улугай

эне Лейлек районуна гана таанымал болбостон, коңшу Тажикстандын

аймагына да таанымал болгон. Элди карап

эмдеген.

Ак жоолугу башында, ак жүзүнө сулуулук тартуулаган

энебиздин мүнөзү шайыр, боорукер, баарына бирдей мээрим

төккөн, баарына бирдей өмүр тилеген Баатыр эне.

Эне 6 уул, эки кызды чоңойтуп тарбиялап өстүргөн бактылуу

эне. Келиндери да ыймандуу.

13
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

МЕНИН АРДАКТУУ ЭНЕМ

Менин энем Ибрагимова Анипа Турабаевна Сүлүктү шаарында

жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Элибизде бекеринен айтылбаса

керек, “Үйдүн куту, төрдүн көркү-тарбиянын башаты аялзат”

- деп. Анткени тогуз ай көтөрүп, ууз сүтү менен тойгузуп, эрезеге

жеткирген эненин эмгегине, төккөн мээримине эч нерсе тең

келе албайт.

Сексендин кырына барсак да “Энелүү жетим, эрке жетим” демекчи

энебизге эркелеп, жаш баладай кылыктанып, назданып,

жылуу сөзүнөн канча дем күч алабыз.

Энем Анипа Турабаевна 1928-жылы 15-мартта төрөлгөн. Үйбүлөдө

төрт кыз, бир агасы болгон. Чоң агасы 1941-жылы Улуу

Ата Мекендик согушка кетип, 1943-жылы Ленинград облусунда

каза болгон.

Бала үчүн бүткүл өмүрүн багыштаган эне үчүн кандай гана

мактоолор жарашпасын.

Турмушубузда окуп, билип, угуп жүргөн аяттарда, хадистерде

эненин орду канчалык ыйык да, бийик да экенин далилдеген мисалдар

бар.

Пайгамбарыбыздан бир жолу анын сахаабаларынын бири:

“Мен кимге жакшылык кылуум керек?” - деп сураган экен. Пайгамбарыбыз

ага: “Энеңе” дейт. “Анан кийинчи?” деп үч жолу су-

14
Увадат САБУРОВА

раса да “Энеңе”, төртүнчү жолу “атаңа” деген экен. Демек картайганда

балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамиле,

урмат-сый, баары ата-эненин акысы. Аны бузууга эч кимдин

укугу жок.

“Энемдин бир күндүк түйшүгүн көтөрүп, бир ууз сүтүн актай

алдымбы? ” - деген суроо кээде мени кыйнап келет. Жылдар өткөн

сайын турмушка каныгып, ак менен караны ылгап, жамандык

менен жакшылыкты талдап, өмүрдүн баркын, баланын жытын

биле баштаганда аттиң ай убакыт өтүп кетет тура. Ата-эненин

баркын биле турган мезгилде.

Энем бизге “жакшы окуп адам болгула, элге кызмат кылгыла”

деп көп айтаар эле.

Кээ бир күндөрү көкүрөгүнө башым коюп бир жыттап алгым

келет. Эч бир жандан табылгыс мээримине бөлөнгүм келет.

Колумдан келген жакшылыгымды көрсөтүп, тапкан дүйнөмдү

алдына чачкым келет. Кайрадан “апа” деген ыйык сөздү айткым

келет.

Ушул даражага жеткирген энеме башымды ийип таазим этип,

ыраазычылыгымды билдиргим келет. Көбүрөөк жанында болсом

дегем. Бирок иш деп кээде жетише албай калабыз. Үйдүн куту

асыл энебизге баардык жакшылыкты каалайбыз.

Үй-бүлөдө төрт баланы, бир кызды тарбиялап чоңойтту.

Агабыз Гапыр Арзыбаевич кенчи болуп көмүр өндүрүшүндө 20

жыл эмгектенди.

Бакир Арзыбаевич бүгүнкү күндө Бишкек шаарында Кардиология

борборунда медицина илимдеринин кандидаты, доцент

кафедра болуп иштеп жатат.

Чыныгүл Арзыбаевна шаардык китепканада иштеген.

Абдузакир Арзыбаевич Сүлүктү шаарынын мэри болуп иштеп

жатат.

Алтын энебиз жөнүндө жаза берсем кагаз жетпесе керек,

ошол себептен бизди ушул жарык дүйнөгө алып келген энебизге

эки дүйнөдө ыраазыбыз.

Замандаштарыма айткым келет. Ар бирибиз колдо бар байлыгыбыз,

ишенген тирегибиз, асылыбыз, эч нерсеге алмашкыс

берекебиз энебизди бул тирүүлүктө сыйлап, баркына жетип, башыбызга

көтөрүп жүрөлү. Өмүр деген бир келген көктөм тура...

Уулу Ибрагимов Асат Арзыбаевич,

Сүлүктү шаардык дарыгерлер борборунун директору

15
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

АЛГАЧКЫ ПЕДАГОГ ЭНЕ

Эне – бул сени, мени жараткан адам, эң ыйык, баарынан кымбат

асыл зат. Эне сулуулуктун, назиктиктин гана ээси эмес, ыймандык,

инсандык сапаттарды алып жүрүүчү адам.

“Бейиш эненин таманында”, - деп бекеринен айтылган эмес.

Мен сөз кыла турган инсан - мен үчүн эң кымбат, алтынга теңегис

асыл энем. Менин энем Жапарова Кадича 1924-жылы колунда

бар үй-бүлөдө туулган. Атасы Жапар эмгекчил, эгин эгип,

мал карап, үй-бүлөсүн баккан адам болгон. Колхоздо уюштургуч,

алдыңкы колхозчу боло алган. 1942-жылы атасы Улуу Ата Мекендик

согушка өзүнүн түн уулу Абдыганы менен мекенди коргоого

аттанган. Энеси Айкыз колунан көөрү төгүлгөн чебер аял

болгон. Балдарын өзү жалгыз кыйынчылыктарга карабай багып

чоңойтот. Кызы Кадича (менин энем) 7-класска чейин мектепте

окуп, эң жакшы баалар менен аяктаган. Орус тилин жакшы өздөштүргөндүктөн

тез эле оозго алынып, дилгирлиги байкалып,

колхоздун ар кандай иштерине кол кабыш кылган. Андан кийин

мектепте орус тилинен сабак бере баштайт. Жакшы иштегендиктен

партиянын катарына кабыл алынат.

1943-жылы Сүлүктү шаарына турмушка чыгат. Себеби, ошол

мезгилде билимдүү кыздарды борборго билим алууга жөнөткөн.

Атасы менен агасы согушта болгондуктан, мектепте да иштеп,

колхозго да жардам берип иштеп келген. Согуш аяктагандан кийин

турмуштары оңолуп, ини-сиңдилери чоңоюп калышат. Инилери

Курбанбай, Эрали шаарда кенчи болуп иштешет. Ал эми

16
Увадат САБУРОВА

Шерали Жапаров иниси жогорку билимге ээ болуп, азыркы учурда

И. Арабаев атындагы КМПУ де иштеп жатат. “Ономастика”

илимдери боюнча профессор. Кадича эне 7 баланы татыктуу

тарбиялап, окутуп, билимдүү инсандардан болууга жетиштирди.

түн уулу Ихмат Тоо кен институтун, Исабай ветврач, Мусабай,

Зайирбектер тоо кенде инженер-механик болуп иштешет. Кызы

Адалат эненин жолун жолдоп ардагер педагог. Саламат чебер,

тигүүчү. Абдимиталип музыка мектебинин директору.

Кадича эне айылдагы кадырлуу энелерден болчу. Ал айылда

келиндерин өз каалоорору менен тигүү фабрикасына иштеткен

алгачкы кайненелерден болгон. Уул-кыздарын, келиндерин ар

дайым ак эмгектенүүгө үндөп келген. Өзү да ошол фабрикада

иштеп, алдыңкы тигүүчү аталган. Ошондуктан анын эмгеги бааланып,

көптөгөн акчалай сыйлыктарга, баалуу белектерге, Ардак

Грамоталарга ээ болгон.

Үйүндө да тынбай килем соктуруп, таар согуп, курак курап, абдан

көп эмгектенген. Өзүнүн кол өнөрчүлүгүн кыздарына да үйрөтүп

келди.

Айланайын эне деген атыңдан,

Ааламда теңдеши жок затыңдан.

Асыл жолго арыбастан барсын деп,

Алпештедиң балдарыңды башынан,

- деп эли-жери үчүн, үй-бүлөсү үчүн, келечек муундарды тарбиялоодо,

адамзаттын учугун улаган энелик аялзатына туруктуулугу,

айкөлдүгү, чыдамкайлыгы, эрдиги үчүн терең таазим кылабыз.

Жашоонун көркү болгон энелерибизди, айымдарыбызды

даңктайбыз! Эне деген сөз – баарыбыз үчүн улуу да, ыйык да.

Бар болуңуздар Сүлүктүнүн сулуу айымдары!

Менин алтын энекем, жаткан жериң жайлуу болсун! Сиз менин

жүрөгүмдө түбөлүккө жашай бересиз!

Кызы Кенжебаева Адалат.

17
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭНЕМДИН ИЙИГИ

Бак-дарактар эрте жазда

бүчүр байлап, көркүнө чыга

гүлдөп, анан шипширин

мөмөлөрүн байлап, күз болгондо

жан-жаныбарлардын,

канаттуулардын, адамдардын

шилекейин чубурта

бышып, жемишин баарына

арнап берип, жалбырагы

саргайып сапырылат да,

кышка даярданып, кайра

уйкуга кетет. Кечээги жапжашыл

жалбырактары саргайып

жерге чачылат.

Адам баласы да улам төрөлүп,

оо дүйнө узап, алардын ордун башкасы басып, өмүр

ошентип улана берет экен.

Мына быйыл да күз келди. Дарактардын жалбырактары

эчак саргайып жерге төгүлүптүр. Атам тиккен өрүктөрдүн

астында сапырылган сары жалбырактарды шуудурата басып,

энекемди ойлоп эзилип жай келе жаттым.

Энемдин басып жүргөн, иштен келе жаткан жолдору,

тандырдын алдында нан жаап, мени күтүп турганы көз алдыма

элестейт. Жүрөгүм буулуп, энемдин жытына, сөзүнө

зар болуп жүргөн маалым. “Эне нан жаап жатасызбы?” -

деп эркелегим, жылуу сөзүн уккум келет.

Энем Сапарова Артыгай Сүлүктү шаарына караштуу

Караул кыштагында 1935-жылы жарык дүйнөгө келген.

Энемдин ыраматылык болгонуна 3 жыл болуп калды.

Ушундай күз айларынын орозо күндөрүнүн биринде

ааламдан өттү. Тагдырдын жазмышы башка салса эч нерсе

кыла албай, сабыр менен кээде сагынып куса болгонумдачы,

ыйлап-ыйлап алып жеңет экенсиң. Дагы бактыма атам

18
Увадат САБУРОВА

бар. Кээде уктап жатып “эне, эне” деп ойгонсом, атам наркы

бөлмөдө: “Не болду кызым, мен бар, коркпо кызым”

деп алаксытат. Ата-эне дегениң бала үчүн кумдай эшиле

берет тура. Көзүмө жаш ала, көңүлүм чөгүп, кыялым учуп

бактылуу балалыгыма кетким келет. Бөксөм толбой, бир

нерсе жетпегендей энесин издеген кулунга окшоп энемдин

караанын издеп, артыма бир кылчайып үйгө кирдим.

Төрдө энемдин сандыгы турат. Негедир бүгүн ошону

ачкым келди. Жумуштан колум бошобой, анчалык кызыкпай

ачкан жок элем. Араң ачкычын издеп таап, сандыкты

ачтым. Ичинде ар түрдүү кездемелер, анан үстүндө ийик

турат. “Ой, энемдин ийиги го” деп көкүрөгүмө бек кысып,

энем тирилип келгендей: “Алтындан кымбат энем ай, Мен

үчүн ушуларды жашырып койгон белең? Кандай акылдуусуң,

балдарыңдын камын ойлогон асыл энем ай” – деп

жыттагылап, өзүмдү токтото албай ыйладым. Энем жанымда

отургандай ийикти көпкө кармап турдум. Мешке от

жагып астын кызартып, ысырык түтөтүп, көрпөчөнүн үстүндө

ийик ийирип отурганы эсиме түштү.

– Бул ийикти Бердикул тагаңар жасап келди, эми ушул

ийик менен баарыңарга килем жасап берем, өрүктөн жасаптыр,

салмактуу экен, - деп жылмайып айтканы эсимде.

Менин мышыгым бар эле. Энем ийриген жипти чубалтып.

мышык менен ойночумун. Энем ак жүндү созолонто

ийирип жатканда, ак булутка чейин созуп жаткандай

туюлчу.

Жүрөгүмө жакын ийик. Энемдин элесин, мээримин,

жылуу сөздөрүн эстетип турат. Энем дайыма жүрөгүмдө

жашай берет.

Сапарова Зийнатай Турдубаевна,

БАТМУ СГЕИнин окутуучусу

19
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

МАМАТОВА Малике

Ашууларды алдастап ашып келем,

Асыл сөзүң сагынып жашап келем.

Аруулукту мен жалгыз сизден таптым.

Алтынга да алмашкыс, алтын энем.

Ардагымсың жашоомо багыт берген,

Ай-ааламда жапжалгыз асыл энем.

Менин энем, Маматова Малике -

Лейлек районундагы алгачкы интелегент

айымдарынын бири эле.

“Эненин балага болгон эң чоң

белеги - бул анын берешен ак сүтү

жана камкордук тарбиясы” – деген

акылмандардын бири. Эненин сүйүүсү

канча жашка чыкса дагы баланы

бактылуу, өмүрлүү, таалайлуу

кылат. Өзүң келин ала турган

болуп калсаң да апаңдын алдында

өтө жаш болосуң, балалыгың жоголбой

келет.

Энеме арнап жалпы үйбүлөмдүн

атынан ырдесте арнап

кетем:

Энем - Маматова Малике касиеттүү Ысык-Көл облусунун кызы.

Ал 1923-жылы 23-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-

Өгүз районунун Сүттү-Булак айылында туулган, үй-бүлөдө жалгыз

кыз болуп, эки агасы, эки иниси болгон.

1949-жылы Кара-Кол (мурдагы Пржевальск) шаарындагы педагогикалык

техникумду аяктаган. Ошол эле жылы жолдомонун

негизинде азыркы Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылында

жайгашкан “Курулуш” толук эмес орто мектебине мугалимдик кесипке

жиберилет. 1953-жылга чейин башталгыч класстардын мугалими

болуп иштейт. 1953-54-жылдары Замборуч айылында

китепканачы болуп иштеген. 1955-жылы Коммунисттик партиянын

катарына кабыл алынган.

1958-1962-жылдары Замборуч сельсоветине катчы болуп эмгектенет.

20
Увадат САБУРОВА

1962-70-жылдары “Советтик Тажикстан” совхозунун №2 бөлүмүнүн

уй фермасына “учетчик” болуп дайындалат.

1970-74-жылдары ушул эле бөлүмдө жүгөрүчүлүк боюнча бригадир

болуп иштейт. 1974-жылдан кайра “Советтик Тажикстан”

совхозунун №2 уй фермасына учетчик болот. 1979-жылга чейин

ферма башчылыгын аркалайт. Лейлек райондук партконференцияларга

бир нече жолу делегат болгон. Замборуч жана Сумбула

айылдык кеңештерине депутат болуп шайланган.

Районубуздун билим берүү тармагында жана партиялык

коомдук иштерде көрсөткөн эбегейсиз зор эмгектери үчүн Ош

облустук обком партиясынын, Лейлек райондук компартиясынын

Ардак Грамотасы менен сыйланган.

“В. И. Лениндин туулгандыгынын 100 жылдык” медалы жана

“Эмгектин ардагери” төш белгисине ээ болгон.

Энем Маматова Маликенин турмушу жөнүндө бир аз сөз айтайын.

Энем 1952-жылы атам Ражапов Дыйканбайга турмушка чыгып,

1955-жылы Гүлхан деген кыздуу, 1958-жылы Шайимкул аттуу

уулдуу болушат.

Энем кең пейил, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, туура

сүйлөгөн инсан болгон. Атамды “байке” деп тергеген экен. Ошондуктан

Замборуч айылынын чоң-кичүүсү атамды “Байке” дешчү,

энемди бардык туугандардын балдары “мама” дешээр эле.

Энем туура сүйлөгөн, ичине сыр сактабаган, болгонун болгондой

айткан киши эле. Кайнилерине, кайынсиңдилерине туура багыт

берип, көмөк көрсөткөн.

Энем бешбармакты, жумурткадан куймакты абдан жакшы

даярдайт эле. Азыркыга чейин энемдикиндей даамдуу куймакты

жолуктура элекмин.

Акырында эмне демекчимин.

“Бейиш энелердин таманынын астында” дегендей, мен өмүр

бою энемдин мага жасаган камкордуктарын, эч ким бербеген

мээримин, ааламда жок айкөлдүгүн сагынып келем.

Алтын энем жөнүндө жаза берсем кагаз жетпесе керек деп

ойлоймун. Ошол себептен мени жарык дүйнөгө алып келген энекеме

эки дүйнөдө ыраазымын, Сиздин рухуңуз неберечөбөрөлөрүбүздү

дайыма колдоп жүрсүн.

Уулу Шайимкул Ражапов.

2016-ж. ноябрь.

21
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭНЕМДИН ОРДУ БАШКАЧА

Бул дүйнөдөгү эң

ыйык, орду толгус көөнөргүс

байлыгыбыз ар

дайым өз баласын ойлоп,

бүтүн өмүрүн аларга

арнап келген бул энелер.

Кандай гана адам

сагынбайт өзүнүн энекесин,

анткени жүрөгүндө

ар дайым тынч

бейкут түнөк табабыз,

энелерибиз гана биз

үчүн отко сууга кагылып

жүрөгүндө сактоочу

адам. Түн бир

оокумда оодарылса да

биздин амандыгыбызды

тилеп, жаратканга миң

мертебе жалынчу, бакыт

тилечү адамдар-ошол

энелерибиз. Үйүнө барсаң кызым келди деп чебелектеп,

үйрүлө түшүп, келгенден кеткичекти тапкан-тутканын

баарын алып чыгып, дасторконун кенен жаят. Эне жөнүндө

күнү-түнү жазсаң да сөз түгөнбөйт.

Менин энем Канназарова Зара 1949-жылы 5-октябрда

Тажик Республикасынын Исфара районуна караштуу Шороп

айылында туулган. Атам Канназаров Үсөнбай экөө 6

кыз, 1 уулду тарбиялап, эрезеге жеткиришкен.

2015-жылдын 27-мар күнү 67 жаш курагында шум ажал

энебизди арабыздан алып кетти. Бул ыр саптарын менин

сагынып жүргөн мээримдүү, орду толгус, балдары үчүн

кымбат болгон энеме арнайым.

22
Увадат САБУРОВА

ЭНЕМЕ

Алты кыз, бир уулду тарбиялап,

Жаратып жарык дүйнө берген энем.

Күндөй күлүп жакшылыктын суусун сепкен,

Ак периштем, ак үйүңдүн куту элең.

Гүл өстүрүп, энем калаа ордуна.

Менин энем асылзаттуу жан эле.

Кой ары тур деген сөздү укпапмын,

Менин энем кең пейилдүү жан эле.

Балдарына бүт өмүрүн арнап келген,

Жетөөбүздү эл катарга кошкон энем.

Алдына ажал келип турса дагы,

Бз үчүн жанды курман кылат элең.

Эне бул жанып турган бейиш багым,

Ичинде жүргүң келет чыкпай дайым.

Карегимдей асырайын өзүңдү.

Калтырбайм эч жерге, айткан сөзүңдү.

Ажы кылды аксакалдуу атакемди,

Аска тоодой эмгекти жасап кетти.

Меймандостуу, мээримдүү энемди азыр,

Эч качан, эч бир жерден таппайм эми.

Жараткан экинчи ирет өмүр берсе,

Бүт өмүрдү арнамакмын энеме мен.

Кор кылбай колдон келсе көзү барда.

Көтөрүп алпармакмын Меккеге мен.

Көргөнүмдө башкалардын энесин,

Энем түшөт эсиме кеменгерим.

Ичтен сызып, жалын болуп өрттөнсө да,

Өлгөн жоксуң, сени менен мен биргемин.

Кызы Канназарова Бурулай

БатМУ ГЭИнин окутуучусу

23
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КРЕМЧЕЕВА

Зубяйда Хасяновна

Мамины руки - тепло,

Мамины очи - светло.

Мамина сказка во все,

Мамины гены во мне.

Мамины мысли со мной,

Маме поклон мой земной.

Наша мама Кремчеева Зубяйда Хасяновна родилась

23 марта 1922 года в Ульяновской области, Барышском

районе, селе Калда. Росла и воспитывалось в многодетной

крестьянской семье.

С раннего возраста маме пришлось помогать своим родителям

по хозяйству, нянчить своих младших сестер и

братьев. С 15 лет пошла работать в колхоз на торфяной

участок торфяницей.

В 1940 году вышла замуж. 1941 году началась Великая

отечественная война. Муж ушел на фронт. Все заботь по

24
Увадат САБУРОВА

хозяйству, уход за престарелой больной матерью и родившемся

сыне легли на плечи мамы. Тяжелые были военные

и послевоенные годы, мама много трудилась: на торфяном

участке; копала траншеи, работала на прядильной фабрике

грузчицей транспортного отдела, подвозчицей пряжи, прядильщецей.

За добросовестную работу награждалась Почетными

грамотами, медалью Победы Великой отечественной

войны.

После Победы в Великой отечественной войны в 1945 году

мамин муж вернулся с войны и они прожили вместе 10 лет и у

них родился еще один сын. По семейным обстоятельствам в

1955 году мама разошлась со своим мужем.

В 1956 году с двумя сыновьями переехала жить в Среднею

Азию в город Сулюкту. Устроилась на работу в среднею школу

техничкой, работала, воспитывала своих сыновей.

В 1959 году вышла замуж за моего отца Кремчеева Халиуллу

Хасановича и удочерила четверых дочерей свои двое сыновей

да и мы потом родились с братом. И стали мы жить

большой дружной семьей мама с папой, нас 5 сестер и 3 брата.

Жили трудно, скромно, но всегда очень дружно. Наша мама

сумела создать из нас сплоченную дружную семью. Вспоминаю

нашу большую семью, радость общения с сестрами и

братьями, заботу старших о младших. Дружба взаимопомощь,

коллективизм в этом была наша сила это помогало нам в

трудные моменты. По этим заповедям мы живем до сих пор

помогаем друг другу.

Мама до выхода на пенсию работала санитаркой в больнице,

после работы прейдя домой делала домашнею работу, но

мы конечно помогали, она сама чесала, пряла шерсть, взяла

носки, варежки и пуховые платки и на научила, мы все сестра

умеем вязать. За рукоделием мама всегда пела, ее подружки

всегда вспоминают:”как она хорошо пела”.

Вечерами после ужина мама собирала нас вокруг себя и

рассказывала истории о своей жизни, о деревенской жиз-

25
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ни, и несмотря на то, что у мамы было начальное образование

2 класса, она умела читать и она нам читала народные

татарские сказки на татарском языке и эта книга у нас

сохранилась, потом много лет спустя я сама читала для

мамы эти сказки, когда она болела.

Мама было строгой, справедливой, терпеливой и очень

доброй и понимающей. И ее любили и уважали взрослые и

дети, да это так, она старалась всем делать добро. Она всегда

говорила “Что к людям надо с добром тогда и они к

тебе с добром, умей делиться есть кусок хлеба, раздели

пополам” у нее мы научились к уважительному отношению.

Благодаря маме мы все получили образование. Мама

сполна разделяла успехи, радости и горести нашей жизни.

Она была подругой, советчицей, наставницей. Но главное

чему она нас научила -это честности, справедливости, терпению,

и делать добро людям. 1 июня 2012 года мамы не

стало.

Я сердце образ материнский,

Как главное сокровище, храню.

Благодаря тебе, родная,

Безумный мир еще люблю.

Ты повела меня по доброму пути:

“Не укради, не бей, не обижайся,

Поставили цель - направлено иди,

и все что ты задумала, добивайся! ”

Не думала, что так быстро все проходит

Года бегут... как наша жизнь прямо

“Спасибо за любовь, что ты дала!

За жизнь мою тебе спасибо, МАМА! ”

Младшая дочь Раиля,

инспектор отдела кадров

Сулюктинского отдела культуры

26
Увадат САБУРОВА

МЕН АПАМДЫ АЯБАЙ САГЫНАМ

Эне болуу - аялдардын

энчисине туш болгон бакыт!

Менин апам да от

менен чоктун ортосунда

бул жарыкчылык менен

аркы дүйнөнүн ортосунда

туруп 7 уул, 3 кызды төрөгөн.

Эң чоң Гүлсана

эжемден кийин балдары

турбай 3 уул, бир кызды

жерге берип, агам Тажидинди

төрөгөндө абысыны

багып, салт боюнча

кайра абысынынан сатып алган экен. Азыр 3 уул, 2 кыз бир тууганбыз.

Апам бул ааламдан коштошуп кеткенден соң көзүмдүн алдында

баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрү кулагыма жаңырат.

“Артыңда үч тооң бар балам” деген сөздөрүнүн маанисин эми

түшүнүп отурам.

Студент убагымда каникулга келгенимде апам чоң үйгө конок

келгендей дасторкон жайып, түркүн тамагын жайнатчу. Мен Жалал-Абад

шаарында медициналык окуу жайын Лениндик стипендияга

окуп, артыкчылык диплом менен бүтүрүп, КГМИни

жолдомо менен бүтүп, Арсланбапка жумушка барганбыз. Ошондо

апам тамагын көтөрүнүп алып мени көрүп келчү.

Мени ушундай даражага жеткирген алтын апам. Мен КГМИни

бүтүргөнү эки ай калганда өзүм уул төрөдүм. Ошондо апам

бала менен кыйналасың деп, баламды карап мага жардамдашкан.

Мен катуу ооруп калганымда, анда телефон да жок, почтага

барып бир саат күтүп отуруп сүйлөшчүбүз. ”Кызым, ооруп калдыңбы,

түшүмө кирипсиң” деп сурачу. Ооруган жокмун десем

да, эненин жүрөгү сезет тура.

Апамдын бышырган тамак аштарын сагынам. Камыр тамактарды

сонун жасачу. Ашкабактан манты жасаган күндөрү “ким

үйүндө ашкабак тамак жасаса, ошол үйгө сүйкөнүп өтсө сооп

болот” деп айтчу. Апамды абдан сагынам...

Балыкты унга бөлөп бышырчу. Жазында жарма, кышында кан

болот деп бозо салып берчү.

27
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Эшигибиздин алды өтө чоң боло турган. Ошондуктан апам

“бетиңди жуубасаң да, эң биринчи эшиктин алдын тазалап шыпырып

чык” дечү. Апам кир жууганда машина тытып салат деп

кол менен жууганда, апамдын кыймылын карап турчумун.

Мен апамды аябай сагынам, аттиң!

Менин апам өтө жөнөкөй, жароокер эле. Анын мээнеткечтиги,

мээримдүүлүгү, сабырдуулугу баарыбызга дем берип, баарыбыздын

билим алуубузга жетиштирди. Өзүнүн жогорку билими болбосо

да, эске тутуусу курч, көбөйтүү, бөлүүнү бизден тез эсептей

салчу.

Балдарыбызга философ окумуштуулардай, педагогдордой кеңеш

берип, ооруп калса үзүлө түшүп дарыгерлердей карачу.

Апам ооруп калса агам Тажидин кулпунай жууп, апама өз колу

менен жедирчү. Агам Өзгөн районунда “Алтын дан” фирмасынын

директору. Агамдын колун кармап бир нече саат кыймылсыз

ой басып, аянычтуу отурганы али күнгө чейин эсимде.

Кудайдан тилеймин, менин агама да, апама да узун өмүр берсин.

Ылайым агамды эч нерседен кем кыла көрбөсүн.

Экинчи агам Оштун ооруканасында “отделение искусственной

почки и гравитационной хирургии” бөлүмүндө бир топ жылдан

бери бөлүм башчы болуп иштеп келет. Агам жөнүндө көптөгөн

адамдардан жакшы сөздөрдү укканымда аябай кубанып калам.

Иним Ахунов Жаныш ардагер, милицияда көп жыл кызмат

өтөгөн аябай боорукер жан. Ушундай баланы тарбиялаган менин

асыл апам. Мен апам менен сыймыктанам. Апамдын элеси бассам-турсам

дайыма көз алдымда. Мен апамды өтө сагынам.

АПАМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ ТҮБӨЛҮК ЖАШАЙТ!!!

Кызы: Самадова Гульнара -

врач -гинеколог

28
Увадат САБУРОВА

НИЯЗОВА

Кыйматай Турдубаевна

Ниязова Кыйматай

1941-жылы октябрь айында

Лейлек районундагы

Көк-Таш айылында туулган.

1947-жылы айылдагы 7

жылдык мектепти бүтүргөн.

Ошол жылы “Кызыл-

Жылдыз” колхозунда орок

оруу, картошка чабуу ж. б.

иштерде иштеген. Жолдошу

Ниязов Алимкул менен

баш кошот. Жолдошу чабан,

жылкычы болуп иштеп

келген. Алар үч уул, 4

кызды тарбиялап өстүрүшүп, кадырлуу үй-бүлөлөрдөн болушту.

Жылкычы болуп иштеп жүргөндө кымыздын планын

ашыгы менен аткарышты. Кымыз ичүү үчүн райондон,

башка жактардан: Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан

ар түрдүү кызматчылар, элдер жумалап тынбай барыша

турган. Апам баарына жетише алчу. Үйгө келген конокторду

жакшы күтүп алышчу.

Энем колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Улуттук этнографиялык

буюм-тайымдардын түрдүү-түрдүү үлгүсүндөгү

курактарды, саймаларды сайып, токуучулук өнөрлөрүн

көркүнө чыгарып аткара турган. Аларга курак, туш кийиз,

сайма туш кийиз, жүл килем, араби килемдерин жыл сайын

жасачу.

Энемдин өзгөчө касиети, килемдин эришин эле ийрип

бүтүрсө эле килем баштап калар эле. Анда мен “эне, киле-

29
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

миңиздин калган аркак-түрлөрү жетишсиз го” десем, күлүп

коюп, “башталса куда кааласа

бүтөт балам” деп, түнү

бою ийрип бүтүрө койчу.

Таарын дагы өздөрү ийирип,

өзү эле согуп алчу.

Кыздарынын ар бирине

таар согуп, килем жасап, кийиздерин

жасап, мурдатан

эле септи даярдап койгон

болчу. Ашыкча килемдерин

керек болгондо базарга барып

сатып, балдарына керектүү

буюмдарын, сайма сайчу

материал алып үйгө кайтар

эле.

Кышында балдарынын

баарына жүн жип ийирип,

жылуу байпактарды токуп кийгизер эле.

Энемдин дагы бир артыкча касиети-ооз комузда уккулуктуу.

мукамдуу күүлөрдү кагып берчү. Комуз кагып

жатканда бизге радиодон угулуп жаткандай сезилчү.

Энем уулдары Абдипатта, Абдисаттар, Абдимомунду,

кыздары Бактыгүл, Айгүлдөрдү окуу жайларга окутуп,

баарын үйлүү-жайлуу кылганга жетишти. Энем 30 неберелүү,

2 чебере көрүп, 2004-жылы 20-августта 63 пайгамбар

жашында дүйнө салып кете берди.

Эне!!! Жараткан жаткан жериңизди жайлуу кылсын, топурагыңыз

торко болсун. Алла таалам бейишинен орун

берген болсун. Балдарыңыздын дубалары сизге жетип турсун!

Уулуңуз Ниязов Абдипатта Алимкулович,

Сүлүктү шаардык тарых музейинин директору.

30
Увадат САБУРОВА

МЕНИН АСЫЛ ЭНЕМ!

Менин энем Рахманкулова

Зуура эки бир тууган

болгон. Эжеси Батма

ымыркай кезинде эле чарчап

калган экен. Иниси Сыдык

шахтёр болуп иштеген.

Энем 1923-жылы 8-

мартта туулган. Энем ооруса

да ооруканада жатчу

эмес, өзүнчө кайнак суу

ичип дарыланчу. 90 жашында

дүйнөдөн кайткан.

Сегиз баланы чоңойтуп

эрезеге жеткирип, үйлүүжайлуу

кылды.

Бирок тагдыр экен, Наспегүл

эжем 28, Гүлбүбү

эжем 45 жашында, Рахматилла агам 53 жашында ааламдан

өтүп кетишти.

Аттиң дүйнө, эжелерим жанга жагымдуу, тилдери ширин

болчу. Энем агам Рахматилланы өтө жакшы көрчү.

Энем балдарыбызды жакшы сөздөр менен эркелетчү.

Мени министр болот, жети кабат ак үйдө жашайт деп

айтчу. Агам шахтада иштеп пенсияга чыккан. Карындашым

бала бакчада иштеди. Орозгүл карындашым мектепте

мугалим. Пиримкул иним атамды тартып тынчыбаган эмгекчил

болду. Энем кайраттуу эле. Улуу Ата Мекендик согуш

мезгилде орок оруп, колхоздун көрүнүктүү айымы

болгон. Энемдин айтуусу боюнча “Кара-Булактан Сүлүктүгө

баканга эки чаканы, колума бир чаканы алып, Наспегүлдү

жетелеп, Исмат агамды артына таңып, Таш-Кыядан

келе брүүчүмүн” дечү. Энем чебер, туш кийиз, жастык, ки-

31
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

лемдерди жасаган. Ошондой эле эсепчи да болчу, бир заматта

баарын эсептеп чыгарып койчу.

Ошондуктанбы, Шахтабашкармалыгында башкы бухгалтер

болуп иштеп жүргөндө балансты, дебитор жана

кредитор карыздарды жатка жаттап билчү экен.

Энем сүткө жууруп патир жасачу, сары майга каттама,

сүрттөмө бышырып берчү. Ушул кезге чейин алардын

даамы оозуман кетпейт. Энем сүйлөшкөндү жакшы көрчү.

Кээде үйгө келсе менин келинчегиме гүлчөтай жасатчу.

Кабагым-кашым дебей сабырдуу, мээримдүү болчу.

Сегиз жашында орозо кармап, намаз окуп, бир күн да

каза кылбаптыр. Ооруп калса да эч качан орозосун таштаган

эмес. Кармабай коё туруңуз десек да укчу эмес.

Мына карагылачы, менин энем кандай күчтүү, кандай

кайраттуу аял болгон.

Мен, Асанов Мурзалы, 1959-жылы туулгам. 1988-жылы

Кыргыз мамлекеттик университетти бүтүргөм. Ошондон

баштап ар кандай иштерде иштеп келем. Үй-бүлөлүүмүн, 2

кыз, эки уулубуз бар.

Замирбегим кыздуу болгондо энем кайрылып келгендей

кубандым. Ошол неберемди эне жаным, эне кызым деп эркелетем.

Ушинтип жашоонун кызыгын көрүп, келинчегим

Зулпукар менен өмүр сүрүп келем.

Уулу Асанов Мурзалы Дадабаевич,

Коңурбай Раимбердиев жоопкерчилиги чектелген

коомунун директору

32
Увадат САБУРОВА

СЛОВО О МАМЕ

(Анарбекова Чинара Анарбековна)

Мама была большим жизнелюбом. Любила жизнь во всех её

проявлениях: в буднях и праздниках, удачах и неудачах, в победах

и поражениях. Мама была талантливым человеком. Талантливой

во всём: в работе, в быту... прекрасно шила, вышивала, рисовала,

белила, красила, клеила, растила цветы, готовила. А как

она пела! За что бы она ни бралась –всё получалось хорошо! Мама

обладала широким кругозором и глубоким интеллектом, много

читала и научила этому нас, своих детей. Из интеллигентной

семьи, отец-фронтовик, учитель, партийный, работник, мама заслуженный

врач-гинеколог КР, наша мама вобрала в себя все

лучшие качества передовой кыргызской интеллигенции. До мозга

костей... . А есть ли вообще в нашу товаро-рыночную эпоху

интеллигенты? В этом я глубоко сомневаюсь!

Мама любила людей, и люди тянулись к ней. Какой-то

удивительной теплотой и светом, как магнит, притягивала к

себе всех: и молодых, и взрослых, и детей. По праздникам её

мобильный и домашний телефоны “дымились” от звонков с

33
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

утра до глубокой ночи. Звонили отовсюду, со всех концов

Республики, из-за дальнего и ближнего зарубежья. Звонили,

чтобы поздравить ученики, коллеги, друзья, знакомые. Её

всегда искали, чтобы пригласить на самые лучшие события

жизни будь то свадьба, рождение ребенка, новоселье, юбилей

и выпускной. Последнее лето 2014 года мне особенно запомнилась

тем, что июнь месяц оказался очень насыщенным на

15 летние, 20 летние юбилеи выпускников. Маму приглашали,

ждали, встречали, провожали. Маму я не могла застать

дома... . Затем она с радостью рассказывала о своих выпускниках,

об их победах, успехах, показывала на фотографиях.

Было в маме какое-то величие, что-то ахматовское во

взгляде ли, в манерах... . Я, шутя, называла её Агатой Кристи

или миссис Марпл за острую наблюдательность и неизменную

элегантную шляпу и пальто. Мама могла дать адекватную

оценку, его уровню, обладала чувством юмора, чувством

тонкого вкуса, она никогда не кичилась своими регалиями:

депутат городского кеңеша, почётный житель города

Сүлюкта, делегат всевозможных форумов и конференций,

отличник образования Кыргызской Республики.

И, наконец, наша мама была женщиной необыкновенной,

редкой красоты, запоминающейся, была в ней порода... Мне

повезло больше всех. Я бок о бок проработала с мамочкой 8

лет в одной школе и была восхищена её высоким профессионализмом,

творческим отношением к делу, преданностью и

любовью к профессии, она была мои единомышленником,

которая никогда не позволяла себе вмешиваться в мои решения,

и была моей духовной и моральной поддержкой.

23-августа 2014-года трагически оборвалось жизнь Анарбековой

Чинары Анарбековны, учителя с большой буквы,

прекрасного человека, наставника, друга, нашей мамы. Светлая

память о ней навсегда останется в наших сердцах... .

Айчурек Исманова,

директор СШ Пригородное, г. Бишкек.

34
Увадат САБУРОВА

ЫЙЫК ТУТКАН ЭНЕМЕ

ЫРААЗЫМЫН!

Мен ардактап, ыйык туткан

энемдин алдында, өмүр бою, ак

сүтү, эмгеги үчүн ыраазымын!

Коомдо энемдин орду келечек

муундарды тарбиялоодо,

эмгеги опол тоодой өлчөмсүз

зор.

Бала үйдө туура тарбия алса,

келечекте элдин ишенимин актаган

чыгаан инсан болушуна

сөзсүз таасирин тийгизет.

Энемдин руханий дүйнөсүнүн

кеңдиги, акылмандуулугу

балага туура багыт берип тарбиялоодо

өтө зор мааниге ээ.

Эне мээрими күндүн нуру

менен тең. Анткени күндүн нуру

менен жан-жаныбарлар,

өсүмдүктөр жылуулук алса, эненин мээрими бала үчүн

ошондой жылуулук тартуулайт.

Менин энем Абдрахманова Анара Лейлек районуна караштуу

Булак-Башы айылында 1921-жылы кызматкердин

үй-бүлөсүндө туулган.

Энем бизди тарбиялаганда, эмгекке, чынчыл, ак ниеттүү

болууга тарбиялаган. Энем адабий китептерди көп окуган,

руханий дүйнөсү кең, жөнөкөй, адамгерчиликтүү байбиче

болгон. Айылда өзүнүн орду бар, кадыр-барктуу болгон.

Энемдин эң жакшы сапаттарынын бири, адамдын байлыгына

же бийлигине карата мамиле жасабай, баарына бирдей

боло алгандыгы болчу.

Биздин үй-бүлө көп балалуу үй-бүлөдөн, 8 бир тууган

болгонбуз.

Энемдин туура таалим-тарбиясынан бир туугандар ар

бири үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн.

35
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Кыргыз эл макалында “аганы карап ини өсөт, эжени карап

сиңди өсөт” дегендей, кудайга шүгүр. баарыбыздын

абройубуз жакшы.

Бул ата-эненин таасиринен деп айта алам.

Чоң агам Эралиев Закирбек тарых илимдеринин доктору,

профессор. Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген ишкер,

Билим берүүнүн мыктысы. Кыргыз Республикасынын

президентинин Ардак Грамотасынын ээси. Лейлек районунда

“Ардактуу атуул” наамына ээ болгон.

Агамдын мындай даражага жетүүсүнө энемдин зор салымы

бар.

Мен ушул мезгилге чейин энем Анар, атам Эралы аксакал

боюнча уккан жана билген карыялардан жакшы ойлорду

угуп келем. Алар менен мен өтө сыймыктанам. Атаэнемдин

керездерин аткарууга аракет кылып келем. Элдин

алдында ата-энеме сөз тийгизбей рахмат алып берүүгө

аракеттенем.

Ата-эненин алдында бала өмүр бою карыз, аны актоо

үчүн өмүр өткөнчө кызмат кылсам да энемдин бир тамчы

сүтүн актай албайм го.

ЭНЕ

Азыр энем маңдайымда турсачы,

Мен адашсам жол көрсөтүп бурсачы.

Башым ийип турар элем алдында,

Ал мезгилим келер болсо кайрылып.

Жан кыйналып ооруп турса да,

Бала десе онтогону басылып.

Так түйүлүп эки көзү ачылат.

Ойлонбостон таш тосууга ашыккан,

Эне кандай керемет!

Эне дүйнө термелтет!

Хан, падыша бектер да,

Эне алдында таазим кылып баш ийет.

Уулу Эралиев Ысмайыл Сартбаевич.

Өмүр бою сырдашып,

Ардактап сизди сыйлаймын!

36
Увадат САБУРОВА

ХИДИРОВА

Таажигүл Увайдуллаевна

Ар бир адам үчүн дүйнөдөгү

эң асыл зат - бул

ЭНЕ. Энелер бар бул жарык

дүйнөдө жашоо уланып,

жаш наристелердин

жагымдуу үнү угулуп, үйбүлө

коломтосу тутанып,

ак жууп таралган балдардын

күлкүсү жаңырып,

адам коомун шаңга бөлөп

турат. Ак бешикке салып,

ар түнү алты ойгонуп, алдейлеп

ак сүтүн берип торолтуп,

күн сымал жылуу

мээрин чачып, таалимтарбия

берип, ар бир бүлөнүн

аскар тоосу, чеп коргону болгон атанын тапканын сарамжалдуу

колдонуп, балдарды алпештеп багып чоңойткон

энелердин ак эмгеги жөнүндө сөз кылуу өзүнчө бир

чоң сыймыкка толгон бүтпөс дастан. Андыктан Сүлүктү

шаарынын ардактуу энелери жөнүндөгү китепти чыгаруу

демилгесин көтөргөн инсандарга терең ыраазычылыгымды

билдирип, асыл энем жөнүндө сыймыктануу менен мен да

маалымат берип кетким келди.

Менин асыл энем Хидирова Таажигүл 1947-жылы 15-

мартта Лейлек районунун Андарак айылында жумушчунун

үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Увайдулла менен энеси

Шаазада колхозчу болуп иштешип, алты кыз, эки уулду

өстүргөн экен.

37
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Энем айылдагы орто мектепте 8-класска чейин окуп, 9-

10-классты Бишкек шаарындагы №5 гимназияда окуп бүтүргөн.

1966-жылы атам Кыдыр Ажы тегин Жоробайдын уулу

Хабибуллага баш кошот. Атам Сүлүктү шаарындагы №5

орто мектебинин өзбек тили жана адабияты мугалими, директору,

шаардагы алдыңкы мугалимдерден болуп эмгектенип,

экөө бир уул, төрт кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришип,

шаардын эли суктанган адамгерчиликтүү, үлгүлүү

үй-бүлөлөрдөн болуп эсептелет.

Энем чыныгы аялзатына тиешелүү милдеттерди толугу

менен аткарып, үлгү болорлук энелерден десем жаңылышпайм.

Анткени энекем колунан көөрү төгүлгөн уз да, кыргыздын

ар түркүн улуттук тамактарын түрдөп жасаган ашпоз

эле. Кездемеге кеште саюу, тор, таар токуу жагынан

айылдагы аялдарды алдына ат салдырчу эмес. Өзгөчө токуган

таарлары менен көпчүлүккө таанылган. Өз өмүрүндө

35 таар, 7 килем токуп, бизге өнөрүн үйрөттү.

Энемдин дагы бир белгилей кетчү жагы кыргыз элинин

оозеки чыгармачылыгына өзгөчө кызыгып, элдик ырларды,

кошок, макал-лакаптарды, табышмактарды топтогон.

Өзү да жакшы ырдап, баталарды куюлуштура айткан таланты

бар. Айыл эли, туугандар арасында батачы эне катары

да таанылып, элгерчилик дайыма ак батасын алып келишкен.

Тилекке каршы, Алланын амири экен, асыл энем ардактуу

байбиче болуп, биздин төрүбүздө урмат-сыйды көрөр

кези келгенде, 2016-жылы 19-сентябрда 69 жаш курагында

көз жумду.

Ылайым, жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болуп,

жаны жаннатта болсун деп, сөзүмдүн аягын энеме арнап

чыгарган “Эне мээрими” аттуу ырым менен жыйынтыктаймын.

38
Увадат САБУРОВА

Эне деген сөздү уксам эркелеп,

Эстей берем эне мээрин элжиреп.

Мээр күчү аны колдон жетелеп,

Күйүп турган оттон өткөн жетелеп.

Ким чоңойтуп ушул жашка жеткирди,

Балама деп күч-кубатын кетирди.

Эртели-кеч балам адам болсо деп,

Жаратканга миң бир тилек келтирди.

Мунун баарын жасаган бир эне мээрими,

Күбө кылам өзүмдү буга энекем.

Ал менин айым, күнүм, суум дагы,

Ачып турган жашоодогу керегемди.

Эне, сенин мээримиңди неге теңейм,

Тоодой десем, тоодон да чексиз экен.

Көк асмандай көшүлүп турганыңдан,

Жалгыз ага, жагымдуу желге теңейм.

Хидирова Чолпонай Хабибуллаевна

Филология илимдеринин кандидаты, доцент

39
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Наша любимая и незаменимая мама -

КУЛДАШЕВА Тухта

Моя мама

Кулдашева

Тухта родилась

в селе Исфана

Ляйлякского

района 14 апреля

1929-года в

семье дехканина.

Образование

3 класса.

Подростком

в трудные военные годы работала в колхозе, а затем 2 года

работала помощником пекаря в Сулюктинском хлебзаводе.

В городе Сулюкта Кулдашева Тухта проживала с 1947-

года. В 1949-году познакомилась со своим будущим супругом

Кулдашевым Холмаматом и 1950-году вышла за него

замуж.

В этом же году он был призван в ряды Советской Армии

и Кулдашева Тухта три года ждала своего супруга с

Армии. Со своим супругом она прожила красивую и самую

счастливую жизнь – 54 года, в 2000 году они отмечали

50-ти летний юбилей совместной жизни - “Золотую

свадьбу”.

Самое большое достижение в жизни моей мама –она

счастливая мама, бабушка и любимая жена. Она оставила

после себя хороший, добрый след - родила и воспитала 10

детей, 2-х девочек, 8 мальчиков, является любимой бабушкой

34-х внуков и правнучек.

Кулдашева Тухта - мать героиня, она награждена медалями

материнства 3-х степеней, орденами “Материнская

Слава” 3-х степеней и орденом “Баатыр эне”

40
Увадат САБУРОВА

Все ее дети живут и

работают в городе

Сүлюкта, вносят свой

посильный вклад в социально-экономическое

развитие нашего шахтерского

города. Многие

из них имеют высшее и

среднетехническое образование,

среди них есть

инженеры, механики,

шахтеры, сварщики, парикмахеры,

предприниматели

и воспитатели.

Все ее искренне любили

и уважали и ласкова

обращались к ней

“Тухта апажон”, ”буважон”.

Ее очень любили и

уважали свекровь и

свекровка, за которыми она ухаживала всю свою сознательную

жизнь.

Когда мы женились, наша любимая мама всегда напутствовала

нас, давала советы и говорила нам сыновьям,

чтобы мы были счастливы и самое главное чтобы мы никогда

не повышали голос на своих жен, не грубили им и

относились к ним с уважением и любовью. И эти мамины

слова мы стараемся исполнять всю жизнь.

Кулдашева Тухта умерла 21-июня 2014-года на 86-ом

году жизни. Пусть земля Вам будет пухом., Светлая память

о Вас сохранится в наших сердцах.

Сын Кулдашев Абдубаанон Халматович,

заведующий отделом экономики и промышленности

мэрии г.Сулюкта..

41
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭНЕМ ДАЙЫМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ

Менин алтындай болгон

сүйүктүү энем Самадова Сажида

1927-жылы Лейлек районунун

Булак-Башы айылында

колхозчунун үйбүлөсүндө

туулган. Үйбүлөдө

төрт бир туугандын эң кенжеси

болгон. Энемдин балалык

чагы Улуу Ата Мекендик согуш

жылдарына туура келген.

Ошондуктан балалык мезгилинде

көп каатчылыкты башынан

өткөргөн. Таенем

энемди колхоздун жумуштарына

ээрчитип, өзү иштеген

жумуштардын баарына үйрөткөн.

Ал мезгилде балдарды

окуткан бир-эки мугалимдер да колхоздун жумушуна чыкканда,

энемди балдарды сен окутуп тур дешип таштап кетчү

экен. Энем өзү да окуп, балдарды да окутуп, 7-классты бүтүргөндө

биринчи класстарга мугалим кылып коюшат экен. Кышында

жөн отурбай өзү курактуу кыз-келиндерди чогултуп

алып, согушка кеткендерге чыттан көйнөк, трикеден шым тигишип

чоң жардам кылышкан экен. Кийинчерээк мугалимдикти

таштап, чеберчиликке өтүп кетет. 1947-жылы атам Самадов

Абдикаримге турмушка чыгат. Алар колхоздо койчу

болуп иштешет.

Жайында жайлоодо мал менен, кышында кыштоодо болуп,

мал менен бирге башка чеберчилик ишин да улантып, тыным

алган эмес. Ошентип жашап жүрүп эгиз кыздуу болот. Бирок

алар жокчулуктун айынан биринин артынан бири каза болот.

Кийин дагы Кайринса аттуу кыздуу болушат. Турмуштун кыйынчылыгын

абдан эле тартышкан экен. Ошол кезде жашаган

жеринде сууну алыстан ташып ичип, далай кыйналышкан тура.

42
Увадат САБУРОВА

Бир күнү суу алып келе жатса жолуна кайнатасы арканды

таштап койгон болот. Ал токтоп, арканды ары алып коюп,

анан сууну алып келген экен. Көрсө кайнатасы келинин сынаган

экен. Ошондо кайнатасы “атаңа рахмат” деп алкайт.

Энемдин дагы бир сөзү эстен кетпейт. Бир жолу үйдөгү

калган бир аз унун камыр кылып, нан жаап, суу алып келгенче

нанды торпок жеп койгон экен.

Атам 1958-жылы Сүлүктү шаарына келип шахтёр болуп

ишке орношот. Ал мезгилде 1 уул, 3 кыздуу болуп калган чагы.

Атам жумушка кетсе энем кол өнөрчүлүк менен алектенип,

турмуш-тиричиликти кыймылдаткан. Кийин 4 уул, 5 кыздуу

болушат.

Ал кез СССРдин убагы болгон эмеспи. Советтер Союзунун

Жогорку Советинин Президиумунун указы менен энеме1959-

жылы 4-августта 2-даражадагы “Медаль материнства” жана

1961-жылы 3-октябрда 1-даражадагы “Медаль материнства”

сыйлыктары менен сыйланат. Кийин 1965-жылы, 1968-

жылдары “Материнская слава” ордендери менен сыйланат.

Анан “Баатыр эне” деген наамды алган.

Согуш мезгилиндеги энемдин документтерин, иштеген

стаждарын издеп эч жерден таппай койдук. Ошондо атам өзүм

багып алам, кайгырба деп көңүлүн улаган. Атам ошентип

жүргөндө 1977-жылы оо дүйнөгө кете берди. Биз баарыбыз

ызы-чуу түшүп ыйласак, “ыйлабагыла, атаңар кыйналат” деп,

бизди соороткон болчу.

Согуш мезгилинде көп иштегендиктен 1995-жылы 7-

апрелде “Юбилейный Медаль” менен сыйланат. Энем 1996-

жылы ардактуу эс алууга чыккан. Анда энем 200 сом пенсия

алчу.

Энеме кээде “Жумуш жасап кыйналбай эле койсоңуз боло”

десем, “Жок, кантип тынч отура алам” деп болбойт болчу.

Энемдин сүйлөгөн сөзү, күлкүсү, элеси түбөлүк менин жүрөгүмдө

сакталып калган. Энем 2005-жылы 22-сентябрда 80

жашында дүйнө салды. Энем 9 уул-кыздын энеси, 26 небереси,

23 чебереси болду.

Энемдин жаткан жери жайлуу болсун. Менин алтын энекем!

43
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

НУКУРА ЭЛДИК КИШИ ЭЛЕ

Кайымова Айткүл Кайымовна

1952-жылы 20-

ноябрда Лейлек районундагы

Тогуз-Булак айылында

жумушчунун үй-бүлөсүндө

туулган. 1959-жылы Тогуз-

Булак орто мектебине кирип,

1960-жылы бүтүргөн.

Ошол эле жылы Фрунзе

шаарындагы кыз-келиндер

педагогикалык институтуна

келип кирген. Окууну 1973-

жылы ийгиликтүү аяктаган.

Математика бөлүмүн бүтүргөн.

Ошол эле жылы

Катраң айылындагы

“ВЛКСМ” орто мектебине мугалим болуп кирген. 1976-

жылы Сүлүктү шаарындагы Р. Жолбаев атындагы №4 орто

мектебине которулуп иштей баштаган. 1989-жылы мектептин

уюштуруучусу, 1991-жылы окуу бөлүмүнүн башчысы,

анан 1997-жылдын март айынан баштап ушул мектептин

директору болуп дайындалган. 2012-жылга чейин директордук

кызматты аркалап келди. Өзүнүн эмгек жолунда

көптөгөн окуучуларга татыктуу билим берип, эл кызматына

жараган педагог шакирттерди даярдаган.

Кош-Булак айыл өкмөтүнүн депутаты, 2008-2012-жылы

шаардык кеңештин депутаты катары элибизге эмгеги сиңип,

кадырлуу айымы болуп келди.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин

Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2000-

жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине жана

Ардак Грамотасына ээ болгон. 2012-жылдын 9-июлундагы

44
Увадат САБУРОВА

27-сессиясынын №157 токтому менен Сүлүктү шаарынын

“Ардактуу айымы” наамы ыйгарылган.

Ал эми бүлөсүндө жароокер жар, сүйүктүү эне болду.

63 жыл эне болуу менен үч уул, эки кызды тарбиялап, ар

бирин элдин керегине жараган кесиптин ээси болууга жетиштирген.

Ушундай бактылуу өмүр сүрүп, 2015-жылы 4-октябрда

мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Калкка кадыры өткөн, бүт өмүрүн, күч-кубатын, сергек

акылын элине арнап койгон Айткүл Кайымова күтүүсүздөн

ооруга чалдыгып, баарын кайгыга салып кете берди.

Биз, мектеп жамааты эжеке ооруп жатканда бир канча

жолу кабар алдык. Мектепти өз үйүндөй, окуучуларды

балдарындай эле көрчү.

Келечек муундарды тарбиялоого, билим берүүгө бүт

өмүрүн арнаган Айткүл Кайымованын жаркын элеси аны

билгендердин, окуучуларынын, шакирттеринин, шаар элинин

жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Айткүл Кайымованын жаткан жери жайлуу болсун.

Ырысов Н.А.

№4 мектептин директору

45
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КАЛЫКУЛОВА

Гүлбүбү Мукарамовна

Сүлүктү шаарындагы

Танги-Башы

айылында 1934-жылы

жарык дүйнөгө келген.

Гүлбүбүнүн атасы

эл башкарган сабаттуу

өктөм адам

эле. Мукарам аксакал

өз элинин акылманы,

чындыкты сүйгөн

жөнөкөй адамдарга

өзүнүн жардамын аябаган

боорукер инсан

болуп, азыркы биздин карыяларыбыз ушул мезгилге чейин

айтып жүрөт. Калыкулова Гүлбүбүнүн өмүрлүк жолдошу,

Калыков Тайирдин ортосунда 4 уул, 4 кызы бар. Гүлбүбү

энени мамлекетибиз баалап “Баатыр эне” деген ардактуу

наамды ыйгарган. Гүлбүбү эне шаарыбызда үлгүлүү үйбүлө,

анын жүрүш-турушу, мээнеткечтиги, чынчылдыгы,

кең пейилдиги, адамгерчилик сапаты менен уул-кыздарын

өзүндөй кылып тарбиялап өстүргөн.

Анын улуу уулу Кутпидин “Сүлүктү шахтакурулуш”

АТАКуда курулуш иштери боюнча директордун орун басары.

Кызы Алия мектепте мугалим, Бурмаш-СГЭИ БАТмуда

кадрлар бөлүмүнүн инспектору, КР Билим берүүнүн

мыктысы, Гүлдар шаардагы №1 поликлиникада үйбүлөлүк

дарыгер тобунда мээрман. Уулу Жамалидин

5 жылдан бери шаарыбыздын вице-мэри, 1 жыл мэрдин

милдетин аткаруучу, анан социалдык фондду жетектеп

келген. Зарипжан орто билимдүү энергетик. Таалайгүл дарыгер.

Салимжаны салык кызматкери болуп иштейт.

46
Увадат САБУРОВА

“Нускалуу кайнене, адептүү келин” сынагынын жеңүүчүсү.

2000-жылы “Байбиче” сынагынын жеңүүчүсү. Баатыр

энебиз жаш үй-бүлөлөргө өрнөк боло алат. Азыркы учурда

кичүү уулунун колунда бактылуу өмүр сүрүп келет. Баатыр

энебизде 35 небереси, 44 чебереси, эки кыбырасы бар.

Эне үч эле тамгадан турган касиеттүү сөз. Бул сөздүн

ичинде баары бар. Мээрим да, сезим да бар. Жүрөктөн чыккан

жылуу рухтун деми ушул сөздүн кучагында орун алган.

Мен энем менен сыймыктанам. Энем менен сырдашам.

Кайгы муңумду тең бөлүшкөн акылманым, турмушумдун

ар кандай кырдаалында жол көрсөткөн асылзатым.

Энемдин жан дүйнөсүнө төп келген уздугу, алдын ала сезе

билген сезимталдыгы, баарын көрө билген көрөгөчтүгү, адамдын

жан дүйнөсүн түшүнө билген дилгирлиги, балдарына дайыма

туура жол көрсөтө билгендиги мени таң калтырат.

Мен энемдей болгонго абдан эле тырышам. Бирок окшошо

албайм. Анткени жогорудагы асыл сапаттар менин

энеме гана тиешелүү кайталангыс сапаттар тура. Энем

үчүн бийик-бийик жети тоону ашып өтсөм да ак сүтүн актай

албайм го деп ойлойм.

Кызы Бурмаш,

БАТму СГЭИнин кадрлар бөлүмүнүн инспектору

47
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КАРАБАЕВА Бүүмалика

1938-жылы 16-февралда Сүлүктү шаарында кенчинин үйбүлөсүндө

туулган. А.С.Макаренко атындагы №3 орто мектебинде

7-класска чейин билим алган. Бой тарткан мезгилде

Май-Тоңбостун Орто-Сай жайлоосуна келин болуп түшкөн.

Жолдошу Карабаев Жумабай кенчи болуп иштеген. Кайнатасы

колунда бар киши болгондуктан, мал жандуунун баарын

булардын колуна өткөрүп берген.

Бүүмалика эже 7 кыз, 3 уулдун сүйүктүү энеси болгон.

Балдары чоңоюп калган учурда шаардык соода башкармалыгына

жумушка орношот. Балдарын да багып, карап, жумушун

да аткарып, баарына жетише алган. Беш баланын энеси болгондон

кийин медаль менен сыйланган. Андан кийин “Алты

баланын энеси” медалына ээ болгон. Балдары онго жеткенде

“Баатыр эне” деген орденге татыктуу болгон. Төшүнө орден

тагынып чоң кубанычка баткан.

Бүүмалика энени айылдаштары да, туугандары да бактылуу

эне деп сыйлап турушат. Балдарын чоңойтуп, баралына

жеткиргенче тыным албай иштеп, үйдө да тынчыбай таар согуп,

килем соктуруп тиричилигин кылган. Балдары баары би-

48
Увадат САБУРОВА

ри-бирине күйүмдүү-карамдуу болуп чоңойгон. Кандай гана

жагдай болбосун бир-бирин колдоп, жардамдашып келишет.

“Улуу муундарды сыйлап, кичүүлөрдү ызаттап, үлгү болуп,

өлкөбүзгө салым кошкондой аракет менен иштегиле, эмгек

жакшылыкка гана алып барат” деп көп айтып келет.

Жаштарга “ балдарым сыяктуу энеңерди өмүр бою башыңарга

көтөрүп жүргүлө” деген акыл сөздөрүн айтуудан жадабайт.

Күмүшай деген кызы энесинин жолун жолдоп баатыр эне.

Уулу Исманали алгач сүрөтчү, анан “ОсОО КЫЗЫЛ-БУЛАК”

жоопкерчилиги чектелген жабык шахтасын башкарып келет.

Көп адамдарды жумуш менен камсыз кылган. Муктаж адамдардан

өз жардамын аяган эмес. Мектептерден, ооруканалардан

да жардамын аябай демөөрчүлүк кылып келет. Кыздары

Гүлнара гимназия мектебинде, Айчолпон №7 орто мектебинде

мугалим болуп иштейт. Калган балдар кыздары да

ар кандай жумуштарда иштеп, жашоолорун улантып келет.

Келиндери кайната-кайненесин сыйлаган ыймандуу келиндер.

Аларды кыздарынан кем көрбөйт.

Бүүмалика 28 неберенин чоң эне, таенеси, 24 чебереси

бар эң бактылуу энелердин бири.

Уулу Исманали КАРАБАЕВ,

“ОсОО КЫЗЫЛ-БУЛАК” жоопкерчилиги чектелген

жабык шахтасын башчысы

49
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Кадыралиева Сайрагүл

1945-жылы туулган. Жогорку билимдүү.

Кадыралиева Сайрагүл 45

жылдык эмгек стажынын 32 жылын

мамлекеттик жогорку органдарда

жооптуу кызматтарда иштеген. 1970-

74-жылдары Лейлек райондук статистика

бөлүмүнүн башчысы, 1974-

82-жылдары райондук пландоо бөлүмүнүн

төрайымы, Лейлек райондук

компартиясынын уюштуруу бөлүмүнүн

башчысы болгон. 1082-90-

жылдары Лейлек райондук кеңешинин

төрагасынын орун басары жана

Сүлүктү шаардык аткаруу комитетинде

эмгектенген.

1990-1997-жылдары Сүлүктү шаарынын салык инспекциясынын

башчысы, башкы эсепчи кызматтарын аркалаган. 1997-2000-

жылдары Сүлүктү шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы,

ал эми 2000-жылдан баштап “Жети-А” кредиттик союзун түзүп,

бүгүнкү күндө башкы эсепчи болуп үзүрлүү иштеп келе жатат.

Сайрагүл Кадыралиеванын кызматтары бааланып, көптөгөн

мамлекеттик наамдарга, сыйлыктарга ээ болгон. Алардын ичинен

эң ардактуулары “Эмгектеги өзгөчөлүгү үчүн” медалы, Кыргыз

Республикасынын Ардак Грамотасы жана башка сыйлыктар.

Ал убагында жергиликтүү, шаардык, облустук кеңештердин депутаты

болуп шайланган.

Убагында шаардык аялдар кеңешинин төрайымы кызматында

иштеп, көптөгөн саамалыктарды жараткан. 1998-жылы мамлекеттик

“Аракет” программасын колдоо максатында Сүлүктү шаарында

“Боорукерлик” ашканасын ачып, 20 карыяны күнүнө бир

жолу бекер берилүүчү ысык тамак менен камсыз кылып турган.

Сайрагүл Кыдыралиева “Жети-А” кредиттик союзун ачууга чоң

салымын кошкон. 1999-жылы 10 кишиден турган 30000 сомдук

капитал менен баштап, азыркы күндө 504 киши пайдаланып,

6600, 0 миллион сомдук капитал менен иштеп жатат.

Үй-бүлөлүү. Жолдошу Алларахман Адилов менен 5 баланы

тарбиялап өстүргөн. 15 неберенин мээримдүү энеси.

50
Увадат САБУРОВА

Активист КҮМҮШАЙ ЭНЕ

Базарбаева Күмүшай 1941-

жылы Лейлек районундагы Тогуз-Булак

айылында колхозчунун

үй-бүлөсүндө туулган.

Тогуз-Булак айылындагы орто

мектепти бүтүрүп, Сүлүктү шаарына

1960-жылы келин болуп

келген. Жолдошу Базарбаев Кудайберди

экөө 6 баланы тарбиялап

өстүрүштү. Азыркы учурда

уулдары үй-бүлөлөрүн багып,

балдар-кыздарына татыктуу тарбия

беришип келүүдө. Кызы Базарбаева

Бүбүнукура шаардагы Токтогул атындагы №2

техникалык лицейдин директору болуп иштөөдө.

Шаардык кеңештин эки жолку депутаты. Дагы бир кызы

Базарбаева Айчүрөк көп жылдан бери жеке ишкерлик менен

алектенип, элге кызмат кылып келет.

Базарбаева Күмүшай эне 4 кыз, эки уулдун энеси. 24 небереси

жана 14 чебереси бар бактылуу чоң эне, таене.

Жалаң балдар, кыздарын, небере-чеберелерин тарбиялабастан

коомдук иштерге да активдүү катышып келген.

1996-2008-жылга чейин Кенжебаев көчөсүнүн төрайымы

болуп, жаштарга үлгү болуп келди. Жаш үй-бүлөлөргө өз

насаатын айтып, акылын үйрөтүп, туура жолго салып келет.

Көчөнүн тургундары менен түрдүү иш чараларды өткөрүп,

ыр кесе”, ”Нооруз” майрамдарына активдүү катыштырып

келди. Ошондуктан үзүрлүү эмгеги бааланып Баткен

облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак Грамотасы”

менен сыйланган. Азыр неберелери менен бактылуу

өмүр сүрүп келет. Карыса да дагы эле шаардык ар кандай

маарекелерден калбай катышып жүрөт.

51
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

“ЧЫНДЫККА ЖАКЫН,

КАЛПТАН АЛЫС БОЛОЛУ”

Исабаева Асал Байтороевна

1947-жылы жумушчунун үйбүлөсүндө

туулган. 1955-65-

жылдары №3 Макаренко атындагы

мектептен билим алган. Мектепти

ийгиликтүү аяктагандан кийин

Фрунзедеги В. Маяковский атындагы

кыз-келиндер институтуна тапшырып,

1969-жылы бүтүргөн.

Ошол эле жылы эмгек жолун Сүлүктү

шаарындагы №4 мектептен

иштеп баштаган.

Билим башаты башталгыч

класс демекчи, өзү баш болуп, ар

бир сабагын окуучулары терең өздөштүргөндөй

көрсөтмөлүүлүк менен

өткөн. Окуучуларга жумшак

мамиле жасап, ар бири менен кылдат иштей алган.

1975-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1978-жылы мектептин партиялык уюмун башкарып, коомдук

иштерге активдүү катышып келген.

Айылдык кеңешке депутат болуп шайланат. Элине көп жардам

көрсөтө алган. Андан кийин И. Раззаков атындагы №7 орто

мектебине которулат. Ийгиликтүү иштери үчүн жогорку категориядагы

мугалим боло алды. “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисине

татыктуу болгон. Асал эже мектепте 34 жыл үзүрлүү эмгектенип,

1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Өмүр жолдошу Мамытов Жарашбай И. Раззаков айылы Коросондо

туулган. Сүлүктү көмүр башкармалыгында шахтёр, бригадир

болуп иштеген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда, мечиттин

имамы.

Эже өмүр жолдошу менен бирге жашап, 5 уул, бир кыздын

ата-энеси болушту. Балдары орто билимдүү, жогорку билимдүү,

үй-жайлуу. Кызы медайым. Бишкек шаарында жашайт. Асал эже

айыл ичинде кадыр барктуу энелердин катарында.

52
Увадат САБУРОВА

ЫР ЖАНДУУ ЭНЕ –

Соно НАСИРДИНОВА

Мен, Насирдинова Соно,

1947-жылы 17-мартта Лейлек

районуна караштуу Кара-Булак

айылында жумушчунун үйбүлөсүндө

туулгамын. 1953-

жылы “Калинин” атындагы жети

жылдык мектепке кирип, анан

Исфанадан Токтогул атындагы

орто мектебинен 10-классты бүтүп

чыктым.

1964-жылы Тогуз-Булак 8

жылдык орто мектебинде башталгыч

класс мугалими болуп

иштедим. 1968-жылы ошол

айылдагы айылдык китепканасында иштей баштадым.

Турмуш шартыма байланыштуу 1974 жылдан баштап Сүлүктү

шаардык №2 китепканасынын башчысы, анан №4,

№7 орто мектептеринде китепканачы болуп иштеп келдим.

1982-жылдан 2011-жылга чейинки аралыкта Сүлүктүдөгү

көмөкчү мектеп-интернатында кассир, завхоз, китепканачы,

тарбиячы болуп иштедим.

Билимим атайын орто. Токмок шаарынан “РКПУ” орто

окуу жайын бүтүргөм. 1968-74-жылдар аралыгында баалуу

сыйлыктар, маданият министринин дипломдору, грамоталары

менен сыйлангам.

КРнын 50 жылдыгына карата “Победитель соцсоревнования”

медалы менен сыйландым. 1987-жылы “Ветеран

труда” медалын алдым. 1968-74-жылдар аралыгында

айылдык кеңешке депутат болгом. Азыркы мезгилде ардактуу

эс алуудамын.

53
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КАРАЗАКОВА СУКСУР

Каразакова Суксур 1949-

жылы Лейлек районуна караштуу

Кара-Булак айылында мугалимдин

үй-бүлөсүндө туулган.

1957-жылдан 1965-жылга

чейин Кара-Булак орто мектебинде

окуган. 8-классты аяктагандан

кийин 1965-жылы Жалал-Абад

шаарындагы А. С.

Пушкин атындагы педагогикалык

окуу жайына келип кирген.

Окууну 1969-жылы аяктап,

ошол эле жылы Сүлүктү шаарына келет. Шаардагы Р.

Жолбаев атындагы №4 орто мектебинде башталгыч класс

мугалими болуп иштей баштаган.

Өз кесибин сүйүп, көп жылдар үзүрлүү эмгектенип көптөгөн

ийгиликтерге жетише алган.

Көп жылдык эмгегин өкмөт баалап бир канча жолу акчалай

сыйлыктар жана мактоо баракчалары менен сыйлаган.

2001-жылдан бери ардактуу эс алууда.

Үй-бүлөлүү, 7 уул-кыздарды жолдошу менен татыктуу

тарбиялап, кээ бирин жогорку билим алганга жетиштире

алды.

54
Увадат САБУРОВА

АКИМОВА ПАЗИЛЕТХАН

Мен, Акимова Пазилетхан

1949-жылы 5-июнда Совет районундагы

Карл Маркс колхозунда

дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгамын.

1967-жылы “Кызыл жол” орто

мектебин аяктагам.

1968-1969-жылдары Камволдук

нооту комбинатында прядильщица

болуп иштегемин.

1973-жылы №4 мектепте эмгек

сабагынан мугалим болуп иштедим.

1976-жылы шаардын Горторгунда

иштеп калгам. 2001-жылы

пенсияга чыккамын. Иштеп гана

жөн болбостон, эл катары мен да

кол өнөрчүлүк менен аял заты катары

алектенгем.

Ошентип жүрүп балдарымдын окуусуна, бутуна туруп кетүүсүнө

өз салымымды коштум деп айта алам. Азыр кудайга шүгүр

үйүм куру эмес, неберелерим менен бактылуу өмүр сүрүп келем.

Эл арасында өзүмө жараша кадыр-баркым бар.

1969-жылы Бишкек шаарында Акимов Курбанали Акимович

менен таанышып, ошол эле жылы турмушка чыктым. Жолдошум

Курбанали кыргыз тили жана адабияты мугалими болчу. Экөөбүз

ынтымактуу өмүр сүрүп беш балалуу болдук. Эки уул, үч кызым

бар. Чоң уулум Акимов Алмазбек жеке ишкер болуп иштейт.

Андан кийинки уулум Акимов Акылбек Сүлүктү шаарынын

ОсОО “Таш Короо” шахтасында инженер болуп иштеп жаткан

чагы. Ал эми кызым Акимова Гүлназ химия-технология университетин

бүтүрүп, азыркы учурда жеке ишкер. Экинчи кызым Алтынай

жана Каныкей Бишкек шаарында тигүү цехин ачышып, жеке

ишкер болушкан. Балдарыма ар дайым аял затына катуу сүйлөбөй

урматтап мамиле кылгыла деп айтам. Анткени алар силердин

балдарыңардын энеси деймин. Энени өмүр бою сыйласаңар

эч качан жашоодо кем болбойсуңар деп айтып келем.

Ылайым эле баардык энелер балдарынын сый-урматынын

үстүндө болсо деп тилеймин. Эч бир эне ыйлабасын!

55
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КУРМАНКУЛОВА КАЛИПА

Курманкулова Калипа эже

1948-жылы 10-майда Ноокен районундагы

Коминтерн колхозунда

колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Курманкул колхозчу,

энеси Мээрхан балдар бакчасында

иштеген. Жети бир туугандын

эң кенжеси.

1966-жылы мектепти аяктап,

1968-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык

орто окуу жайына

тапшырып, 1971-жылы бүтүрүп

чыгат. Ошол жылы Кыргызстандын

мектептерине көп эмгегин

сиңирген Жаныбеков Абдуманан

менен баш кошуп, Сүлүктү шаарына

көчүп келишет. Шаардагы И.

Раззаков атындагы №7 орто мектебинен мугалимдик эмгек жолун

баштаган.

Анын алдына койгон максаты-окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүп,

адептүүлүккө тарбиялоо. Ооба, ал максатына жетип, окуткан

окуучулары мекенине пайдасы тийип жатат.

1990-жылы “Жылдын мугалими” кароо сынагында 1-орунга

жетише алган. Көп жылдар бою Сүлүктү шаарынын мектептеринин

башталгыч класстарынын секциялык ишинин жетекчиси жана

1991-жылы улук мугалим, 1993-жылы “Эл агартуунун мыктысы”

төш белгисинин ээси болууга жетише алган.

Класс канасын талапка ылайык жасалгалоо боюнча, окуучуларынын

олимпиадаларда жеңиштерге жетишүүсү боюнча макталып

келген. Жаш мугалимдердин насаатчысы катары өз тажрыйбасын

жайылтып келген. 2001-жылдан бери ардактуу эс

алууда.

Жолдошу Абдуманан агай менен ынтымактуу өмүр сүрүп, 5

уул, 2 кызды чогуу тарбиялашты. Агай БатМУнун окутуучусу болгон.

Лейлек районунун тарыхын изилдөөчүсү. Балдарынан Кубатбек

ата-эне жолун жолдоп мугалим. Эки кызы да жогорку билимдүү,

турмушка чыгып өз кесиби боюнча иштешет.

56
Увадат САБУРОВА

ОСМОНОВА

Касиетхан Тургуновна

Осмонова Касиетхан

Тургуновна 1944-жылы

12-ноябрда Сүлүктү шаарынын

азыркы Бакыбек көчөсүндө

жумушчунун үйбүлөсүндө

туулган. Атасы

Исмайилов Тургун Тажик

Республикасынын Жан-

Кышлак айылында колхоздун

бригадири болуп эмгектенип,

ал эми энеси

Рустамова Суксур 12 баланы

төрөп өстүрүп, үй кызматындагы

аял болчу.

Касиетхан ажы

1951 жылдары Тажик Республикасынын Жан-Кышлак

мектебинде 2-классты аяктаган. Үй-бөлөдө көп бир тууган

болгондуктан турмуш шартка байланыштуу 10 жашынан

колхоздо жер тегиздеп, кетмен чаап, пахта терип эмгектенип,

алдына койгон планды ашыгы менен аткаргандыгы

үчүн алкыш-мактоолор ыйгарылып, акчалай сыйлыктар

менен сыйланган.

Касиетхан ажы эне 1960-жылдары 16 жашында

Осмонов Галбай аттуу жигитке турмушка чыгып, 5 уул, 5

кыздуу болушкан. Ошондуктан “Баатыр эне” деген наамга

татыктуу боло алды.

Жолдошу менен бардык балдарын жакшы тарбиялап,

“Үлгүлүү үй-бүлө” наамын да алышкан. Уул-кыздары жогорку

билимдүү болушуп, ар түрдүү кесиптин ээси болуп

эмгектенүүдө. Жолдошу шахтада 35 жыл эмгектенип, “Эм-

57
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

гектин ардагери” ж. б. ордендерди, жана “Газ-24” машинасы

менен сыйланган.

Касиетхан ажы эне

балдарын тарбиялоо менен

чектелип калбастан,

колунан көөрү төгүлгөн

чебер аталып, килем токутуп,

оймо-чийме, курак

курап, төшөк тигип, кол

өнөрчүлүк менен да тынымсыз

эмгектенип келген.

Азыркы күнгө чейин

неберелерине да өз өнөрүн

үйрөтүп келет. Ошондуктан

“Өрнөктүү айым”

наамын алып, Баткен облусунун

губернатору М.

Айбалаевдин белегин алган.

Кол өнөрчүлүк көргөзмөлөргө такай катышып, байгелүү

орундарга жетишкен.

Касиетхан ажы эне чыгармачылык жактан да улуттук

ооз комузун чертүү менен Баткен, Ош, Кадамжай шаарларында

өткөрүлгөн ар кандай сынактарга катышып, шаарыбыздын

намысын коргоп, алдыңкы орундарга жетишкен.

Ийгиликтери үчүн грамоталар менен бир канча жолу сыйланган.

Касиетхан ажы эне 2005-жылы Ислам дининин 5-парзы

болгон ажылык сапарына барып, мусулмандардын катарында

уулу Аллакул ажы менен зыярат кылып келишкен.

Бүгүнкү күндө ажы эне 33 неберенин 25 чеберенин чоң

энеси, таенеси болуп өз тарбиясын берүүдө.

Сизди урматтоо менен

уулдарыңыз жана кыздарыңыз

58
Увадат САБУРОВА

АЙТЕМИРОВА

Кымызай Сатыевна

Айтемирова Кымызай

эже 1941-жылы

Лейлек районунун Чимген

айылында туулган.

Чимгендин мектебинде

8-классты бүтүргөн.

Жаштайынан ата-энеге

жардам кылып, турмуштун

ысык-суугуна бышкан.

1960-жылы Сүлүктү

шаарынын тургуну Айтемиров

Мурзакулга

турмушка чыккан. 1961-

жылы жалгыз баласы

Камалды төрөгөн.

1966-жылы жашаган

жери 2-шахтанын жашоочулары

сыяктуу эле

жер көчкүсүнө байланыштуу

Сүлүктүнүн Кош-Булак айылына көчүп чыгышкан. Алар

жерден план алышып, өздөрү жаңы үй тургузушкан. Ошол үйдө

бүгүнкүгө чейин экөө жашап келе жатат. 30-жылга жакын Сүлүктү

мекеме ишканаларында эмгектенди.

Тигүү фабрикасында тигүүчү, ооруканада ар кандай жумуштарда

иштеп келген. Андан кийин водоканалда суучу болуп да

көп жыл иштеген.

Бош убактыларында килем, таар, кийиз ж. б. үй жабдыктарын

токуу менен алектенген.

Жолдошу экөө 2010-жылы ажылыкка барып, зыярат кылып

келишкен.

Бүгүнкү күндө 1 баланын, 8 неберенин, 12 чеберенин

бактылуу энеси, кээ бирине таене болуп өмүр сүрүүдө.

Жалгыз уулу Айтемиров Камал “Сүлүктү –Кара-Булак”

ЖЧК сынын директору.

59
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Айтбаева Уруниса

Мен 1951-жылы Лейлек районуна

караштуу Тогуз-Булак айылында

туулгам. 1967-жылы Тогуз-Булак

орто мектебин бүтүргөм. Алгачкы

эмгек жолумду ушул мектептен

баштагам. Андан соң 1969-жылы

Сүлүктү шаарына турмушка чыгып,

Р. Жолбаев атындагы №4 орто

мектебинде иштей баштагам.

Жолдошум Айтбаев Жолдош

убагында партиялык комитетте эмгектенген.

Ал эми 1986-жылдан

баштап шаардык ооруканада 12

жыл иштедим. 1998-жылы ардактуу

эс алууга чыктым.

1997-жылы элдин көрсөтүүсү

менен Токтогул көчөсүнө төрайым

болгом. Бул ишти 15 жыл аркаладым. 2013-жылга чейин элдин

кызматында болуп, көптөгөн иштерди аткарып төмөнкүдөй ийгиликтерге

жетиштим.

2001-жылы Кош-Булак айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган

“Ыр кесе” конкурсуна активдүү катышып, акчалай сыйлык алгам.

2002-жылында Тоо жылына карата жамааттар арасында активдүү

иш алып баргандыгым үчүн айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы

менен сыйландым. 2001-жылы “Кыргыз мурасы” аттуу республикалык

көргөзмө-жарменкеде улуттук буюмдарды алып чыкканда,

премьер-министр тарабынан диплом менен сыйландым.

2009-жылы өз ишимде жетишкендиктерди камсыз кылгандыгым

үчүн шаардын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйландым.

Ал эми 2010-жылы 8-март аялдардын күнүнө карата облуста

өткөрүлгөн майрамдык жыйында губернатордун акчалай сыйлыгына

ээ болдум.

Үй-бүлөмдө 5 балам бар. 3 кыз, эки уулду татыктуу тарбияладым.

Чоң кызым Айчүрөк мугалим, Шайыргүл жеке ишкер, Аидам

экономист, уулум Аскар жеке ишкер, Уланбек тренер.

Баары өз турмуштары менен. Учурда 7 неберелерим бар.

60
Увадат САБУРОВА

МЕНИН АСЫЛ ЭНЕМ

Эне жөнүндө көптөгөн жылуу

сөздөр айтылат, акындар ырларын,

жазуучулар чыгармаларын арнайт.

Бирок адамзат канчалаган сөзүн

айтса да, энени толугу менен жарытарлык

даңазалап айтып берүүгө

сөз жетпейт деп ойлойм.

Эне - Жараткандын адам баласына

берген мээримдүүлүктүн өлкөсү,

үй-бүлөнүн бакыты, бейпилдик,

шаттык жана жылуулук чачып

турган күнү, баласы үчүн күйүпбышкан

боорукер камкор жан.

Ар бир эне баласын бутуна тургузуп,

элге кошуп, жакшылыгын көрөйүн

деген ниет менен жашайт.

Бул жашоонун ар кандай оор шарттарында, жан кейиткен кыйын

жагдайларда да өз перзентине чаң жугузбай, бүт өмүрүн жыргалчылыгыбызга

арнаган энебиздин ак эмгеги зор.

Энем Мусурманова Марипат Боркошевна үч баланы тарбиялап,

алардын үч түрдүү тагдырларына күбө болуп, баардык кыйынчылыктарын

кошо тартышып, сүйүнүчүнө чогуу кубанып келатат.

Бүгүнкү күндө жети небере: Азиз, Ильяз, Сыймык, Мырзайымга

- чоң эне, Асел, Эрлан, Бегимайга – таене. Үч чеберелерине:

Нуржан, Адинай жана Айгеримге жүрөгүнөн нур чачкан эне.

Эки кызы Гүлмира, Айнуранын бүгүнкү күндөгү карьералык

өсүшүнө нуска, туура сөзүн айтып көмөктөшүп келет. Неберелерине

насаатын берет, алар апаларына айта албаган сөздөрү менен

бөлүшүп, көңүлү толгон жоопторду алышат.

Биздин энебиз ар бирибизди уга билген, ар бирибиздин мүнөзүбүзгө

жараша мамиле жасаган, туура жол көрсөткөн улуу жана

урматтуу инсан. Энебиз бир эле бизге эмес, кайын журтуна, төркүнүнө,

досторуна жана аяш уул, кыздарына өз сөзү менен, мүнөзү,

насааты менен жагып сый урматтын үстүндө жүрөт.

Жараткандан сурарыбыз энебизге чың ден соолук, узун өмүр,

бактылуу карылык берсин. Дайыма аман болуп, төрүбүздүн көркү

болуп жүрө бериңиз, ЭНЕКЕМ!!!

Мусурманова Айнура Садировна

61
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КУЛЬЧИЕВА

Айдоолот Адыловна

Мен 1950-жылы 10-

февралда колхозчунун үйбүлөсүндө

Лейлек районуна

караштуу Подхоз айылында

туулгамын. Ата-энем мен 7

жашка чыкканымда Сүлүктү

шаарына көчүп келишиптир.

1958-жылы биринчи класска

кирип, 1968-жылы 10-классты

аяктагамын. Мектепти бүткөндөн

кийин суу башкармалыгында

кассир болуп иштеп жүрүп,

жолдошум Акжолго турмушка

чыктым. Бирге жашап

беш балалуу болдук. Балдарым

баары билимдүү.

1969-жылы фабрикада тигүүчү

болуп иштедим. 1971-

жылы №4 орто мектепке кол

эмгек мугалими болуп иштеп калдым.

1977-жылы Ош ПИге тапшырып, 1982-жылы бүттүм.

1978-жылы №3 мектепке орус тил сабагы боюнча мугалим

болдум. Манастын 1000 жылдыгына боз үй жасап, Ош облусу

боюнча биринчи орунга жетиштик. Кийин жаштарга бакыт каалап,

Сүлүктү шаардагы Бакыт үйүнө, анан Лейлек районунда иштеп

жүрүп ардактуу эс алууга чыктым.

Мен аялзаты катары килем жасап, кол өнөрчүлүк менен да

алектенип келдим. Менин токуган сувенир килемим азыр да №3

орто мектепте сакталып турат.

Мен түрдүү саймаларды, арка балыштарды, кичинекей ийне

сайгычтарды ж. б. керектүү буюмдарды жасадым. Лейлек райондук

балдар чыгармачылык борборунда да менин буюмдарым

бар.

Эне катары өзүмдүн балдарыма да түрдүү сайма, курактарды

жасап, белек кылып бергемин.

62
Увадат САБУРОВА

НАРКТУУ ЭНЕ

Жаңылай эне өз өмүрүн Алибеков

Абдыкаар ата менен 56 жыл жашап

өткөргөн. Каар ага шаардык банкта

айдоочу болуп, өзүнүн мээнеткечтиги

менен айырмаланган. Ашыкча сүйлөбөгөн

, бирөөнүн ишине киришпеген,

эч кимге үнүн көтөрүп сүйлөбөгөн

киши болгон.

Жаңылай эне Макаевка аймагындагы

жатаканада 30 жыл чарба кызматчысы

болуп иштеген. Азыркы

учурда ардактуу эс алууда.

Бул эненин дагы бир аялдык артыкчылыгы

кайнатасынан калган бир

уул, бир кызды өз балдарындай карап

багып чоңойткон. Өзүнүн улуу кызы Алимбекова Санталат

шаардык автобекетте эсепчи болуп иштейт. Уулу Алимбеков Ботобек

дин кызматкери, Ибрагимов көчөсүнүн имамы. Алимбеков

Каттабек Бишкек шаарында жеке ишкер. Кызы Санавар да жеке

ишкер. Жогорку билимдүү Талантбек Россиянын Сургут шаарында

жашап иштейт.

Азыр 20 небере, 15 чеберенин бактылуу чоң энеси, таенеси.

Бул эненин дагы бир өзгөчөлүгү, үч ага-иниден тараган Алимбековдорду

бириктирип, баарына калыс эне болгондугунда. Бул

сапаты менен башкаларга үлгү.

Башка абысындар, айыл ичиндеги маарекелердин башында,

куда-кудагыйлардын кашында ар дайым акылдуу, нускалуу кеби

менен кадыр барктуу. Анын балдарынын тилеги:

Ушул калыбында.

Бар болуп кашыбызда.

Төрдөн төмөн түшпөй,

Баш болуп баарыбызга.

Бактылуу болуп,

Бизди да бактылуу кылып.

Бар болуңуз энеке жаныбызда.

кызы Садыкова Санталат

Сүлүктү шаарынын

ОсОО Сүлүктү автобекетинин эсепчиси, эмгек ардагери,

63
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАДЫМ

Лейлек районунун Кара-

Булак айылында 1947-

жылдын 15-мартында колхозчунун

үй-бүлөсүндө

туулгам. Атам Хаджибеков

Халбай өз учурунун билимдүү

адамы болгон. Тажикстандын

Ходжент шаарындагы

медреседен билим

алган. Ат адамдын канаты

демекчи, атты аздектеп карап,

”Көк бөрү” оюнунда

алдыңкы маараларды колдон

чыгарбай келген. Энем

Маатмурат кызы Канымай

үй кызматында болуп,

атамдын жана бир туугандарымдын

камын көргөн. 3

кыз, 3 уулду тарбиялаган.

Агаларым Молодомамражап, Сулайманкул, Нийматилла,

эжелерим Бүүзейнеп, Бүүсара, эң кенжеси мен. Улуу

агам атамдын жолун жолдоп араб тилин түшүнгөн жана

куран китептерди окуй алган, араб тилин түшүнгөн киши

болду. Атамды бардык эл сыйлап, урматтап турчу. Сулайманкул

агам колхоздо кой фермасында эсепчи, кичүү агам

айыл чарбасы боюнча жогорку билимдүү агроном болгон.

Эжелерим үй бекелери.

Өзүм Кара-Булактагы №2 Калинин атындагы 7 жылдык

мектептен жетинчи классты бүтүп, андан ары Исфанадагы

Токтогул атындагы мектептен окудум. 1962-жылы Жала-

Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайына кирип,

1966-жылы бүтүрүп чыктым. Эмгек жолумду Исфанадагы

балдар бакчасына тарбиячы болуп иштеп баштагам. 1967-

жылы шартка байланыштуу Сүлүктү шаарына келип №4

орто мектебинде иштеп калдым. 1976-жылы ишти окуу

менен айкалыштырып, жогорку билим алуу үчүн Фрунзе-

64
Увадат САБУРОВА

деги кыз-келиндер пединститутуна тапшырдым. Окууну

1989-жылы аяктадым. “Усулчу жана башталгыч класс мугалими”

деген адистигине ээ болдум.

Катары менен 3-4 жыл бир класстын окуучулары менен

иштөө мугалим үчүн түйшүктүү эмгекти талап кылат тура.

Алар адеп мектеп босогосун аттап, класстарына кирип

окуган күндөн баштап, ар биринин өзгөчө жактарын билип,

кимисине кандай мамиле жасоо керектиги, ар бир баланын

психологиялык мүнөздөрүн талдап үйрөнүп чыгуу

мугалим үчүн оңойго турбайт. Бул бир-эки жумалык иш

эмес. Алар үчүн узак убакыт талап кылынат.

Эгер мугалим баланы башталгыч класста мыкты окутса,

алар жогорку класста ой жүгүртүүсү, окуу зээндүүлүгү,

маселени чечмелөөсү ойдогудай максаттуу болот. 42 жылдык

эмгек жолумда терең жана бекем тарбия, билим берүүдө,

кара жанды карч уруп, элиме, окуучуларыма ак дилимден

кызмат кылдым деп ойлоймун.

Себеби мен окуткан класстын окуучулары ар дайым

мектептин алдыңкылары болуп, мектептин, шаардын, облустун

сыймыгы болуп, ар кайсы кесиптин ээлери болуп

иштөөдө.

Эмгегим бааланып “Ардак белгиси” ордени, “Эмгек Ветераны”

медалы, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси жана

СССРдин Ардак грамоталары менен сыйлангам. Партиянын

Сүлүктү шааркомунун ХХХ, ХХХ11, ХХХ111, Ош обкомунун

ХХ11 партконференцияларынын делегаты болгом.

Жогорудагы сыйлыктар үй-бүлөмдүн жардамы менен

жаралды десем болот. Жолдошум Мавлянов Тургунбай

экөөбүз 1 уул, 4 кыздуу болдук. Кызым Садыкова Саламат

Кара-Булактагы мектептин мугалими, “Эл агартуунун

мыктысы” наамына ээ. Улуу кызым Карамат жеке ишкер.

Уулум Акжол ШСУнун алдынкы айдоочусу. Ортончу кызым

Орозгүл тигүүчү. Исмайилова Саадагүл жана келиним

Толгонай колунан көөрү төгүлгөн чеберлер. Кайын журтум

да, жолдошум да, балдарым, кыздарым оорумду колдон,

жеңилимди жерден алып, мага колдоо көрсөтүп келишти.

Мен буларга өмүр бою ыраазымын.

65
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КУРМАНАЛИЕВА

Жүмагүл Курманалиевна

Курманалиева

Жүмагүл Курманалиевна

1947-жылы 6-

июнда Ысык-Көл облусуна

караштуу

Григорьевка айылында

жарык дүйнөгө

келген.

Ушул эле айылда

1954-жылы мектеп

жашына жеткенде

Пушкин атындагы

мектепке биринчи

класска кирип, 1965-

жылы бүтүргөн.

1965-жылы Фрунзедеги

Кыргыз Мамлекеттик

университетинин

филология факультетине

тапшырып,

1970-жылы орус тили жана адабияты адистигине ээ

болуп чыккан.

Жумагүл эже эмгек жолун туулуп өскөн айылында

“Темировка” орто мектебинде орус тилчи мугалим болуп

иштеп баштаган.

1977-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы

Токтогул атындагы мектепке орус тили мугалими болуп

ишке орношкон. 1987-жылы “Эл агартуунун мыктысы”

төш белгиси менен сыйланган. 1992--жылы Сүлүктү шаарынын

Ленин атындагы №1 орто мектебине директор болуп

дайындалып, 2006-жылга чейин иштеген.

66
Увадат САБУРОВА

2006-2009-жылдары шаардык билим берүү бөлүмүндө

усулкана башчысы болуп эмгектенген. 2009-2011-жылдан

баштап Токтогул №2 жалпы билим берүүчү техникалык

лицейде окуу бөлүмүнүн башчысы, орус тили жана адабият

мугалими болуп иштеп келе жатат.

Жумагүл Курманалиевна жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо

билим берүү тармагына кошкон салымы өтө чоң.

Ошондуктан Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн,

шаардык администрациясынын, Баткен облустук Билим

берүү бөлүмүнүн, облустук, министрликтин бир нече Ардак

Грамоталары менен сыйланат. Жумагүл эже шаардын

“Мыкты мугалими”, ”Жылдын мыкты насаатчысы” деген

наамдарга ээ болгон.

Азыркы учурда да мыкты педагог катары окуучулары

предметтик олимпиадаларда байгелүү орундарга жетишип

келүүдө. Жаш мугалимдерге насаатчы катары ар дайым

жардамын аябайт.

Үй-бүлөсү - уулу Курманалиев Кубаныч жеке ишкер,

келини Оксана кайнененин урпагынан болуп борбор шаарыбыздагы

№62 мектеп-гимназиясында окуу бөлүмүнүн

башчысы, физика мугалими болуп эмгектенип келүүдө.

Небереси Руслан МУКда студент.

67
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭЛГЕ ЭМГЕГИ МЕНЕН

ТААНЫЛГАН ЭЖЕЙИМ

Аруулукжан

дүйнөнүн туу чокусу,

Аруулап

жашап өткөн улуу тоосу.

Жашоодо

урмат-сыйга маани берип,

Жашаган

Улук элбиз шаң ордосу.

Бул сөздөр ар бир адамдын

жүрөгүндө ардакталып өмүр

бою сакталат. Анткени дүйнөгө

көзүңдү ачып, билимин,

тарбиясын берген мугалимиң.

Ал эми менин биринчи мугалимим

Зымырат Карыбекова эжейим көз алдымда эмгекчил,

мээнеткеч, бүт өмүрүн балдарга, билим берүүгө арнаган

чыныгы мугалим, мыкты педагог катары эмгектенип

келе жатат.

1965-жылы М. Маяковский атындагы КМ кыз-келиндер

институтун аяктап, эмгек жолундагы биринчи окуучулары

биз болобуз. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей 51 жыл

мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге мага окшогон

окуучуларын педагогдук кесипке багыттап, келечек муундарга

билим, тарбия берүүнүн далай сырларын үйрөтүп,

такшалткан устатым катары сыймыктанып келем.

Окуткан окуучулары республикабыздын аймактарында

ар түрдүү кесиптин ээси болуп эмгектенүүдө. Эжекем мугалим

болуу менен бирге коомдук иштердин да активдүү

катышуучусу. Сүлүктү шаарынын 130 жана 140-жылдык

маарекелерин өткөрүүдө ат көтөргүс эмгеги бар.

Мектеп аралык кароо-сынактарда жана шаардык, облустук,

республикалык олимпиадаларда анын окуучулары

68
Увадат САБУРОВА

кыргыз тили жана адабият сабагы боюнча удаа бир нече

жыл 1, 2 орундарга жетишкен.

Зымырат эжекемдин билим берүү тармагында сиңирген

өзгөчө эмгеги бааланып, “Эл агартуунун мыктысы”, “Мугалим-методист”

төш белгиси, “КРнын Президентине караштуу

мамлекеттик тил улуттук комиссиясынын Ардак

Грамотасына, “Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы”

орденине татыктуу болгон.

“Окуучуларды окутуу-тарбиялоодогу мугалимдердин

жаңычыл, чыгармачылык ишмердиги, мамлекеттүүлүктү

бекемдөөнүн зарыл шарты” аттуу темадагы 25- Республикалык

педагогикалык окууда сертификаттын ээси болгон.

Жолдошу Жапаркулов Нурулла экөө уулдары Таалайбек,

Жоомарт жана кызы Максатайга татыктуу тарбия берип,

жогорку билимдүү кылып, чынчылдыкка, ак эмгекке,

адилеттүүлүккө маани берип чоңойтушту.

Балдары турмуштан өз жолдорун таап, азыр неберелеринин

бактыга бөлөнүп жаткан чагы. Эжекем бүгүн да

Өкмөт тарабынан сыйга арзып, мугалимдер күнүндө болобу

же ар түрдүү майрамдарда куттуктоо алып, салтанаттуу

чогулуштарда төрдөн орун алып келет.

Эжекейим бир кезде өзү окуткан балдарын жолуктуруп,

айрыкча кенчилер шаары болгондуктан, кенчи балдары

менен баарлашканда жыргап эс алып калаарын айтып келет.

Көрсө мугалимдик бакыт ушул тура.

Мага окшогон сиздин колуңуздан билим алган ондогон,

жүздөгөн окуучуларыңыз кыргыз элинин келечеги үчүн

эмгектенип келишет. Ар бирибиз бизди окуткан мугалимдерибизге

ыраазычылык билдиребиз, анткени алар бүт

өмүрүн, билимин келечектеги муундарга арнап, ошону

өзүнүн жашоосунун маңызына айлантып келет.

Зымырат Карыбековна ак эмгеги менен элге таанылган

адам, өрнөктүү педагог, нускалуу эне жана башымды бийик

көтөрүп, үнүмдү бийик чыгарып айтаар биринчи мугалимим.

69
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭМГЕК КЫЛГАН ЭЛДЕ АЗИЗ

Биз сөз кыла турган инсан Кымызай Момун кызы Райимбердиева

Сүлүктү шаарынын Бөкөнбаев айылынын тургуну.

Анын атасы Момун Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.

Көрсөткөн эрдиги үчүн атасынын көкүрөгү толо орден.

Апасы Ажарбүбү колхоздо иштеп, ударник-колхозчу атыккан.

Кымызай Сүлүктү шаарынын Токтогул атындагы №2 орто

мектепти 1971-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мектепте өтө жакшы

окуп, олимпиадаларга катышып, республикага чейин барып келген.

Мектепти аяктагандан кийин окууга тапшырып, жолдошу Абдубахап

менен баш кошот. Ал учурда жолдошу политехникалык

институтунда окучу. Ошондуктан Кымызай Бишкек шаарынын

“ВЛКСМдын 40 жылдыгы” атындагы тигүү фабрикасына кирип

иштей баштаган. Ал кезде планды “5 жылдыкты 3 жылда аткаралы”

деген ураандын астында иштеше турган. Иштеп жүрүп өзүнүн

жөндөмдүүлүгү менен алдыңкы жумушчулардын катарын

толуктап турчу.

1978-жылы жолдошу окууну аяктагандан кийин Баткенге кайра

келишет. Ошол кезде алар үч уулдуу болуп калышкан эле. Ошол

жылдары Кымызай Жалал-Абаддагы соода техникумун бүтүрүп

алган болчу. Райподо сатуучу болуп иштеген.

70
Увадат САБУРОВА

1983-жылы Абдубахап Лейлек районуна ДСУга башчы болуп

шайланып, Кымызай ошол ишкананын эсепчиси болуп иштеп

калышат. 1985-жылы Кымызай Сүлүктү шаарынын “Айчүрөк”

соода борборунда жетекчилик кызматты аткара баштаган. Кыздуу

болуп кубанычка батышты. Алар бактылуу үй-бүлөлөрдөн

боло алышты. Тырышып иштөө менен “Астана” деген дүкөн да

ачып алышты. Бирок турмушта баары эле бирдей боло бербейт

экен.

2012-жылы Кымызай жолдошу Абдубахап менен түбөлүк коштошуп,

кайгы жутуп отуруп калды.

Бул кайгыга батып кетпей Кымызай кайраттанып, Сүлүктү

шаарындагы маданият бөлүмүндө башкы эсепчи болуп иштей

баштады.

Мына эки жылдан бери Кымызай ардактуу дем алууга чыгып,

өзүнүн “Астана” дүкөнүндө ишин улантып келүүдө.

Кымызай айылдаштарынын арасында кадыр-баркка ээ.

Ошондуктан “Эмгек кылган элде азиз” экен деп айтып калат.

Кымызай соода министрлигинин Ардак Грамоталары менен

сыйланган. Маданият ишмери катары да сыйлыктарга ээ болгон.

Бакыт бул - жаныңда жашаган кишилерге, элиңе, биртуугандарыңа,

досторуңа жардамдашканың, аздыр-көптүр пайдаң

тийгени болот тура. Кымызай дайыма өз сөзүндө бакытты

мен эмгектен таап келдим деп айтат.

Хабибулла Жоробай уулу Хидиров,

Билим берүүнүн мыктысы. Бөкөнбаев айылы.

71
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

МЕН АЗДЕКТЕГЕН СЫЙЛУУ АДАМ

Эл катары карапайым турмушта жашап турган мезгилде

улуу агам Таңирбай Ташкент шаарында политехникалык

институтунун курулуш факультетинде окуп жүргөн кезинде

Ысык-Көлдүк кыз Зайраш жеңем менен табышып, алар

үйлөнүп, бизге жеңе болуп келген. Биз калган бир туугандар

баарыбыз мектеп окуучулары элек. Мен анда 5-класста

окучумун. Зайраш жеңем келген күндөн тартып биздин

каада-салтыбыз боюнча үй-бүлөбүзгө бат эле көнүп, баш

оту менен аралашып, улуу-кичүүнү сыйлап, барктуу келин

аталды. Айылыбыз Ысык-Көлдүк барктуу келинди тарбиялуу

үй-бүлөнүн кызы экен дешип айтып жүрүшкөн.

Бир туугандардын эң кичүүсү Абдибакир кара тору болгондуктан

аны Акбала, Кымызай сиңдимди Эркекыз, мени

каттакыз деп тергеп, азыркы күнгө чейин айтып жүрөт.

Зайраш жеңем алысты көрө билген, сабырдуу, өтө чыдамкай

мүнөзгө ээ. Ташкент шаарынын текстил техникумун

72
Увадат САБУРОВА

бүтүрүп Тажик Республикасынын Канибадам шаарынан тамак-аш

өндүрүү техникумун аяктап, адегенде Сүлүктү шаарынын

май заводуна көп жыл иштеп жүрүп, андан кийин эт

комбинатында иштеди. Иштеген жериндеги жамааттар менен

кичи пейилдүүлүгү ага-эже, ини-сиңди катарында мамиледе

болуп бир топ сый - урматка ээ болгон.

Ата-энем карыган адамдар болгондуктан бизге агам менен

Зайраш жеңем эне-атадай камкордук көрсөтүшчү.

Баардык бир туугандарга билим алууга, үйлөп-жайлаганга

жардамдашышты.

Айрыкча мен студент кезимде, кийин окууну бүтүп иштеп

жүргөн убакта да “Сен эл көзүндөсүң” деп өзү кийбестен

мага сонун кийимдерди кийгизчү эле. Ар дайым туура

насаатын берип, көңүлүмдү көтөрүп, жашоого алга кадам

таштоого дем берип келген.

Зайраш жеңемдин чечкиндүүлүгү, бетке айткан чынчылдыгы,

туура жол көрсөткөндүгү мага чоң таасир берип,

мени да ошондой тарбияга, мүнөзгө үйрөттү.

Ар бир адамга туура сүйлөп, калыс мамиле кылуу,

ушак-айыңдан алыс болууну үйрөттү. Өзү алыска түшкөн

кыз катары баарыбызга мээримдүү, боорукер, кайрымдуу

болгондуктан бир туугандарыма жана Зайраш жеңеме терең

ыраазычылык билдирем жана таазим кылам. “Баланын

бутуна кирген тикен, эненин жүрөгүнө тиет” - деп бекеринен

айтылган эмес чыгар. Бардык энелер балдарынын, бир

туугандарынын жакшы болуусун тилеп, максат кылат

эмеспи. Мен эргүүнү, чыгармачылык менен иштөөнү, кайраттуулукту,

чечкиндүүлүктү, дем-күчтү Зайраш жеңемден

алгам. Жеңемдей адам болуу кыйын. Азыркы мезгилде

агам менен жеңем ажылык парзыны аткарып, биздин сыймыктуу

асылдарыбыз.

Ар дайым аман болуңуздар деп тилеймин.

Сиңдиңиз Сабурова У. Б.

73
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ХУДАЙНАЗАРОВА

Ойсара Байматовна

1956-жылы 4-сентябрда

Сүлүктү шаарында туулган.

1963-жылы Т. Рустамов

атындагы №5 орто мектебине

1-класска кирип, 1973-

жылы 10-классты бүтүргөн.

1977-жылы Ленинабад шаарындагы

Киров атындагы

Мамлекеттик университетин

бүтүрүп чыккан. Алгачкы

эмгек жолун Лейлек районундагы

Исфана шаарында

башталгыч класстарынын

мугалими болуп

баштаган. 1978-жылы Сүлүктү

шаарындагы Т Рустамов атындагы №5 орто мектебине

мугалим болуп которулган. 1985-1991-жылдары ушул

мектепте уюштуруучу болуп иштейт. 1985-жылы КПССке

мүчө боло алган. 1988-1991-жылдары ушул мектептин парпарторгу

болуп иштеген. 1992-жылдан баштап 2012-жылга

чейин ушул мектепте директор болуп иштеп келди.

Ойсара Байматовна бир нече жолу шаардык кеңештин

депутаты болуп шайланган. 1985-жылдан бери аялдар кеңешинин

мүчөсү. Мугалимдик түйшүктүү эмгегинин арты

менен Республикалык деңгээлдеги мугалимдердин 2-

съездине, Республикалык аялдар съездине, Кыргызстандын

эл аралык курултайына депутат катары катышкан. ”Манас-

1000 жыл” маарекесине да делегат болуп барып катышып

келген.

Анын аракетинин натыйжасында Т. Рустамов мектебинин

окуучулары жыл сайын шаардык, областык олимпиа-

74
Увадат САБУРОВА

даларда, кароо-сынактарда алдынкы орундарды ээлеп келүүдө.

Ал жетекчилик кылып турган убакта ашар жолу менен

мектепке спорт зал курдурган. Мектепте музей жана

компьютерлештирилген классты ачкан. Мугалимдик кесипти

сүйгөндүктөн кызыгуу жана изденүү менен бирге

сабак өтүүнүн ар түрдүү усулдарын үйрөтүп келет.

Азыркы учурда социал-педагог болуп иштеп келе жаткан

Ойсара Байматовнанын эмгеги жогору бааланып, 1997-

жылы “Агартуу отличниги” төш белгисин тагынган. Кыргыз

Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” наамы

менен катар билим берүү министрлигинин, шаардык, областык

администрациялардын Ардак Грамоталары менен

сыйланган. 1998-жылы “Кутман эне” наамына ээ болгон.

2000-жылы “Нускайым” клубуна мүчө болуп, шаардын

өнүгүүсүнө өз салымын кошо алган. 2004-жылы Бишкек

шаарында өткөн аялдардын съездине делегат болуп барып

келген.

Ойсара Байматовна мектепте окуучулардын окууга болгон

жана жашоого болгон кызыгууларын арттыруу үчүн

“Тоноочулукка каршы жаштар”, “Дүйнөнүн тынчтыгы

биздин колубузда” ж. б. ар түрдүү маарекелерди өткөрүп,

алар шаардык, райондук газеталарга жарыяланган.

Ойсара Байматовна мектеп алдына Т. Рустамовдун музейин

ачып, бюстун койдурган. Мектептин материалдык

базасын чыңдоого көп күч жумшай алды.

Көп жылдык жигердүү эмгеги үчүн 2013-жылы Баткен

облусунун губернаторунун Ардак Грамотасы, “Сүлүктү

шаарынын ардактуу атуулу” грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы “Исхак Раззаковдун жердештери” жана

“Кыргызстандын педагогдору” деген китепке аты-жөнү

жазылган.

Ойсара Байматовна үй-бүлөлүү, 4 перзенттин сүйүктүү

энеси. Балдарына татыктуу тарбия берип, баарын жогорку

билимдүү кылганга жетишкен.

75
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Энем МУХАМЕДОВА

Замира Ниязовна

Чыныгы почта үчүн күйгөн

инсан.

Энем 1957-жылы Ош облусуна

караштуу Кара-Суу

шаарында көп балалуу үйбүлөдө

туулган, чоң ата-чоң

энем 9 баланы чоңойткон.

Энем 1964-жылы

Ломоносов атындагы орто

мектепке барып, 1974-

жылы бүтүргөн. 1992-жылы

Бишкектеги политехникалык

техникумду бүтүрүп,

орто-техникалык билим

алып “Байланыш почтасы”

кесибине ээ болгон.

Замира Ниязовна өзүнүн

эмгек жолун 1972-жылы 15

жашында Сүлүктү шаарында

шаар-аралык телефон байланышынан баштаган.

1972-жылдын ноябрь айында почта байланышынын

оператору болуп, андан кийин бир нече жыл почта байланыш

бөлүмдөрүндө начальник кызматын аркалаган.

2000-жылдан баштап Сүлүктү шаардык филиалында

камсыздандыруу бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп келет.

Энем “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын

Сүлүктү шаардык филиалында 44 жыл иштеп, бүгүнкү

күндө да жаштарга өзүнүн билимин жана тажрыйбасын

берүүдө. Энем өз ишин сүйгөн, почта десе ичкен ашын

жерге койгон, иш десе үй-бүлөсүнөн жогору койгон инсан.

Бекеринен айтпаса керек, бирге иштеген кесиптештери

“Замира” десе - почтаны, почта десе - Замираны түшүнөбүз”

деп.

76
Увадат САБУРОВА

Энем 44 жылда жаштарды тарбиялады, Сүлүктү шаардык

почта бөлүмүнүн өнүгүшүнө өзүнүн чоң салымын

кошту. Элге кылган кызматы, пенсионерлерге болгон мамилеси

менен шаарда кадыр-баркы чоң.

Энемдин кылган кызматын эске алып 2000-жылы “Кыргыз

почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ардак Грамотасы,

2008-жылы КРнын Транспорт жана Коммуникация министрлигинин

Ардак Грамотасы, 2009-жылы “Кыргыз почтасы”

мамлекеттик ишканасынын профсоюз комитетинин

Ардак Грамотасы, 2014-жылы КРнын президентинин Ардак

Грамотасы менен сыйланган. Апам жөнүндө жазган

Мусаев Абдували аганын 4 куплет ырын сунуштаймын.

Замирахан, майрамыңыз кут болсун,

Үйүңүзгө бакыт, таалай кут консун.

Жадыраган жаз айында кааларым,

Каалоо-тилек, максатыңыз бүт болсун!!!

Жакшы иштеп, улам алга барыпсыз,

Почта ишине эң көп салым салыпсыз.

Эл алдында эмгегиңиз бааланып,

Президенттен “Грамота” алыпсыз.

Клиенттерди көңүл коюп угасыз,

Көңүлдөрүн көп нерсеге бурасыз.

Күлкү менен күн өткөрүп мынакей,

Карыбастан дале жапжаш турасыз.

Жамандыкты негизи Сиз билбейсиз,

Жылуу-жумшак барып калсак сүйлөйсүз.

Жарпты жазып тоюнда бир бийлейли,

Жалгыз уул деги качан үйлөйсүз?

Мен үчүн энем Мухамедова Замира өз ишин чын дилден

сүйгөн, бала үчүн өз өмүрүн багыштаган, дүйнөдөгү эң

ардактуу жана кымбаттуу асыл зат.

Баласы Курмакаев Риналь.

77
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

НАРМАНОВА МУКТАРАМ

Менин энем 1947-жылы

19-мартта Лейлек районуна

караштуу азыркы Самат

айылында туулган. Атасы

Камал 1939-жылы аскер

кызматын өтөөгө кетип, андан

ары 1941-жылы согушка

аттанган. 1946-жылы согуштан

жарадар болуп кайтып

келген. Ошол эле жылы каза

болгон. 1947-жылы энем төрөлөт.

1956-жылы Сүлүктү шаарындагы

Токтогул орто мектебинен

билим алып, 1966-

жылы бүтүргөн. Ошол эле

жылы мектептин физика мугалими

Нарманов Нооманга

турмушка чыгат.

Апам биринчи жолу эмгек жолун №4 орто мектепте

катчы болуп иштеп баштаган. 1969-70-жылдары Билим берүү

бөлүмүнүн кассири болгон. 1981-жылдан 1991-жылга

чейин тигүү фабрикасында мастер болуп, андан 2000-

жылга чейин начальник смена болуп иштеп келген. Ушул

эле жылдан пенсия курагына чейин шахтауправлениясында

ОМТС те зав.склад болгон. 2010-2015-жылдары Сүлүктү

шаарынын Бөкөнбаев айылына айыл башчы болду.

Энем көптөгөн сыйлыктардын ээси. Анын ичинен жеңил-өнөр

жай министрлигинин бир канча Ардак Грамоталары

менен сыйланган. Шахтабашкармалыгынын, Баткен

губернаторунун грамотасын алган. Эмгек ардагеринин 1-2-

даражадагы ордендери менен сыйланган.

Эки уул, бир кызды тарбиялады. Баары жогорку билимдүү.

Эне неберелеринин арасында бактылуу өмүр сүрүүдө.

Кызы Гульнара.

78
Увадат САБУРОВА

ӨМҮРҮН ИШКЕ АРНАГАН АЙЫМ

Бүгүнкү биздин каарманыбыз

да элдин нарктуулугун,

салттуулугун баалаган,

кадыресе урпактарга жакшы

ысымын калтырып, эмгектен

баар тапкан, эл ичинде

урмат-сыйга ээ болгон,

өмүрүн келечек урпактарга

арнаган, 47 жыл билим берүү

системасында иштеген

эжебиз Ирджигитова Каным

Ишенбаевна.

Каным Ишенбаевна

1947-жылы 4-ноябрда

Ысык-Көл облусунун Түп

районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. Орто мектепти

бүткөн соң 1964-жылы КГУнин химия факультетине

тапшырып, 1970-жылы аяктаган. Ошол жылы Сүлүктү

шаарындагы Токтогул атындагы №2 орто мектебинен эмгек

жолун баштаган. Азыркы күнгө чейин окуучуларга талыкпай

билим берип, жаш адистерге акыл-насаатын айтып

келет. Бул эжейдин өзгөчө бир эмгеги-кыргыз элинин

муундан-муунга, атадан балага, улуудан кичүүгө мурас

болуп келе жаткан улуттун көөнөргүс байлыгы кол өнөрчүлүктү

аркалап, жаштарга үйрөтүп келе жаткан кези.

Өзүнүн талыкпаган эмгегинин натыйжа-сында көптөгөн

сыйлыктарга, наамдарга жетишти. Мисалы: шаардык Билим

Берүү бөлүмүнүн, облустук мамлекеттик администрациясынын,

бир канча кайрымдуулук фондунун, КРнын Билим

берүү министрлигинин Ардак Грамоталары менен

сыйланган. Элге сиңирген эмгеги бааланып, 1993-жылы

“Эл агартуунун мыктысы” төш белгисин алган. 2001-жылы

Бишкек шаарында өткөн улуттук кийимдердин мыкты үл-

79
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

гүлөрүнө арналган аздек кароо сынагында “Алтын оймок”

наамын жеңип алган. 2010-жылы Сүлүктү шаарынын 140

жылдык маарекесинде президенттин баалуу алтын сааты

менен сыйланган.

Каным Ишенбековнанын үй-бүлөлүк, жарлык, энелик

сапаттарына да азыноолак токтоло кетели. Анткени бир

эле убакта үйдүн туткасы болуп, үй тиричилигине жетишип,

ошол эле убакта жаш муунга таалим тарбия берүү

анчалык оңой эмес. Жолдошу Ирджигитов Жамаледин жогорку

билимдүү. Кесиби тоо инженери. Көп жылдар бою

“Сүлүктү көмүр” башкармалыгында жооптуу кызматтарда

иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Жубайы экөөлөп 2 уул, 4

кызды өстүрүп, 12 неберенин сүйүктүү чоң энеси, таенеси.

Каным Ишенбаевна өзүнүн уул-кызына гана эмес, таалим

берген окуучуларына да көп билим берип, ал окуучулары

азыркы күндө мамлекетибиздин бардык тармактарында

үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

“Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, биздин каарманыбыз

да бир мектепте иштегендиктен мөмөсү да, саясы да

элге арналган даракка окшош десек болот. Замандын оошкыйыш

күндөрүндө да бир багытта иштеп, анча-мынча

адамдын колунан келе бербеген иштерди жаратты. Сөзүбүздүн

акырында эжеге узун өмүр, ден соолук, кажыбас

кайрат, эл ичинде кадырман болуп жүрө беришин каалайбыз.

Кесиптеши Ниязов Абдипатта Алимкулович

80
Увадат САБУРОВА

АБДИПАТТАЕВА АДАЛАТ

Эмгек ардагери Абдипаттаева

Адалат - 1951-жылы

Лейлек районунун Маргун

айылында кызматчынын үйбүлөсүндө

туулган.

Маргун айылындагы

“Коминтерн” орто мектебинен

окуп, 1968-жылы бүтүргөн.

Билими техникалык

орто, адистиги бухгалтер.

1971-72-жылдары Фрунзе

шаарындагы финансыэкономикалык

техникумунда

окуган.

Эмгек жолун Лейлек районунда

Жаңы-Жер сельсоветинин

“Коминтерн” колхозунда

эсепчи кызматынан баштаган.

1970-жылдан 1994-жылга чейин Сүлүктү шаарындагы

горторг ишканасында 24 жыл эсепчи, өнөр жай кампасынын

эсепчиси, ага ревизор, “Ак-Кеме” фирмасынын ага

эсепчиси болуп иштеп келди.

1994-жылдан 2012-жылга чейин “Сүлүктү шахтакурулуш”

АКунда 19 жыл башкы эсепчи болгон.

Сүлүктү шаарынын соода жана көмүр өндүрүү тармагында

эсепчи болуп иштеп, шаардын өнүгүүсүнө чоң салым

кошкон.

“Сүлүктү шахтакурулуш” башкармалыгы кийин акционердик

коомго айланган ири ишкана, шаарга киреше алып

келүүчү мекеме.

Бул эки чоң ишкана союз мезгилинде, андан кийин да

соода обьектилерин башкарып турган мамлекеттик ишкана

болгон.

81
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Абдипаттаева Адалат өз убагында бул жерде иштеп турган

убактарда көп ийгиликтерге жетишкен.

Ал өз ишин мыкты билген адис катары жаштарга дайыма

өз тажрыйбасын бөлүшүп, насааттарын айтып келген.

Өз ишине болгон жөндөмдүүлүгү, профессионалдуулугу

жана жергиликтүү жамаатка болгон мамилеси менен элдин

арасында урмат-сыйга ээ.

Көп жылдык күжүрмөн эмгеги үчүн 2001-жылы Кыргыз

Республикасынын өнөр-жай министрлигинин Ардак Грамотасы,

2008-жылы “Сүлүктү шахтакурулуш” АКунун

“40-жыл бейне медалы”, “Эмгек ардагери” медалы, жана

Ардак Грамотасы менен сыйланган. Буга чейин горторгдун

Ардак грамотасы, алкыш баракчалары жана көптөгөн акчалай

сыйлыктар менен сыйланган.

2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ардактуу эс

алууда.

Мүнөзү кичи-пейил, ак көңүл, чынчыл, жоопкерчиликтүү,

акыйкатты сүйгөн эмгекчил инсан.

3 уул, 1 кыздын сүйүктүү энеси, 10 неберенин чоң энеси.

Балдарынын улуусу муниципалдык кызматта, экинчиси

ички иштер органында иштейт. Кызы Бишкек шаарында

чоң ишканада энесине окшоп эсепчи болуп иштөөдө.

82
Увадат САБУРОВА

ЧЕБЕР МУГАЛИМ

Курбанбаева Бүүзийнат эже

1950-жылы 17-февралда Лейлек

районунун Гордой айылында

жумушчунун үйбүлөсүндө

туулган.

7 жашында мектепке биринчи

класска кирип, 1968-

жылы 10-классты бүтүргөн.

Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы

кыз-келиндер педагогикалык

институтуна кабыл

алынып, 1972-жылы аяктаган.

1972-жылы февраль айында

турмушка чыккан. Өмүрлүк

жолдошунун кесиби врач.

Бүүзийнат эже 3 уул, 2 кыздын

энеси. Перзенттеринин

баары жогорку окуу жайын бүтүрүшкөн.

Эмгек жолун 1972-жылы Сүлүктү шаарындагы, ошол

кездеги “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы №4 орто

мектебинен математика мугалими болуп иштеп баштаган.

Эже көп жылдар бою тынымсыз эмгектенип көптөгөн ийгиликтерге

жетише алды.

Мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп да иштеген.

Жакшы иштери бааланып, шаардык Билим берүү бөлүмүнүн,

шаардык комитеттин грамоталары, акчалай сыйлыктар

менен бир канча жолу сыйланган.

Жогорку категориядагы тажрыйбалуу мугалим. Эже

2000-жылдан бери ардактуу эс алууда. Эженин 15 небереси

бар. Аларга кол кабыш кылуу менен бирге кол өнөрчүлүк

менен да алектенип келет.

Эженин кичинекей көлөмдөгү сувенир килемдери

шаарда, областарда байгелүү орундарга жетишип жүрөт.

Бүүзийнат эженин улуу кызы өзүнүн жолун жолдоп математика

мугалими.

83
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

БАЛДАРГА

БАКТЫЛУУЛУК ТАРТУУЛАЙМЫН

Мен, Абдиева Зийнатай

Сафаровна, 30-

декабрь 1958-жылы

Тажик Республикасынын

Пролетар районунун

Янги-Кышлак

айылында төрөлгөм.

1966-жылы өзбек

мектебинде 1-7-класска

чейин окуп, 8-10-

классты Лейлек районунун

Коммунизм орто мектебинде 1976-жылы бүтүргөмүн.

1976-жылы Фрунзе шаарына келип, Кыргыз Мамлекеттик

институтуна кирип, 1983-жылы бүтүргөмүн. Анан Ош

облустук балдар ооруканасында 1 жыл интернатураны

өтөп, балдар дарыгери- педиатр кесибине ээ болгом.

1984-жылы Сүлүктү шаарында балдар дарыгери.

1987-жылы шаардык №2 поликлиникада бөлүм башчы.

1998-жылдан баштап педиатр жана балдар бөлүмүнүн

башчысы болгом.

Мен оорукананын 4 Ардак Грамотасына, мэриянын 3 Ардак

Грамотасына, шаардык кеңештин 2 Ардак Грамотасына, 1

жолу облустук грамотасына ээ болгом. Эмгегим бааланып,

“Саламаттыкты сактоонун мыктысы” төш белгисин алгам.

Баткен областы боюнча “Мыкты дарыгер” деген дипломум

бар, жогорку категориядагы дарыгермин.

Сүлүктү шаардык кенешке 2 жолу депутат боло алдым.

Менин сүрөтүм облустук ардак тактада 5 жылдан бери

илинип турат.

Атам айылда фермер болуп иштеген. Атам жогорку советке

депутат болгон. Энем Абдиева Злал саанчы болуп

84
Увадат САБУРОВА

иштеген. Мен бизди багып, тарбиялап чоңойткон ата-энем

менен сыймыктанам.

Үй-бүлөлүүмүн. 2 уул, бир кызым бар. Жолдошум

Алиев Өмүрбек Даниярович кесиби боюнча мугалим,

азыркы учурда Сүлүктү педагогикалык колледжинде окутуучу

болуп иштейт.

Улуу балам Алиев Кожомкул тарых факультетин бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, Арууке деген кызы бар.

Кызым Алиева Майрам кесиби боюнча экономистменеджер

жана фармацевт. Эки уул, бир кызыдын энеси.

Кичүү уулум Акжол Ж. Баласагын атындагы Улуттук Университеттин

кытай таануу факультетинин 4-курсунда окуйт.

Азыркы учурда Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер

борборунун балдар дарыгери болуп иштеп жатканыма

сыймыктанам.

Ооруп-ыйлап келген жаш баланы дарылап, анын күлкүсүн

угуу мен үчүн дүйнөдөгү эң чоң бакыт.

Шаарыбыздын, Кыргызстандын демографиялык өсүүсүнө

салым кошуп, адамдардын саламаттыгы үчүн иштеп,

салым коштум деп ойлоймун.

85
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ДЖУРАЕВА САЙДА

Джураева Сайда 1954-

жылы 5-октябрда Лейлек

районуна караштуу Кулунду

айылында туулган. Билими

атайын орто. “Карчыгабек”

коомунун директору.

Джураева Сайда эмгек

жолун 1973-жылы Лейлек

райондук байланыш бөлүмүндө

телефонист болуп

баштаган. 1976-1980-

жылдары Кулунду колхозунда

сельпонун кадрлар

бөлүмүндө эсепчи жана

универмагдын башчысы

болуп иштеген.

1993-1996-жылдары Сүлүктү

шаардык соода сатык

боюнча ар кандай кызматтарда

иштеп, 1997-жылдан азыркыга чейин “Карчыгабек”

фондун жетектеп келет.

С. Джураева фонддун жетекчиси болуп шаарыбыздын

өнүгүүсүнө көп салымын кошту. Шаардагы аз камсыз болгон

үй-бүлөлөргө финансылык жана моралдык жактан

колдоо көрсөтүп, чет өлкөлүк уюмдар менен тыгыз байланышты

түзө алды. Шаарыбыздагы жакырчылыкты жоюуга

да көп салымын кошуп келди. Алгачкы эле долбоорунун

бири 1998-жылы шаардын аз камсыз болгон муктаж майыптарга,

жалгыз бой карыяларга жалпы 108 адамга 1 ай

күнүгө бекер ысык жабылган нан менен камсыз кылды. 10

баланы акысыз компьютерде иштөөнү окутуп үйрөткөн.

1999-2001-жылы жардамга муктаждарга 3 жолу 700

адамга жылуу кийимдер, одеал-төшөнчүлөрдү берип жардамдашкан.

2002-жылы “Карчыгабек” коомдук фондунун иши “Сорос-Кыргызстан”

фонду тарабынан колдоого алынып

86
Увадат САБУРОВА

“Коомдук зордук зомбулукка каршы” долбоору менен аялдардын

укугу, ушул эле темага байланышкан тегерек стол,

семинарларды жаштардын арасында өткөрө алды.

Ошол эле 2002-жылы ПРООНдун ЛАЙФ программасы

колдоого алып 3800 АКШ доллары менен, ал эми “Карчыгабек”

фонду тарабынан 38 миң сом бөлүнүп, көп жылдан

бери кыйнап келген таза суу маселеси боюнча Бакыбек

айылына суу линияларын тартып, 573 жашоочуларды таза

суу менен камсыз кылды. Элдин чоң ыраазычылыгына, алкышына

татыды.

2003-жылы ПРООНдун Глобалдык Экологиялык Фонду

тарабынан да колдоого алынып 10, 0 миң АКШ доллары

менен түштүк жергесинде бадам жана бухар мистесин 30

га жерге 8020 түп бадам, 7500 түп мисте отургузушту.

2005-жылы ПРООНдун ЛАЙФ программасынын колдоосу

менен 4650 АКШ доллары бөлүнүп “Майып балдарга

камкордук көрүү” долбоору менен шаардагы көмөкчү

мектеп-интернатынын окуучулары үчүн 2 кир жуугуч машина,

1 үтүк жана кир жуучу каражаттар менен камсыз

кылат.

Шаар үчүн жана калкы үчүн бул жасаган эмгектери

ЛАЙФтын Кыргызстандагы координатору М. Кошоевдин

колдоосу жана демилгеси менен фонддун ишмердүүлүгү

жана маалыматтары башка коомдук фонддорго жайылтуу

максатында Интернетке киргизилген.

С. Джураева үй-бүлөлүү, жолдошу Джураев Карчыгабек

менен бактылуу өмүр сүрүп, 5 баланы тарбиялап өстүргөн.

21 неберенин, 7 чеберенин бактылуу чоң ата, чоң энеси,

таята-таенеси. Балдарынын жетиштүү билим алуусуна

камкор боло алышты.

Мүнөзү боорукер, кең пейил, алдына койгон максатына

жетпей койбогон мээнеткеч. Эл ичинде урмат сыйга ээ.

Шаар үчүн жасаган иштери үчүн Баткен облусунун губернаторунун

жана шаардык мэриянын “Ардак Грамотасы”,

баалуу белектер менен сыйланган.

87
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭНЕ БААРЫНАН КЫМБАТ

Эне үйдүн куту, баланын,

үй-бүлөнүн бактысы. Турмуштун

канчалаган кыйынчылыктарын

жеңип, балдары үчүн

өмүр бою кам көрөт. “Карга

сүйөт баласын аппагым деп,

кирпи сүйөт баласын жумшагым

деп” дегендей эне үчүн

уул-кызы эрезеге жетип атаэне

болсо да, эне алар үчүн

убайым тартып, жанын курман

кылууга даяр. Эне мээримине,

аруулугуна эч нерсе тең келбес.

Мен да бир эненин жөнөкөй

перзенти катары өзүмдүн

энем тууралуу айткым келет.

Менин энем Абдиева Бүвүхамила

Турановна 1953-жылы

Сүлүктү шаарында жумушчунун

үй-бүлөсүндө туулган.

1960-жылы Сүлүктү шаарындагы А.С.Макаренко атындагы №3

орто мектептен билим алып, 1970-жылы аяктаган. Ошол эле жылы

Фрунзе шаарындагы В. В Маяковский атындагы кыз-келиндер

институтуна кирип, 1975-жылы бүтүрүп, англис тили мугалими

деген адистикке ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун ошол эле жылы Лейлек районуна караштуу

Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебинен баштап, 1978-

жылы Самат айылындагы Самат Садыков атындагы мектепте

эмгектенген.

1987-жылы ошол айылдагы балдар бакчасына башчы болуп

дайындалган. Бакчада шарт болбогондуктан, тамеки терүү мезгилинде

3 ай иштеп кайра жабылып калчу. Ошондуктан балдар

бакчасында балдар аз болгондуктан, шартынын болбогонун, иштеген

энелердин кыйынчылыгын чечүү максатында айыл аксакалдардын,

ата-энелердин жардамы менен, ашар жолу менен

7 айда 70 орундуу бала бакчасын курдурган. Ошонун натыйжасында

айылдагы кыз-келиндер жумуш менен да камсыз болгон.

Жаңы курулган бала бакчада жабдыктар жетишсиз болгондуктан

апам ары чуркап, бери чуркап жүрүп бакчаны эмеректер менен,

88
Увадат САБУРОВА

оюнчуктар менен жабдый алган. Апамдын ошол эмгегин азырга

чейин айылдагы адамдар жакшы ыраазычылык сөздөрүн айтышат.

Аял кишинин имарат курдурганы өзүнчө зор иштин жышааны,

эркектерден кем калбаган кайраттуулугу, элинин камын

көргөн камкор эне экенин көрсөтүп турат.

1988-жылы Лейлек районундагы Самат колхозунун бириккен

беш балдар бакчасына башчы болуп иштеген.

1989-жылдан баштап Лейлек районунун ЗАГС бөлүмүнүн

башчысы болуп иштеп, имараты эски болгондуктан ага да жаңы

имарат салдырганга жетишкен.

1999-жылы Казакстандын Мерке айылында №21 Победа

атындагы мектепгимназиясында

англис тили

мугалими болуп иштеп жүрүп,

ардактуу эс алууга

чыккан. Атам Абдиев Мухаматкул

менен 41 жылдан

бери турмуштун жакшыжаманын

бирге тартып,

бирге кубанып, кайгырса

кайгырып жашап келет.

Алар 5 баланын ардактуу

ата-энеси, 9 неберенин сүйүктүү

чоң ата, эне, таята,

таенеси. Уул-кыздары жогорку

билимдүү, түрдүү

тармактарда иштеп жатышат.

Баары үй-бүлөлүү.

Кызы Алима ОшМУнун орус тили факультетин, Фарида БГУнун

туркология факультетин, Айша Ош МУнун тарых факультетин,

уулу Илияс КГУСТАнын инженер-маркетолог адистигин,

Анас КУУнин юридика факультетин аяктаган.

Ылайым эле Апаке, сиз биздин жаркырап тийген күнүбүз,

таянган тообуз болуп жүрө бериңиз! Атам экөөңөр эч качан оорубагыла,

аман болгула! Сиздер бар үчүн биз бактылуубуз, алтын

АПАКЕМ!

Абдиева Айша Мухаматкуловна

БатМУ Гуманитардык-экономикалык институтунун

окутуучусу.

89
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ДҮЙНӨДӨ ЭЧ БИР ЖАНГА

АЛМАШТЫРГЫС АПАКЕМ

Энени сүйүү, урматтоо-адамдык сезимдин эң тунугу го.

Апамдын бизге кылган ченемсиз мээнетинин жанында тамчыдан

көрүнгөн тунук сезимдерди бөлүшүп, ал тууралуу баянымды

баштайын.

Эзелтен өсүп келе жаткан ар бир уул-кыздын, атүгүл ар бир

элдин руханий деңгээли энелердин тарбиясына, акылына, адебине,

маданиятына байланыштуу болгон.

Андыктан, байыркы кыргыз эли “Атасы жамандын оңолмогу

оңой, энеси жаман эзели оңолбойт” деп, уул болобу, кыз

болобу, энесине карап баа беришкен. Апама тарбия берген

таенем да мээнеткеч аял болуп, апама жакшы тарбия берген

болсо, анан кайненеси өз апасынан да артык тарбия берген

экен.

Аларда аял затына тиешелүү асыл сапаттар арбын болгон.

Биз алты бир тууганбыз, баарыбыз жогорку билим алдык.

Бизди ата-энем чогуу чоңойтуп, апам килем жасап, сайма са-

90
Увадат САБУРОВА

йып, кол өнөрчүлүк менен алектенип бизди ушундай даражага

жеткирип отурат. Апам дайыма бизге “Үнөмдүү аял баарына

жеткирет” деп үнөмдүүлүккө көп үйрөтөт эле.

Эне - үйдүн куту. Энелер-түгөнбөгөн береке, кемибеген

кут. Коломтонун отун өчүрбөй, казаны отто, дасторкону жайылуу,

түндүгү ачылуу.

Мына ушундай баа жеткис кең пейилдиги, мээрими, сабырдуулугу.

кечиримдүүлүгү, чыдамкайлык сапаттары аркылуу

энелер, жалпы эле аял затына улуттун улут болушуна жарыгын

тийгизип келет. Мына ушундай энелер бар үчүн гана

Жер огунан чыгып кетпей, дүйнө түркүгү жер тамырына жуурулушуп,

солкулдабай бекем турат.

Азыркы аялдардын көпчүлүгү мындан мурда, айталы, 30-

40 жыл болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу шартта жашап, айылдагы

көп балалуу үй-бүлө деген эмне экенин элестете да алышпайт.

Биздин апабыз алты балага өмүр берип, ага кошо неберелерин

тарбиялап өстүрүп, чоң турмушка аттандырды. Биз баарыбыз

дени сак, чың жетилип, жакшы билим алдык, жогорку

билимдүүбүз, ар кимибиз үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп

калган убагыбыз. Энебиз Мариянын берген ак сүтүн актоонун

артындабыз.

Эң улуу баласы Нурланбек Баткенде ички иштер бөлүмүнүн

10-ыкчам иликтөө бөлүмүндө иштейт. Кызы Айжамал

ЖКЧ “Мол-Булак Финансы” микро кредит компаниясынын

бөлүмүндө башкы адис.

Бактыгүл И. Раззаков орто мектебинин директору, Умарбек

жеке ишкер, Исманали ЖЧК “Т. Марипов” атындагы ишканасында

эсепчи, кенже баласы Айдарбек ЖКЧ 2Ташкороо” шахтасында

башкы инженер жана жер асты бөлүм башчысы болуп

иштейт.

Учурда 6 перзенттин сүйүктүү апасы, 14 неберенин чоң

энеси, таенеси. Акырында айтаарым, өмүрү узун, ден соолугу

чың болсун!

Биздин бактыбызга атам, апам ар дайым бар болушсун,

бактылуу карылыктын доорун сүрүшсүн!

Кызы: Бактыгүл

91
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

САБУРОВА Увадат Бараковна

Сабурова Увадат Бараковна

1954-жылы

10-декабрда Сүлүктү шаарына

караштуу Кольцо айылында

билимдүү инсандардын

үй-бүлөсүндө жарык

дүйнөгө келген. Билими жогорку.

1975-жылы Фрунзе

шаарындагы Кыргыз мамлекеттик

кыз-келиндер институтунун

математика факультетин

аяктаган. Увадат Бараковна

окууну аяктап, Сүлүктү

шаарына келип, алгачкы

эмгек жолун №4 орто мектебинен

математика мугалими болуп иштеп баштаган.

1982-жылы 26-августтан баштап ушул мектептин башталгыч

класстарынын завучу, 1984-жылы 28-августтан баштап

директордук кызматка көтөрүлөт.

92
Увадат САБУРОВА

1986-жылы Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн

башчысы.

1996-жылы Сүлүктү шаардык Кеңештин төрайымы.

2005-жылы Сүлүктү шаардык кеңештин адиси, ошол эле

жылы Сүлүктү шаардык мэриясынын 1-категориядагы адиси

болуп иштеп атып, 24-февралда мэриянын Аялдардын жана

жаштардын иштери боюнча жетектөөчү адиси жана Сүлүктү

шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

2010-жылы Сүлүктү шаардык мэриянын Вице-мэри катары

кызматка которулат.

2011-жылдан кайрадан Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн

башчысы болуп эмгектенип келүүдө.

Увадат Бараковна көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн көптөгөн

сыйлыктарга ээ боло алган.

Кудайдын назары түшкөн Увадат Бараковнанын жасаган

эмгектерин айта берсек өзүнчө узун сабак. Эже жөнүндө замандаштарынын

жазган “Ак кумдагы байчечекей” китебинен

кенен окуп алууга болот эмеспи.

Увадат Бараковнанын жалпы эмгек стажы 39 жыл болгон

болсо, анын 30 жылдан ашуун мезгилин жетекчилик кызматтарга

арналгандыгы көрүнүп турат. Эже тажрыйбалуу муга-

93
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

лим, насаатчы адис, канчалаган шакирттерди тарбиялаган

устат, эл үчүн жаралган жетекчи, ишмер айым катары элге

таанылды.

Увадат Бараковнанын жолдошу Акылбай агай мектепте

көп жыл дене тарбия мугалими болуп эмгектенген. Жолдошу

менен эки уул, бир кызды татыктуу тарбиялап, бүгүнкү күндө

татынакай неберелердин сүйүктүү чоң ата, чоң энеси, таята,

таенеси болуп, бактылуу өмүр сүрүп келишүүдө.

Мамлекеттик сыйлыктары:

“Кыргыз Республикасына 10 жыл” эстелик белгиси;

2015-жыл. 20-февраль. КРнын “Ардактуу айымы” наамы ордени.

“Лидерлик үчүн” төш белгиси. 15-май. 2014-ж.

“За помощь и содействие ветеранскому движению”

15. 02. 2014-ж. Командующий 40-ой Армии Генерал армии

Ерматов В. Ф.

”Мээримдүүлүк” медалы

10. 12. 2014-ж. №20 ооган согушунун ардагерлери

КР нын кеңешинин төрагасы М. Торобеков.

”Ардак Грамота” октябрь. 1998-ж.

Ош. обл. губернатор Муралиев.

КР нын “Элге билим берүүнүн отличниги”.

КР нын Билим берүү министрлигинин “Ардак Грамотасы”

“Почетная Грамота” №22 17-апреля. 1980-г. г. Сулюкта.

”Маданияттын мыкты кызматкери”

94
Увадат САБУРОВА

КЕНЖЕБАЕВА Адалат Мукарамовна

Кенжебаева Адалат Мукарамовна

1954-жылы берекелүү

күз айынын 22-

октябрында Сүлүктү шаарында

жарык дүйнөгө келген.

7 жашында шаардагы

Токтогул атындагы №2 орто

мектепке кирип, мектепти

ийгиликтүү аяктаган.

Жакшы окуп, спортко, фестивал,

КВНге активдүү катышып,

мектептин грамоталарына

ээ болгон. Мектепти

бүтүп чыккандан кийин

Фрунзе шаарындагы

КМ кыз-келиндер институтунун

филология факультетине

тапшырган. Окуу жайында

окуп жүргөн кезинде

фольклордук, педагогикалык практикаларга, коомдук иштерге

активдүү катышкан. Курсташтары менен бирге “Ак

куулар конгон айдың көлдө” киносунда эпизоддук ролдо

киного тартылган. Ошондуктан активдүү студент катары

университет тарабынан Ардак Грамоталар менен сыйланган.

5 курста “Адам аттарынын өзгөчөлүктөрү” деген темада

дипломдук ишин “эң жакшы” деген баага коргоп, экзаменди

ийгиликтүү тапшырып, кыргыз тили жана адабият мугалими

адистигине ээ болду. Дипломду колго алып, өзүнүн

туулуп өскөн шаары Сүлүктүгө кайтып келет. Эмгек жолун

Макаренко атындагы №3 орто мектебинен баштаган. Ал

жерде 4 жыл иштеп, өзү билим алган Токтогул атындагы

№2 орто мектебине которулат.

40 жылдык педагогдук кесипти аркалап, отуз жылдан

бери И. Раззаков атындагы №7 орто мектебинде “өз тилин,

өз адабиятын билбөө - бул өзүңдүн, элиңдин тарыхын, маданиятын

билбөө”, -деген сөздү туу тутуп, келечек муундарга

билим-тарбия берип келет.

95
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

И. Раззаковдун 90 жылдык маарекесине карата болгон

ар кандай конкурс, кече, семинарларына активдүү катышкан.

Эжеден билим алган окуучулары азыркы учурда ар кандай

тармактарда иштеп жатышат.

Мисалы: Рахманкулова Аптап химия мугалим,

Таштанкулова Бермет университетте кыргыз тилинен окутуучу

болуп иштеп жатат. Эженин көптөгөн окуучулары жогорку

билимдүү болушкан.

Эженин көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, 1994-

жылы шаардык Билим берүү бөлүмү тарабынан эмгек китепчесине

алкыш жазылган. КР нын Билим берүү министрлигинин

Ардак Грамотасы, Баткен облустук, Баткен

Мамлекеттик университетинин Ардак Грамотасы менен

сыйланган. КР нын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине

ээ болгон.

Учурда замандын агымынан калбай жаңы усулда, жаңы

багытта келечек муундарына тарбия берип иштеп келе жатат.

Мектепте жаш мугалимдердин насаатчысы катары

өзүнүн иш тажрыйбаларын үйрөтүп келет.

Адалат Мукарамовна эки уулдун сүйүктүү энеси, эки келиндин

кадырлуу кайненеси, неберелердин сүйүктүү чоң

энеси.

Убакыт билинбей өтүп, эже пайгамбар жашка да келип

калыптыр.

Саябан чынардай дараксыз,

Күн сайын билимди даңктайсыз.

Балдарды колдогон ар дайым,

Учууга дем берген канатсыз.

Кут болсун сиз үчүн пайгамбар жаш,

Урмат-сый көрүүчү кезиңиз.

Бөлөнүп балдардын сыйына,

Бир кылым өмүргө жетиңиз.

Сиздин жолуңузду жолдоп, эл үчүн кызмат өтөп, келечектин

жаш муундарына кең багыт бере турган ардагерлерге

таазим!

96
Увадат САБУРОВА

КЫЗМАТЫМ ЭЛ ҮЧҮН

Молдоканова Ракыя Мустафановна 1954-жылы 30-

июнда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы

Кызыл-Суу (Покровка) айылында туулган.

1961-жылдан 1969 жылга чейин өзү туулган айылдагы

А. С. Макаренко атындагы орто мектептен билим алган.

Мектепти аяктап, Пржевальск шаарындагы педагогикалык

окуу жайында билим алып, 1973-жылы бүтүрүп, “башталгыч

класс мугалими” адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы

Ош облусуна караштуу Сүлүктү шаарындагы А. С. Макаренко

атындагы №3 орто мектебине мугалим болуп келип,

алгачкы эмгек жолун баштаган.

Ракыя Мустафановна жигердүү эмгектенүүнүн натыйжасында

шаардык Билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак

Грамоталар менен сыйланган. 1984-жылы 24 сентябрда

кыргыз ССР нин агартуу министрлигинин ардак Грамотасы

менен сыйланат.

1987-жылы “Кыргыз ССРнин Агартуунун отличниги”

деген наамга ээ болот.

97
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

1987-жылы биринчилерден болуп 6 жаштан окутуунун

эксперименталдык тажрыйбасын ийгиликтүү ишке ашырган.

1998-жылы үзүрлүү эмгеги үчүн Сүлүктү шаарынын

мэриясы тарабынан “Кутман эне” наамы ыйгарылган. Балдарды

окутууда “Түстөр менен окутуп баруу” ыкмасын

ишке ашырган. Бул ыкма шаардык, облустук мектептерге

кеңири жайылтылган.

Бул ыкмасы “Шахтёр жолу”, “Мугалимдер газетасына”

жарыяланган. Ошондуктан эженин эмгеги үчүн шаардын

жана жергиликтүү башкармалыгы тарабынан бир канча

жолу Ардак Грамоталарга татыктуу боло алды. Бүгүнкү

күндө Ракыя эже Н. Кушматов атындагы мектепгимназиясында

үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Эженин

колунан билим алган окуучулар олимпиадаларда алдыңкы

орундарга жетишип жүрүшөт.

Мектепти бүтүргөн окуучулары жогорку билимге жетишип,

көпчүлүгү ар кандай тармакта эл үчүн кызмат кылып,

ар дайым окуткан эжесине ыраазычылыгын билдирип

келишет.

Ракыя эже 4 баланын сүйүктүү энеси, 6 неберенин бактылуу

чоң энеси, таенеси.

Жолдошу Шеров Каарбай Муртазаевич 1947-жылы

туулган.

Жогорку билимдүү. 1977-жылы КМУУнин “География”

факультетин бүтүргөн. Учурда агай ардактуу эс алууда.

Улуу баласы Шеров Акылбек И. Раззаков атындагы политехникалык

окуу жайын бүтүргөн. Кичүү баласы Асылбек

АРЕСте мастер болуп иштейт. Кызы Атыргүл энесинин

жолун жолдоп, жогорку билимге ээ болуп, мугалимдик

кесипти аркалап келет.

98
Увадат САБУРОВА

МЕНИНГ ХАЁТ ЙУЛИМ

Мен Якубова Саодат Таджибаевна

1958-йилининг

8-апрелида Сүлүкта шахринин

Танги Боши махалласида

дунёго келдим. Мен

1965 йил Т. Рустамов номли

№5 –урта мактабига келип,

1875-йили тамомладим.

Шу йили Тожикстон

Республикаси Ленинобод

Давлат Педагогика институтининг

“математика” факультетина

кирип, 1980-

йили олий окув юртини тамоладим.

Уша йили Сүлүктага

келиб өзүм укиган

мактабимга физикаматематика

укитивчиси булиб ишладим. Менинг илк устозларим

Максудо апа, Хидиров Х. Д. , Шамшиев Т. Ш лар

билан, укитивчилик касбига мехр куйиб ишлай бошладим.

1996 йилдан бошлаб аник фанлар метод бирлашма бошлиги

булиб, тарбиявий ишлар бойинча директор уринбосари-тошкилотчи

булиб ишлай бошладим. Ёш укитивчилар

билан мактабда “гулдаста” ансамблини тузиб, шахар байрамларида,

сахналарда кушиклар билан иштирок этардим.

“Ким миллионер булишни эстайди” телекөрсативини

мактабибизда тошкил килдим. Шохирдим Нарматов

Суюнбек кушни мактаблар билан, телефон алокаларини

урнатиб, шу курсативни утказдик. Барча укитивчи ва

укивчилар, бошка мактаб мехмонлари жуда хурсанд булиб

иштирок этишти.

Мен “Йил укитивчиси 97” курик танлавининг финалисти.

Шахарда “Мырзайым” конкурсинин галибаси болиб,

99
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

совринли мукофотлар билан такдирландим. Ыр кесе, Сармерден

конкурсларида шахар ва област Маданият саройларида

фаол катнашиб келмокдаман. Менинг номимга мактаб

томонидан “Изланиш йулида”, ”Иш билорман Бегойим”

номли газеталар чикарилиб, “Шахтёр йули” газеталарида

хам бир неча бор номим чикиб, уз маслахатларимни

тавсия килиб тураман.

Оиламга келсак 1980 йилнинг айни бахор фаслида,

Якубов Хайдаралига турмушга чикдим. Шахта курулиш

бошкармасининг илгор хайдовчиси. 5 нафар кизнинг онасимин.

Кизларимнинг хаммаси олий маълумотли. Кизларимнинг

хаммасин турмушга узатдим. Шириндан шакар

набираларимнинг суюкли бувижонисиман.

Менинг килган хизматларим хисобга олиниб, шахар Билим

беруф бошкармасининг Грамотаси, Мэриянинг Грамоталари,

областининг Ардак Грамотаси, КРнин Билим министрлигининг

Ардак Грамотаси ва КРнинг “Халк маъорифи

аълочиси” зночоги билан такдирландим. Хозирги

кунда нафакага чикиб, Мэрияда аёллар кенгашининг аъзоси

булиб ишлаб келмокдаман.

100
Увадат САБУРОВА

ӨМҮРДҮН ӨРНӨКТҮҮ ЖОЛУНДА

Кулмурзаева Урулкан Досматовна

101

Устат мугалим, билим

берүүнүн мыктысы,

КР Аялдар

Конгрессинин

“Мыкты айым” номинациясынын

ээси

Кулмурзаева

Урулкан Досматовна

1955-жылы 20-

майында Лейлек районунун

Коргон

айылында кызматчынын

үй-бүлөсүндө

туулган. 1970-жылы

Коргон орто мектебин

аяктаган.

В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун

1975-жылы бүтүрүп, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн

кадрлар секторунда иштеп баштаган. 1977-жылы

Сүлүктү шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында

1980-жылга чейин бөлүм башчы болуп эмгектенет.

Турмуш шартына байланыштуу 1980-89-жылдары Талас

областык китепканада бөлүм башчы болуп иштеген.

1989-жылдан 2001-жылга чейин Сүлүктү шаардык билим

берүү бөлүмүнүн китеп фондусу боюнча тескөөчү катары

иштеген. 2001-жылдан 2016-жылга чейин шаардык

Балдардын чыгармачылык борборун жетектөө кызматында

иштеди.

Швейцария өкүлчүлүгү жана Маданият министрлиги

менен биргеликте кыргыздын улуттук музыкалык аспапта-
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

рын улуу муундан мурас катары кийинки муунга үйрөтүп

калтыруу деп, жаш таланттар үчүн музыкалык аспаптарынын

топтомун грант эсебинде алууга жетише алды.

2005-2009-жылдар аралыгында 4 долбоор жазып, Балдар

чыгармачылык борборунун материалдык-техникалык

базасын эмеректер менен толуктады. Учурда бул долбоордун

негизинде уюштурулган “Өнөр”, Компьютердик технологиялар”,

”Тигүүчүлүк”, “Фольклор” ийримдери окуучулар

үчүн иштеп жатат.

Балдар чыгармачылык борборунда Урулкан Досматовнанын

демилгеси менен “Кенже пери”, “Күз периси”,

“Мыкты кана”, жана башка иш чаралары катышуучуларынын

да, күйөрмандардын да купулуна толуп, зор ишеним

жаратат.

Ал үй-бүлөдөгү уул кыздардын үчүнчүсү, атасы-Досмат

көптү көргөн согуштун жана эмгектин ардагери, “Эл агартуунун

мыктысы”, Коргон мектебинин мугалими. Энеси

Саитова Шасанам колунан көөрү төгүлгөн уз, чебер, уул,

кыздарын татыктуу тарбиялаган үлгүлүү эне.

Кулмурзаева Урулкан демилгелүү жетекчи катары бааланып,

бир нече жолу шаардык мэриянын, Билим берүү

бөлүмүнүн, Баткен областык администрациясынын, Билим

берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен жана

баалуу сыйлыктар менен сыйланган. ”КРнын билим берүүнүн

мыктысы” төш белгиси, КРнын Аялдар Конгрессинин

“Мыкты айым” номинациясынын алтын медалы менен

сыйланган.

Урулкан Досматовна үй-бүлөлүү. Жолдошу Кулмурзаев

Курманбай милициянын полковниги, запастагы офицер.

Уулдары Элмурат жана Асылбек жеке ишкер. Кызы Мунара

КРнын тышкы иштер министрлигинин ШОС адиси.

Урулкан эже 5 неберенин чоң энеси жана таенеси.

Эжейге бешене тер, ак эмгегиңиз менен тапкан аброюңуз

оболой берсин демекчибиз.

102
Увадат САБУРОВА

МАВЛЯНОВА КАНЫМАЙ

Канымай эже 1957-жылы

15-майда Сүлүктү шаарынын

Кольцо айылында жумушчунун

үй-бүлөсүндө туулган.

1979-жылы Кыргыз кыз келиндер

институтунун математика

жана физика факультетин

аяктаган. Канымай эже 1979-

жылдан 1996-жылга чейин

Сүлүктү шаарындагы Токтогул

атындагы №2 орто мектебинде

математика мугалими

болуп эмгектенген.

1996-жылдан 2000-жылга

чейин №8 И. Бектемиров

атындагы орто мектебинин директору болуп иштеген.

2000-жылдан 2003-жылга чейин №2 техникалык лицейде

мугалим болду. 2003-2004-жылдары Сүлүктү шаарындагы

Технологиялык университетинин окуу бөлүмүндө

инспектор болуп эмгектенди. 2004-2008-жылга чейин №2

техникалык лицейде илимий иштер боюнча директордун

орун басары болуп иштеди.

2008-жылдан азыркы күнгө чейин Баткен мамлекеттик

институтунда орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө математика

мугалими болуп эмгектенүүдө.

Алган сыйлыктары:

2003-жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси.

2005-жылы Губернатордун мактоо баракчасы.

2009-жылы Сүлүктү шаарындагы БатМУнин директорунун

Грамотасы.

2011-жылы олимпиаданын жыйынтыгы боюнча ректордун

грамотасы.

2016-жылы “КРнын “Ардактуу айымы” ордени менен

сыйланган.

103
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КОЖОЯРОВА

Кадича Бөрүбаевна

Кадича Бөрүбаевна 1958-

жылы Сүлүктү шаарында кенчинин

үй-бүлөсүндө туулган.

1965-жылы А. С. Макаренко

атындагы №3 орто мектебине

1-класска барып, 1975-жылы

ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле

жылы өзү окуган мектепте пионер

вожатый болуп иштеген.

1980-83-жылдары Жалал-

Абаддагы маданият техникумунда

окуп, ”Библиотекарь жана

Библиограф” адистигине ээ

болгон.

1983-86-жылдары Сүлүктү

шаарынын Токтогул атындагы

№2 орто мектебинде китепканачы

болуп иштеген. 1999-

жылы Ош мамлекеттик университетинин “Педагогика жана башталгыч

класс мугалими” адистигине ээ болгон. 1997-1999-

жылдары мектепте уюштуруучулук милдетин аткарып келип,

1999-жылы окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 2001-жылдын март

айынан 2009-жылдын январь айына чейин ушул мектепте директор

болуп иштеп келет.

2010-2012-жылдары шаардык Билим берүү бөлүмүндө усулкана

башчысы катары иштеп, 2012-жылдын январь айынан баштап

М. Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектебине директор болуп

дайындалат.

Директор катары иштей баштаган алгачкы күндөрүнөн тарта

Кожаярова К. Б. окуу тарбия иштерин ийгиликтүү чечүү максатында

мектебинин материалдык-техникалык базасын түзүүгө тынымсыз

көңүл бурат. Анын талапкөйлүгүнөн жана эмгекчилдигинен

кыска мөөнөттүн ичинде мектептин алдына фасад курулуп

бүтүп, бакчалар тосмолор менен тосулду. Анын күч аракетинен

улам мектептин окуу кабинеттери заманбап техникалык каражаттар

менен жабдылды.

К. Б. Кожоярова мектебинин бекем материалдык-техникалык

базасын түзүү, мектеп имаратын татыктуу деңгээлде кармоо,

104
Увадат САБУРОВА

жыл сайын ремонт иштерин жүргүзүү максатында ата-энелер

жамааттык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууга

өзгөчө көңүл бурат. Мектеп 2012-жылы шаарда ошондой эле областа

“Мыкты мектеп” наамын алган. КРнын Билим берүү жана

илим министрлигинин мектептерди тандоо конкурсуна катышып,

жыйын-тыгында министрликтин 2013-жылдын 25 декабрындагы

801/1 буйругунун негизинде республикалык 100 инновациялык

мектептер тизмесине киргизилип, жалпысынан долбоордун негизинде

595620 сомдук эмеректер жана техникалык каражаттар

алынган.

2015-2016-окуу жылында коомдук телеберүү корпорациясы

жана Республикалык “МАНАС” жаштар ордосу, КРнын Билим

берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Манас

таануу” интеллектуалдык таймашында мектептин “ТАБЕРЕК” тобу

областык таймашта 1-орунга жетишип, республикалык таймашка

катышып келген.

2013-жылы автордук иштелмелер жана программалар жаңыланып,

шаарда “Мыкты усулкана” деген наамды жеңип алган.

Кадича Бөрүбаевна областык, шаардык иш чараларга, коомдук

иштерге активдүү катышып, атуулдук милдетин да так аткарат.

Жогорудагы алгылыктуу иштери үчүн Ош областынын Билим

берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы, Сүлүктү шаардык мэриясынын

Ардак грамотасы, ар кандай сыйлыктар, 2004-жылы КРнын

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгон. Баткен облусунун

администрациясынын Ардак Грамотасы, Ооган согушунун

республикалык “Мээримдүүлүк” медалын тагынган.

Үй-бүлөлүү, эки кыз, эки уулдун сүйүктүү апасы. Неберелердин

чоң эне, таенеси. Азыркы мезгилде да талыкпастан үзүрлүү

эмгектенип келет.

105
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ХАЛМУРАТОВА Буурма Таировна

Халмуратова Буурма Таировна

1956-жылы Сүлүктү шаарында

кызматчынын үйбүлөсүндө

туулган. Ушул шаардагы

№2 орто мектебин 1963-73-

жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Сүлүктү

шаарындагы “Теремок”

балдар бакчасына тарбиячынын

жардамчысы болуп иштеген.

1976-жылы Джалал-Абад

шаарындагы А. С. Пушкин

атындагы педагогикалык окуу

жайга кирип, 1979-жылы бүтүргөн.

Андан кийин Сүлүктү шаарындагы

“Шахтауправлениеге”

караштуу “Аленушка” балдар

бакчасында тарбиячы болуп 1983-жылга чейин эмгектенген.

1999-жылдан баштап шаардагы Гуманитардык-экономикалык

институтунда китепканачы, анан кадрлар бөлүмүнүн студенттик

курамы боюнча инспектору болуп иштеп келген.

Сүлүктү шаарынын Билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”

менен сыйланган. Институтта иштеп жүргөн учурда да “Ардак

грамотасы” менен сыйланып, 2009-жылы “Билим берүүнүн мыктысы”

төш белгиси менен сыйланган. Шаардын мэриясынын да

грамоталарына татыктуу болгон.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызы, тогуз небереси бар.

Жолдошум Халмуратов Абдупатта милиция кызматында иштеп,

азыр ардактуу эс алууда.

Чоң уулу Канатбек шаар мэриясынын стат башчысы, келинчеги

Нуржамал В. И. Ленин атындагы №1 орто мектебинде тарых

мугалими болуп эмгектенет.

Кызы Гүлзат Лейлек районундагы Андарак айылындагы “Сары-Дөбө”

орто мектебинде орус тили мугалими болуп иштейт.

Жолдошу Искра айылынын башчысы.

Кенже уулу Бекзат Сүлүктү шаарындагы АБК “Кыргызстан”

банкында адис, келинчеги Эргешова Чынара шаардагы үйбүлөлүк

дарыгерлер борборунда медайым болуп эмгектенет.

106
Увадат САБУРОВА

МЕНИН ДҮЙНӨДӨГҮ БАЙЛЫГЫМ -

АСЫЛ ЭНЕКЕМ

Мен өзүмдү дүйнөдө эң бай адам деп эсептей алам. Анткени

менде эң кымбат “Асыл энем” бар.

Үйдүн куту да, нуру да болгон Эралиева Гульдар Таировна

Сүлүктү шаарынын кызы. 1959-жылы 17-январь айында кенчинин

үй-бүлөсүндө туулган. Таятам Таир кенчи, таенем Хамраева Гүлбүбү

баатыр эне болуп, 4 уул, 4 кызды багып чоңойткон. Менин

тага-таежелерим шаарда эң алдыңкы үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн.

Мен таенемдин алдына барып, анын өткөн турмушу жөнүндө укканды

абдан жакшы көрчүмүн. Таятам тиричилик деп иштеп, бир

жумалап үйгө келбей калчу экен. Ошол мезгилде кандай заман

болсо да балдарын эч нерседен кем кылбай тарбиялап чоңойткон

экен.

Ал эми менин асыл энем 1979-жылы 10-классты аяктап, Жалал-Абад

шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүргөн. Шаарыбызга

келип Сүлүктү ооруканасына медайым болуп иштеп келген.

1979-85-жылдары мектеп медайымы болуп, 1985-жылдан

баштап участкалык медайым болуп иштеген. 2002-жылы 11/11-

6/10. 2003-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык кайра даярдоо

жана адистигин жогорулатуу институтунда “медициналык

медсестра” кесиби боюнча кайра даярдоо окуусун бүтүргөн жана

мамлекеттик сыноо комиссиясынын 08. 01. 2003 жылкы чечими

менен “Үй-бүлөлүк медициналык медсестра” адистигин ыйгарган.

Азыркы учурда да ушул кесиби менен эмгектенип келе жатат.

107
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Талыкпаган ак эмгегин баалап, Сүлүктү шаарынын жалпы дарыгерлер

бөлүмүнүн башчысы А. Ибрагимовдон жамааттын көрсөтүүсү

менен Ардак грамотасын алган. Шаардын ардак тактасына

сүрөтү коюлган. 2006-жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин

буйругу менен “Саламаттыкты сактоонун ардактуу

кызматкери” деген төш белгисине ээ болду.

Жогорку квалификациялык категориядагы медайым.

Азыркы учурда шаарыбыздын элинин ден-соолугуна өз салымын

кошуп иштеп жаткан учуру. Атам Эралиев Ысмайыл БатМуда

ага окутуучу, КРна эмгек сиңирген мугалим, Билим берүүнүн

мыктысы, энемдин сүйүктүү жубайы.

Энем кадыр-барктуу аял. Мен аны сөз менен жеткире албайм.

Ошон үчүн атамдын энеме арнаган ыр саптарын жазайын.

ЖУБАЙЫМА

Өмүрлүк жарым, жубайым,

Уул-кыз төрөп улгайдың.

Балдардын көрүп убайын,

Көп жашагын ылайым.

Өмүрлүк жарым, жубайым.

Балам деп күн-түн тынбадың.

Балдардан кайтсын мээнетиң.

Үзүрүн көрүп кубангын.

Өмүрлүк жарым, жубайым,

Турмушта эчен тушалдың.

Кыйнала чарчап турсаң да,

Сылык сөз айтып сыйладың.

Өмүрлүк жарым, жубайым,

Сен дебей кантип турамын.

Менин бир тууган агам Чынгыз, эки эжем Жазгүл менен Гүлбарчын

баары жогорку билимдүү. Энемдин 10 небереси бар.

Бактылуу үй-бүлөлөрдөн.

Аллахым ылайым менин ата-энеме, бир туугандарыма, неберелерине

ден соолук бере көрсүн. Сиздерди жана бүткүл энелерди

урматтап,

уулуңуздар Улукбек.

108
Увадат САБУРОВА

ЭНЕЛЕРГЕ ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАҢК!

ДЖУРАЕВА Роза Узаковна

АПАМ 1957-жылы 23-апрелде Ош облусунун Таш-

Көмүр шаарында

жумушчунун үйбүлөсүндө

туулган.

Мектепти

аяктаган соң

1974-жылы Ош

шаарындагы жеңил

өнөр жай

техникумунда

окуп, алгачкы эмгек

жолун Текстилдик

фабрикада

токуучу болуп

баштаган. Фабрикада

2 жыл иштеп

1977-жылы атам

экөө баш кошуп,

Сүлүктү шаарына

келген.

1979-жылдан

2000-жылга чейин

шаардагы №4 мектепте лаборант болуп 21 жыл иштеген.

Мектепте иштегендиктен балдарга аябай жакын. Апамдын

мүнөзү жөнөкөй, шайыр, кичи пейил адам.

Эмгек жамаатында кадыр-баркка ээ. Өзүнүн кесибинен

тышкары апабыз архитектура жана дизайнга дагы жакын.

Азыр ардактуу эс алууда.

Апам менен атам 39 жылдан бери жашап келет. Балдарынын

баарын тарбиялады. 2 кыз, 3 уулдуу болушкан.

109
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Азыркы учурда 8 небереси бар. Бактылуу апа болуп жашап

келүүдө.

Биз апабыз менен сыймыктанабыз. Энелерге РАХМАТ!

Эне - ыйык, эне - мээрим! Канчалаган жакшы сөздөрдү

айтсак да энелер үчүн аз.

МЕНИН АПАМ! АЛТЫН АПАКЕМ!

Албетте мен апамды баарынан артык көрөм. Жигит болуп

калсам да, апам үчүн али кичинекей болуп сезилем.

Биз беш бир тууганбыз. Баарыбызды мээримине бөлөп

чоңойтту. Кийимибизди таза жууп, үстүбүздү кирдетпей,

убагында тамак ичирип, биз үчүн кам көргөн алтын апама

терең ыраазымын. Менин буга чейинки бардык ийгиликтерим

апамдын эмгеги деп айтар элем. Менин жашоомдун

сыймыгы, үмүтүмдүн жарыгы – апам!

Мен баардык асыл энелерге ден соолук, узун өмүр, каалайм!

Энелерге түбөлүктүү даңк!

Уулу : Ырысбек Джураев.

110
Увадат САБУРОВА

ВАЙДУЛЛА КЫЗЫ БУЗИЯ

Вайдулла кызы Бузия Сүлүктү

шаарында кенчинин үйбүлөсүндө

1956-жылы 3-майда

туулган.

Атасы Вайдулла кенчи болуп

эмгектенген. Энеси Увадат өтө

сөзмөр, куудул, уз киши болгон.

Бузия ата-энесинин биринчи перзенти,

негизи алар жети бир тууган.

1963-жылы А. С. Макаренко

атындагы №3 орто мектебине

кирип, анан Кош-Булак айылындагы

“Кыргызстандын 40 жылдыгы”

атындагы №4 орто мектебинен

10-классты аяктаган.

1996-жылы “Ширин” кичи ишканада, 1996-жылы “Бакай”

фирмасында, 1997-жылдан Т. Ибрагимов аймагында төрайымдык

милдетти аткарып келүүдө.

Аймактар арасында өткөрүлүүчү шаардык, облустук сынактарда

активдүү катышып, байгелүү орундарга жетишип келүүдө.

Курманжан датканын 200 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн

“Даткайымдар” сынагында жеңүүчү болгон. Жетишкен

ийгиликтери үчүн 2007-жылы, 2011-жылы шаардык кеңештин

“Ардак грамота” менен сыйланган.

Өзүнүн акыл-насаат, кеп-кеңештери менен аймакта кадырбаркка

ээ. Учурда жолдошу Усаров Дастанбек менен эки уул,

беш кызды тарбиялап өстүрдү. Баатыр эне, 19 неберенин чоң атаэнеси,

таята-таенеси. Балдарынын төртөө жогорку билимдүү.

Чоң уулу Турдубек врач-травматолог. Кыздары мугалимдик

кесипти аркалап келишет.

Үлгүлүү эне катары шаар элинин арасында сый-урматка ээ.

Кыз-келиндерине мыкты насаатчы.

111
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

СУЛАЙМАНКУЛОВА

Сырга Газбековна

1962-жылы 11-мартта

Лейлек районунун Кара-

Булак айылында кызматчынын

үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Сулайманкулов Газбек

40 жыл зоотехник кызматында

иштеген.

Сырга Исфанадагы Гагарин

атындагы орто мектептен

10-классты 1979-жылы аяктаган.

1984-1990-жылга чейин

Кара-Булак айылындагы

айылдык китепканада китепканачы

болуп иштеген.

1990-жылы Жалал-Абад

шаарындагы маданият техникумунун

китепканачы

адистигин бүтүргөн. Ошол жылы Сүлүктү шаарынын

Бөкөнбаев айылындагы “Байчечекей” балдар бакчасында

тарбиячы болуп иштеп, эмгек жолун баштаган.

1994-жылдан баштап И. Бектемиров атындагы №8 орто

мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштей баштайт.

2001-жылы БатМУнун биология мугалими адистигин

бүтүргөн.

27 жылдан бери бир жерде педагогикалык кызматта иштеп

келе жатат. Ошол жылдар ичинде мектепте уюштуруу

завучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун милдетин

убактылуу аткаруучу болуп иштеген. Жамаат ичинде кадыр-баркка

ээ болуп келет.

112
Увадат САБУРОВА

Жаш мугалимдерге акыл насаатын айтып, тажрыйба бөлүшүп

келет. Коомдук иштерге да активдүү катышат.

Ар кандай шайлоо, референдумдарда комиссиянын төрайымы,

катчысы болуп иштеп келген.

Сырга Газбековна 4 баланын мээримдүү энеси, 6 небереси

бар. Кыздары Гүлжан, Наргиза, Дилфуза апаларынын

жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандашкан. Азыркы

учурда иштеп жатышат.

Жолдошу Ниязов Абдипатта шаардык тарых музейинин

директору. Экөө 30 жылдан бери ынтымактуу өмүр сүрүп

келишүүдө. Жолдошу да “Билим берүүнүн мыктысы” төш

белгисинин ээси.

Сырга көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүдөй

сыйлыктарга ээ болду.

2000-жыл Сүлүктү шаар мэриясынын Ардак Грамотасы

2006-жыл Кош-Булак айыл өкмөтүнүн Грамотасы

2006-жыл Президенттин ыраазычылык каты

2007-жыл Баткен облусунун администрациясынын Грамотасы

2008-жыл КРнын Билим берүү министрлигинин Ардак

Грамотасы

2010-жыл “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси

2010-жыл БШКнын төрагасы А. Сариевдин “Ардак

Грамотасы

2016-жыл БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабековнанын

“Ардак Грамотасы”

113
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КРЕМЧЕЕВА

Раиля Халиуловна

Инспектор отдела

кадров Сулуюктинского

отдела культуры.

Раиля Халиуловна

родилась 18 марта

1963 года в городе

Сулюкта. Росла и

воспитывалась в многодетной

семье мама

с папой, 5 сестер и

три брата. Родители

были простыми разнорабочими, отец ХалиуллаХасанович работал

в шахте, мама Зубяйда работала разнорабочей, санитаркой

в больнице.

Кремчеева Раиля с 1971 по 1980 год обучалась в общеобразовательной

школе. В 1980 году окончила среднюю школу №1

им. В. И. Ленина.

В 1991 году окончила Московский Всесоюзный заочноиндустриальный

техникум строительных материалов по специальности

техник-плановик.

Неоднократно ездила на курсы повышение квалификации,

семинары по организации и методики ПЭО (г. Ош-1987г. г.

Киев-1989г. Исфана-2015 г. Баткен-2016г)

После окончание средней школы в феврале 1981 году устроилась

на работу в Сулюктинский опытноэскпериментальный

кирпичный завод общий стаж 18 лет проработала

в качестве:

– рабочей отдела технического контроля (ОТК) -09. 02.

1981-01. 02. 1982 гг;

– реализатором готовой продукции -01. 07. 1982-01. 07. 84

гг;

– инспектором отдела кадров -01. 07. 1984-06. 02. 96гг;

– инженер-экономистом-инспектором отдела кадров -06.

02. 1996 - 05. 05. 1999 гг;

114
Увадат САБУРОВА

В 1993 году Сулюктинский опытно-экспериментальный

кирпичный завод был преобразован в Акционерное общество

“Тунгуч”

Уволилась 0505. 1999 года из-за банкротства АО “Тунгуч”

С 18 сентября 2000 года работаю в Сулюктинском городском

отдела культуры в должности инспектора отдела кадров.

1094 году вступила в ряды коммунистической партии.

– Избиралась секретарем первичной комсомольской организации

кирпичного завода;

– заместителем первичной партийной организации кирпичного

завода;

– Депутатом Сулюктинского городского Совета народных

депутатов

– Неоднократно участвовала в предвыборной компании по

проведению референдума, выборов избиралась секретарем,

председателем избирательной комиссии по избирательным

участкам г. Сулюкта. Активно участвую в общественной жизни

коллектива и города.

За добросовестную работу неоднократно поощрялась ценными

подарками;

Почетными грамотами:

– Сулюктинского опытно-экспериментального завода;

– Министерством промышленности строительных материалов;

– Почетной грамотой за добросовестное отношение и выполнение

функциональных обязанностей при проведении

учений по гражданской обороне;

– Сулюктинского отдела культуры;

– Мэры г. Сулюкта;

– Управления культуры по Баткенской области;

– Министерства культуры, информации и туризма;

– За участие в фестивале “Өрүкзар мекени” Почетной грамотой

Министерства культуры, информации и туризма.

Пользуется уважением среди коллектива отдела культуры и

в целом населения города.

115
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

УСУПБАЕВА

Гулсара Жолоевна

Усупбаева Гулсара 1953-

жылы 10-октябрда Жалал-

Абад облусунун Жаңы-Жол

районуна караштуу Кашка-

Суу айылында төрөлгөн.

1971-жылы ошол айылдагы

мектептин 10-классын

аяктаган. Бир жыл ошол

колхоздо эмгектенген.

1972-жылы Жалал-Абад

зооветеринардык техникумуна

тапшырып, 1975-

жылы бүтүрүп чыгат. Ошол

эле жылы Лейлек районуна

келин болуп келет.

1975-жылы Кулунду

колхозунда чарбалык адис

катары ири мүйүздүү мал

чарбасында СТФ да лаборант

болуп иштеген. Бул кызматта 1976-жылдын акырына

чейин иштеп, 1978-1995-жылга чейин Сүлүктү шаардык эт

комбинатында лаборант-ветврач болуп эмгектенет.

1995-98-жылга чейин шаардык ветстанция тараптан

шаардык базарда ветлаборант болуп иштеген.

1987-жылы шаардык эт комбинатында иштеп жүрүп

“Тамак-аш өнөр жай” министрлиги тараптан “Коммунисттик

эмгектин ударниги” төш белгисине ээ болгон.

Андан башка ар түрдүү жагдайда ардак Грамоталар менен

сыйланган. 1998-2000-жылга чейин “Макай” аймагында

төрайым болуп, элдин биримдигин чыңдап, ошол учурда

“Көчө майрамы сынагында жеңүүчү аталган. Азыркы

учурда ардактуу эс алууда.

Эки уул, бир кыздын сүйүктүү энеси. Балдарынын үчөө

тең жогорку билимдүү. 6 небереге чоң эне, таене.

116
Увадат САБУРОВА

ЫР ЖАНДУУ АЙЫМ

Канназарова Канышай Азиреткуловна 1960-жылы 20-октябрда

Лейлек районуна караштуу Көк- Таш айылында кызматчынын үйбүлөсүндө

туулган. 1968-жылы айылдагы “Кызыл-Жылдыз” орто

мектебине кирип, 1978-жылы 10-классты аяктаган. Канышайдын

энеси Адалат 7-классты бүтүп, мугалим болуп иштеген. Атасы

Канназаров Азиреткул мектептен окубай эле өз алдынча окууну

үйрөнүп, анан Оштогу финансы техникумун бүтүргөн билимдүү

адам болгон.

1983-жылы Жалал-Абад шаарындагы педучилищасын аяктап,

Сүлүктү шаарындагы Токтогул атындагы №2 орто мектебине

башталгыч класс мугалими болуп ишке орношот. 1986-жылдан

баштап И. Раззаков атындагы №7 орто мектебинде иштеп калган.

Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМПУ не келип

тапшырат. Окууну 1995-жылы бүтүргөн. 1992-93-жылдары мектепте

профком, 1994-жылы уюштуруу завучу болгон. Шаардык ар

кандай майрамдарда, конкурстарда окуучуларын жакшы даярдык

менен катыштырып, дайыма байгелүү орундарга жетише алган.

1999-жылы Н. Кушматов атындагы гимназия мектебинде уюштуруу

завучу. Ошол эле жылы Кош-Булак поселкалык кеңешке депутат

болуп шайланат. Гимназияда бир жыл иштегенден кийин,

кайра И. Раззаков атындагы №7 орто мектебине директордук

кызматка көтөрүлөт. Директор болуп иштеп жаткан мезгилде И.

Раззаковдун 90 жылдык маарекесин өткөргөн. Мектепке Раззаковдун

музейин ачып, мектеп алдына айкелин тургузат. Мектеп

иши менен гана алектенбестен, шаардын ар кандай көчө май-

117
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

рамдарына активдүү катышып келген. Эки жылдай директор болуп

иштегенден кийин турмуш шартына байланыштуу Чүй облусунун

Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылына көчүп

келет да, В. Я. Захарченко атындагы №1 орто мектебине башталгыч

класс жана кыргыз тили мугалими катары жумушка орношот.

2002-жылдан бери ушул мектепте үзүрлүү эмгектенип келет.

7-жылдан бери окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

Канышай иш менен бирге чыгармачылык менен да алектенет.

А. Осмонов атындагы ийримдин мүчөсү. “Дил кайрык” аттуу

ырлар жыйнагы китебинин автору. Экинчи китеби басууга даяр

болуп турган убагы.

Канышай эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойтту. 5 небереси

бар.

Кыздары үйлүү-жайлуу. Уулу көп кырдуу, таланттуу инсан. Кесиби

курулуш иштери боюнча дизайнер-архитектор. Көп аспаптарда

ойногон музыкант, сүрөтчү, скульптор да, “Акыркы октябрь”

киносунун автору жана башкы каармандын ролун аткарган актёр.

Азыр Россияда жашайт. Бир кызы бар.

Канышай Азиреткуловна көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүдөй

сыйлыктарга ээ болгон.

Эмгек китепчесине 4 жолу алкыш жазылган.

5-жолу мектептин директору тарабынан Ардак Грамотасы менен

сыйланган.

1998-жылы Сүлүктү шаарынын Горгосадминистрациясынын

Ардак Грамотасы.

2000-жылы Билим берүү министрлигинин Ардак Грамотасы.

2005-жылы Фрунзе айыл өкмөтүнүн 2 жолу Ардак Грамотасы.

2007-жылы Панфилов районунун администрациясынын

1-орун үчүн Ардак Грамотасы.

2008-жылы Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы.

2009-жылы Кыргыз Билим берүү академиясынын Ардак Грамотасы.

2010-жылы КРнын “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси.

2016-жылы окуу бөлүмүнүн башчысы катары үзүрлүү эмгеги

үчүн райондук Билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы.

Азыр башка жакта иштеп жатса да жүрөгү Сүлүктү-Лейлек деп

согот. Энелик жүрөгү мээримге толо.

118
Увадат САБУРОВА

АТА БАРКЫ МЕНЕН КЫЗ ӨСӨТ

Мезгил деген күлүк нерсе

экен. Саттаркулова Гүлмира

Кыргыз Улуттук университетинин

тарых адистигин

бүткөнүнө мына 15 жыл болуп,

канаттуу куштай учуп

өттү. Гүлмира Кыргыз Республикасынын

эмгек сиңирген

мугалими Баба Саттаркуловдун

кызы. Жарк этип

жанган өмүрүндө атасы артында

из калтырып, урпактарынын

жүрөгүнөн түнөк

таап, унутулбай ооздоноозго

бүгүнкү күнгө чейин

сүйлөнүп келе жатат. Баба

Саттаркуловдун эбегейсиз

эмгегинин бири ата-бабалардан калган мурастарды чогултуп,

элдик музей түзүп, муундан-муунга эстелик кылып

калтырып кетти.

Ошондой улуу инсандын кызы Гүлмира Бабаевна 1995-

жылы Лейлек районундагы Көк-Таш айылынын “Кызыл-

Жылдыз” орто мектебинен ийгиликтүү аяктап, 1996-жылы

Бишкек шаарындагы КМУУга тапшырып, 2002-жылы

окууну бүтүргөн. Айылына келип (Кызыл-Жылдыз) азыркы

Баба Саттаркулов атындагы орто мектепке тарых мугалими

болуп иштей баштаган. Анан турмуш шартына байланыштуу

2004-жылы Сүлүктү шаарындагы И. Бектемиров

атындагы №8 орто мектебине которулуп иштей баштаган.

Мектепте тарбия завучу болуп иштеген. Бүткүл күчүн

окуучуларга билим берүүгө жумшап, окуучулары олимпиадаларда

жеңүүчүлөрдөн болушту. 2008-окуу жылында

“Жыл мугалими “ конкурсу болуп, “Жылдын мыкты муга-

119
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

лими” деп табылган. Мектепте гана иштеп тим болбостон

элдин көйгөйлөрүн да чечкенге жетишти. Айылда балдар

бакчасы жок болгондуктан 2003-жылы бир канча демөөрчүлөрдү

таап, 60 орундуу балдар бакчасын ачканга жетишти.

Бүгүнкү күндө анда 17 адам жумуш менен камсыз болуп,

70 бала татынакай тарбия алып жатат. Ошол бакча

үчүн Гүлмиранын бир өмүрү өтүп келе жаткандай сезилет.

Себеби качан болбосун бакчанын көйгөйлөрүн чечүү үчүн

тынымсыз чуркап жүргөнү көрүнүп турат.

Бөкөнбаев айылынын тургундары бул мээнеткеч мугалимге

өтө ыраазы болуп, ар дайым сыйлап турушат.

Адам өмүрү, атак-даңк, байлык, бийлик, дөөлөт сыяктуу

бир күн келет, бир күн кетет дегендей Гүлмиранын асыл

сапаттарынын бири анын жөнөкөйлүгү, кесиптештерине

мамилеси, сүйлөгөн сөзү менен ишинин төп келиши баарына

сабак болот. Ушундай ак дилден иштеп, ата ысмын

бийик тутуп жүргөндүгү “Ата перзенти” да дедирбей койбойт.

Өз коллективинде, айылда күндөн-күнгө кадырбаркка

ээ болуп келүүдө.

Гүлмира Бабаева үй-бүлөсүндө күйөөсүнүн күйүмдүү

жубайы, балдар-кыздарынын сүйүктүү энеси.

120
Увадат САБУРОВА

АТАНОВА

Бүбүнар Абдуразаковна

Атанова Бүбүнар Абдуразаковна

Сүлүктү шаарында

1959-жылы 25-майда

кенчинин үй-бүлөсүндө

туулган.

1960-жылы Сүлүктү

шаарындагы “Кыргызстандын

40 жылдыгы” атындагы

№4 орто мектебинен башталгыч

класска кирип, 1976-

жылы 10-классты бүтүргөн.

Мектептен орто билим

алган соң, “Советтик Тажикстан”

совхозуна чабан

болуп эмгек жолун баштап,

1979-жылга чейин иштеген.

1979-жылдан 1982-жылга чейин Лейлек районундагы

айыл чарба башкармалыгында кат иштери боюнча адис

кызматында эмгектенген. 1982-1985-жылдары “Советтик

Тажикстан” совхозундагы балдар бакчасынын башчысы,

ушул эле совхоздо 1987-жылга чейин эсепчи болуп иштеген.

1986-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумунан

билим алып, 1988-жылы жогоруда аталган техникумдун

толук курсун “Айыл чарба өндүрүшүндөгү бухгалтердик

эсеби” адистиги боюнча сырттан окуп бүтүргөн.

1987-88-жылдары Сүлүктү шаарындагы азыркы Сүлүктү

тазалык муниципалдык ишканада эсепчи, 1991-97-жылдары

“Сүлүктү көмүр” мамлекеттик акционердик коомунда биринчи

категориядагы эсепчи кызматында иштеген.

121
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Атанова Бүбүнар 1997-жылдан бери Кыргыз Республикасынын

өзгөчө кырдаалдар министрлигинде РОКОнун

ТОО кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын каржы

чарбалык жана иш жүгүртүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп

эмгектенип келе жатат.

Бүбүнар Абдуразаковна көп жылдык эмгек жолунда элге

кызмат кылып, мамлекетибиздин экономикалык жактан

өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, жакшы ийгиликтерге жетип,

ТОО кен кырсыктарынан

куткаруу кызматынан

үч жолу “АЛКЫШ” сыйлыгы

менен сыйланган. Сүлүктү

шаарынын мэриясынан

4 жолу “Ардак Грамота”,

Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинен “Ардак

Грамотасы” жана “Ардактуу

кызматкери” төш белгиси

менен сыйланган.

2016-жылдын 31-

августунда Кыргыз Республикасынын

Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата ТОО

кен кырсыгынан куткаруу кызматынын “Ардак Грамотасы”

менен сыйланды.

Бүбүнар өз кесибин өркүндөтүп туруу үчүн Кыргызстандагы

бюджеттик мекемелер үчүн “1С БУХГАЛТЕРИЯ

” программасынын негизиндеги бухгалтердик эсеп практикалык

курсунан эки жолу өткөн.

Атанова Бүбүнар үй-бүлөсүндө алты бир туугандын эң

улуусу. Атасы Сүлүктүдө ТОО кен казуу ишканасында өткөөлчү

болуп иштеген. Жолдошу Асанов Исматилла айдоочу.

үч уул, эки кыздын сүйүктүү энеси. 15 неберенин

чоң эне жана таенеси.

122
Увадат САБУРОВА

ПУСУРМАНОВА Айниса Ташматовна

Айниса Ташматовна 1966-

жылы 15-декабрда Баткен

облусунун Сүлүктү шаарында

туулган.

Билими-жогорку. Пржевальск

Мамлекеттик педагогикалык

институтунун орус

тили жана адабияты факультетин

1984-1989-жж. окуп

бүтүргөн.

Ал өзүнүн эмгек жолунда

катардагы мугалим, мектептин

директору кызматтарын

аркалап, андан кийин облустук

жана республикалык деңгээлдеги

мамлекеттик органдарда

эмгектенип келүүдө:

2013-2016-жж. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим

берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти

2012-2013-жж. КР Жогорку Кенешинин депутатынын

консультанты

2011-2012-жж. КР Жогорку Кенешинин Аппаратынын

Билим берүү, илим, маданият жана спорт бөлүмүнүн

эксперти

2002-2008-жж. Ош облустук Билим берүү башкармасынын

башкы адиси

1998-2001-жж. Сүлүктү шаарындагы В.И.Ленин

атындагы мектептин директору

1994-1998-жж. Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн

инспектору, Билим берүү бөлүмүнүн башчысынын

орун басары, Усулкананын башчысы

123
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

1992-1994-жж. Сүлүктү шаарындагы Токтогул атындагы

орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими

1990-1991-жж. Кыргызстандын ЛКЖС Сүлүктү

шаардык комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн

инструктору

1989-1990-жж. Сүлүктү шаарындагы Токтогул атындагы

орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими

Сыйлыктары: "КР Билим берүүнүн мыктысы” төш

белгисинин ээси, КР Билим берүү жана илим министрлигинин,

КР Маданият жана туризм министрлигинин, Сүлүктү

шаардык мамлекеттик администрациясынын Ардак

Грамоталары

124
Увадат САБУРОВА

АЙТИЕВА

Уулжан Матураимовна

Уулжан 1964-жылы 3-

майда Лейлек районунда

Чимген айылында кызматчынын

үй-бүлөсүндө туулган.

1971-жылы мектеп босогосун

аттап, 1981-жылы

аяктаган. Эмгек жолун

Мамлекеттик атайын чарбада

статистка болуп иштөө

менен баштаган. Бала кезинен

ата кесибин аркаласам

деген тилеги ишке ашып,

1982-84-жылы Фрунзедеги

финансы экономикалык

техникумда окуган. 1984-

жылы Лейлек райондук

мамлекеттик камсыздандыруу

бөлүмүндө инспектор, экономист болуп, 1096-жылга

чейин иштеген.

Өмүрлүк жолдошу Туранов Исмайил милиция кызматкери

болуп Сүлүктү шаарында иштегенине байланыштуу

1996-жылы Сүлүктү шаардык “Недр” кичи ооруканасында

экономист болуп иштеген. 1997-2000-жылдары шаардын

борбордук ооруканасында экономист, башкы эсепчи болуп

эмгектенет. 2000-жылы шаардык финансы бөлүмүндө жетектөөчү

башкы адис болуп, 2009-жылдан баштап бөлүмдүн

башчысынын орун басары болуп үзүрлүү эмгектенип

иштеп келе жатат. Уулжан кайсы жерде болбосун өз кесибин

ардактап сүйгөн адис катары көрүнө алды. Шаардын

экономикасын көтөрүүдө өзүнүн бараандуу салымын кошо

алган. “Эр эмгегин жер жебейт” дегендей, Уулжандын

125
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

үзүрлүү эмгеги эске алынып, бир канча сыйлыктардын

ээси болду.

Сүлүктү шаардык мэриясынын Ардак Грамотасы, 2001-

2003-жылдары эки жолу Баткен облусунун администрациясынын

Ардак Грамотасы, 2003-жылы КРнын Финансы

министрлигинин Ардак Грамотасы, 2011-жылы “Финансы

экономикалык иштин мыктысы” төш белгиси, үстүбүздөгү

жылдын 31-июлунда КРнын “Ардактуу инсандары” наамы

ордени менен сыйланган.

Жолдошу Туранов Исмайил милициянын отставкадагы

ага лейтенанты, пенсионер. Исмайил экөө 32 жыл бирге

өмүр сүрүп, үч уул, эки кызды тарбиялап, эрезеге жеткирип

чоңойтушту. Бүгүнкү күндө алты неберенин чоң ата,

чоң энеси, таене, таятасы. Чоң кызы Нуржамал Ж. Баласагын

атындагы Улуттук университетинин Ош шаарындагы

филиалында кадр бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

Кичүү кызы Акмарал Исфана шаарындагы “Беко” кичи

ишканасында менеджер болуп эмгектенет. Чоң уулу Бексултан

тиш техниги, Асан медакадемиясынын дарылоо факультетинин

6 курсунда окуйт. Үсөнү КГУСТАны быйыл

бүтүрүп, жеке “Асус” деген студия ачып, оператор болуп

Бишкек шаарынын тургундарына кызмат кылууда.

Уулжан өзүнүн адамгерчиликтүү касиети мене ар бир

инсанды уга билет. Ошондуктан кайын журтуна, кесиптештерине,

уул, кыздарына кадыр барктуу. Сый урматка ээ

болуп жашап келет.

126
Увадат САБУРОВА

ДЖУМАБАЕВА

Кымызай Бараковна

Кымызай Бараковна

Сүлүктү шаарына караштуу

Кольцо айылында

1961-жылы 23-июлда туулган.

Жогорку билимдүү.

Сүлүктү шаарындагы

БатМУдан башталгыч

класс мугалими адистигин

2005-жылы бүтүргөн.

1979-жылы Токтогул

атындагы №2 орто мектебинде

китепканачы болуп

иштеген.

1998-жылы “Наристе”

балдар бакчасына жетекчи

болуп келген. 2011-жылы

“Келечек” балдар бакчасына

жетекчи болуп которулган.

2015-жылдан бери “Наристе” балдар бакчасында жетекчи

болуп иштеп келе жатат.

Кымызай Сүлүктү шаарындагы орус тилдүү жалгыз

балдар бакчасын жетектөө менен, бакчанын материалдык

базасын чыңдоо үчүн ата-энелер менен, коомчулук менен

тынбай байланыш түзүп иштеп келет.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып төмөнкүдөй сыйлыктарга

да ээ боло алган.

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси.

Шаардын, облустун, министрликтин Ардак Грамоталары

менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, жолдошу Жумабаев Абдикалил көп жыл ички

иштер бөлүмүндө кызмат кылып, азыркы учурда ардактуу

эс алууда.

Бир кыз, үч уулду кошо тарбиялашты. 8 неберелүү болушкан.

Кызы Жумагүл гинеколог врач, чоң уулу юристбизнесмен,

кичүүсү да врач болуп иштешет.

Келиндеринин чоңу бизнесмен, кичүүсү врач.

127
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

БАЗАРБАЕВА

Бүбүнукура Кудайбердиевна

Мен 1968-жылы

27-декабрда Сүлүктү

шаарында туулгам.

1986-жылы №3 орто

мектебин ийгиликтүү

аяктап, ошол эле мектепке

узартылган

группада тарбиячы

болуп иштегем. 1987-

жылы ФПИРЯЛга

тапшырып, 1993-

жылы орус тили жана

адабияты адистигине ээ болуп келгем. 1993-1994-жылы

№3 орто мектебинде иштеп, 1994-1996-жылдары ошол эле

мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1996-976-жылдары

Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп-интернатында тарбия

иштери боюнча завуч болуп иштедим. 1997-1999-

жылдарда №1 В. И. Ленин атындагы орто мектебинде директор,

2012-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Токтогул

атындагы №2 техникалык лицейинде директор болуп

иштеп келүүдөмүн. Шаардык кеңешке эки жолу депутат

болуп шайландым.

Ушул мектепте эмгектенүү менен МЕРСИКО бейөкмөт

уюмуна проект жазып, 100 миң сомдук эмеректерди алып,

мындан сырткары Түрткү берүүчү грантка долбоор жазып

өткөрүп, 1 млн 700 миңге лицейдин имаратынын чатырын

жаңылап жабууга жетише алдым.

Мындан сырткары материалдык-техникалык базаны

чыңдоо максатында демөөрчүлөр, ата-энелер жана мектептин

бүтүрүүчүлөрү менен тыгыз байланышта болуп иштеп

келем.

128
Увадат САБУРОВА

2015-2016-окуу жылында жылытуу системасын жаңылоо

максатында проект даярдалып, 2 млн 600 миңге түрткү

берүүчү гранттын эсебинен жылытуу системасы жаңыланды.

Мезгил талабына жараша окуучулардын билим сапатын

көтөрүүдө мугалимдер менен тыгыз иш алып барып түрдүү

семинарлар, педагогикалык окууларды, семинартренингдерди

уюштуруп, жамаатта ынтымакты, биримдикти

камсыздоонун үстүндө эмгектенип келем. Үйбүлөлүүмүн,

1 уул, 1 кыздын энесимин.

2009-жылы шаардык Билим берүү бөлүмүнүн Ардак

Грамотасы, 2011-жылы Баткен областык администрациясынын

Ардак Грамотасы, 2013-жылы Билим берүү жана

Илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш

белгиси менен сыйлангам. Мындан тышкары коомдук иштерге

активдүү катышып, СДПК партиясынын ишмердүүлүгүнө

салым кошкондугум үчүн ыраазычылык каттар,

практиканттар менен иштөөдө жардам бергендигим үчүн

Сүлүктү Гуманитардык Экономикалык институтунун жетекчисинин

атынан ыраазычылык каттар менен сыйлангам.

129
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

РУСТАМОВА

Базаргүл Саттаровна

Базаргүл

Саттаровна

1963-жылы 30-июнда

Лейлек районуна караштуу

Чимген айылында

туулган. 1987-

жылы Бишкек шаарынан

КМУнун химия

факультетин бүтүрүп,

Сүлүктү шаарындагы

Токтогул

атындагы №2 орто

мектебинде химия мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

1988-89-жылы Н. Крупская, учурда И. Раззаков атындагы

№7 орто мектебинде химия мугалими, окуу бөлүмүнүн

башчысы болуп иштеген.

1999-жылы Н. Кушматов атындагы №9 мектепгимназия-сында

окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп,

анан директордук кызматка көтөрүлгөн. 2001-2002-жылы

бала кароо өргүүсүнөн чыгып, кайрадан өзүнүн ордуна директордук

кызматка келип, азыркыга чейин талыкпай эмгектенип

келүүдө.

Ушул мезгил ичинде №9 мектеп-гимназиясы облустук,

республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга жетишип

келүүдө.

№9 мектеп-гимназиясы мамлекеттик статуска ээ болуп,

сертификат да ала алды.

2008-2009 окуу жылында мектеп-гимназиясы даярдоо

жана башталгыч класстарды ачканга жетишти.

2009-2010-окуу жылында АЭМ сабактары киргизилип,

өз жыйынтыгын берүүдө.

130
Увадат САБУРОВА

2012-13-окуу жылында энелердин мектебинин программасы

практикаланып, 2016-17-окуу жылында новатор

мугалим Гапар Мадаминовдун программасынын негизинде

ар бир класс үчүн өзүнчө түзүлгөн программа менен окутуу

киргизилип, жемиштүү аракеттер жаралууда.

Мектеп-гимназиясынын материалдык-техникалык базасын

чыңдоого көп эмгек жумшалды.

Жасалып жаткан алгылыктуу иштерде Базаргүл

Саттаровнанын чоң эмгеги бар деп айтууга болот.

Рустамова Б. С. “Жыл мугалими-1997” сынагынын жеңүүчүсү.

КР Билим, Илим жана Маданият министрлигинин Ардак

Грамотасы менен сыйланган. Кызматкерлердин кесиптик

борбордук комитетинин Ардак Грамотасы, Ош облусунун

Билим берүү бөлүмүнүн башкармалыгынын “Алкоо

баракчасы”, Сүлүктү шаарынын администрациясынын Ардак

Грамоталары менен сыйланган. “Билим берүүнүн мыктысы”

төш белгисинин ээси. Ошондой эле алгылыктуу эмгегинин

натыйжасында “Жылдын жетекчиси-2012” диплому

менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, үч кыздын сүйүктүү

апасы. Жолдошу Сарыбаев Алмамат шаардыгы кадырлуу

врачтардан. Базаргүл Саттаровнанын эң мыкты педагогикалык

чеберчиликке жетишкендиги үчүн, мыкты жетекчи

катары да сыйланган.

131
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ДЖУРАЕВА

Рабия Дехкановна

1965-жылы 8-мартта Сүлүктү

шаарында кенчинин

үй-бүлөсүндө туулган.

1972-жылы №3 Макаренко

атындагы орто мектебине

барган. 1982-жылы Лейлек

районундагы Ю. А. Гагарин

атындагы орто мектебин

ийгиликтүү аяктаган. Ошол

эле жылы ДСУ (жол курулуш

башкармалыгы) на

жумушка орношкон. 1984-

жылы ОшМУнун педагогика

жана психология бөлүмүнө

сырттан тапшырган. 1990-

жылдан баштап көмөкчүмектеп

интернатынын башталгыч

класс мугалими болуп

иштеп, 2004-жылы окуу

бөлүмүнүн башчысы болгон.

2005-жылы ушул мектепке

директордук кызматка көтөрүлгөн.

Жетекчи болуп алгач жумушун баштаганда эле, бул

жерде окуган окуучулардын көңүл жылытарлык эмес экендигин,

мектептин ички-сырткы ремонттору талапка жооп

бербегендигин билип, шымаланып ишке киришет.

25 көйгөйлүү маселени чечүү үчүн чуркабаган жери,

кирбеген эшиги калбады. Көздөгөн багытынан кайтпаган

кайраттуу, чечкиндүү, мээримдүүлүгү менен иштерман

кыздарыбыздын катарын толуктап келет. Республикалык

деңгээлдеги семинарды өткөргөндө келген коноктор бул

жердеги окуучулар үчүн түзүлгөн шартты көрүшүп, өздөрүнө

үлгү катары алып кетишкен. Ушул мектептен бүтүргөн

кээ бир окуучуларга турмуш-шартына байланыштуу квартира

да алып берген.

Анда ата-энеси жок балдар билим алышат. Бул эмгек

жамаатында 70ке жакын киши эмгектенишет. Окуучулардын

саны 115.

132
Увадат САБУРОВА

Рабия Дехкановна мектеп-интернатына көптөгөн оңдоолорду

жүргүзө алды.

1998-жылы шаар боюнча жыл мугалими сынагына катышып

1-орунду ээлеген. Областык конкурска жолдомо

алып 56 мугалимдин ичинен 2-орунга жетишкен. Билим

берүү министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш

белгисине ээ болгон.

2010-жылы шаардын “Жылдын мыкты айымы” наамына

ээ болгон. 2012-жылы КРнын президенти тарабынан “Эне

даңкы” медалын алган. Билим берүүнүн, облустун Ардак

Грамоталары менен сыйланган. Өзү эмгектенген жамаатта

насаатчы мугалим, жетекчи.

2015-жылы Кыргызстан Аялдар Конгрессинин “Кыргызстан

Аялдары” энциклопедиясына алтын тамгалар менен

жазылды.

Ушул эле жылы жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын

“Кыргыздын кыраан кызы” деген диплом, “Мыкты директор”

деген наамды жеңип алды.

Рабия эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүрдү. Кызы Венера

юрист, экинчи кызы 11-класста окуйт. Уулу Максатбек

тоо-кен инженери, кичи уулу 10-класста окуйт. Жолдошу

убагында балбан күрөштө көптөгөн мөөрөйлөрдү багынткан

дене-тарбия мугалими.

Ал өз сөзүндө менин ушундай даражага жетүүмө атаэнем

себепчи болгон деп эскерет. Рабия энесинен эрте

ажыраган. Атасы чиедей болгон балдар менен калгандыктан

анын эжекеси Дарханай атасынан сурап алып кетет.

Рабия өзүнүн бир туугандарынан бөлөк чоңойгон. Ал эже

мээримине бөлөнүп өстү. Бирок бир туугандары менен абдан

ынак.

Атасы Дехканбай ата кызынын стюардесса болом деген

каалоосуна макул болгон эмес. Кыздар үчүн мугалимдик

кесиптен өткөн кесип жок экендигин түшүндүргөн. Атасынан

көрсөтмөсү менен мугалимдик кесипке ээ болуп калган.

Бул кесипти тандаганына эч качан нааразы болбойт.

Ал өзүнүн кайраттуулугу, мээримдүүлүгү, чыдамкайлыгы

менен көптөгөн оозго аларлык жакшы иштерди жаратканга

жетише алды. Али да болсо алдына чоң максаттарды

коюп иштөөдө.

133
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

БУРХАНОВА

Гүлнара Шамильевна

Гүлнара Шамильевна

1967-жылы 28-майда Сүлүктү

шаарында кенчинин

үй-бүлөсүндө туулган. Улуту

татар. Жогорку билимдүү,

кесиби экономист.

2012-жылы Баткен мамлекеттик

университетин аяктаган.

1974-жылы мектеп босогосун

аттап, 1984-жылы бүтүргөн.

Ошол эле жылы

Кокон шаарындагы автожол

техникумуна экзаменсиз

кабыл алынып, аны 1987-

жылы аяктаган. Окуп жүргөн

мезгилде Москва шаарында

өткөрүлгөн Эл аралык жаштардын жана студенттердин

фестивалына катышып, “Мыкты студент” деген

төш белгиси менен сыйланган.

Эмгек жолун Сүлүктү шаарынан 1968-жылы кыш заводунда

техникалык коопсуздук боюнча инженер болуп

баштаган. Ошол эле жерде эмгек акы боюнча башкы адис,

өндүрүш башчысы, техникалык контроль бөлүмүнүн башчысы,

болуп иштеген. Ошону менен катар комсомол уюмунун

катчысы болуп эмгектенген. 18-комсомолдор съездине

делегат болуп шайланган. Кыш заводунда иштеген

мезгилде бир канча жолу Ардак Грамоталар менен сыйланган.

134
Увадат САБУРОВА

1994-жылы 19-июлдан баштап социалдык коргоо бөлүмүнүн

бөлүм башчысы болуп которулган. Азыркы учурда

да ошол жерде эмгектенүүдө.

Эмгектеги жетишкендиктери жогору бааланып шаардык

мэриянын жана шаардык кеңештин Ардак Грамоталары

менен сыйланат. 2009-жылы жана 2015-жылы Баткен облусунун

Ардак Грамоталарын алган. 2011-жылы “Социалдык

коргоонун мыктысы” төш белгисине татыктуу болот.

2013-жылы Афган жоокерлеринин Республикалык Кеңешинин

“Мээримдүүлүк” медалы менен сыйланган.

2016-жылы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун

Ардак Грамотасы менен сыйланат.

Үй-бүлөлүү, 1 кыздын сүйүктүү энеси. Жолдошу Рузбаев

Равшан Сүлүктү шаардык эс алуу багында электрик

болуп эмгектенет.

23-жылдык эмгегин мамлекеттин жардамына жана камкордугуна

муктаж жарандарга арнап, улгайган адамдар,

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, согуштун

ардагерлери, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон

үй-бүлөлөр менен тыгыз байланышта болуп иштеп келет.

Боорукердик, сабырдуулук, жардамын аябагандык социалдык

кызматкерлердин эң башкы сапаттарынын бири

болуп саналат.

Алар алсыз жана коргоого муктаж адамдардын эң акыркы

үмүтү болуу менен адамгерчиликке, адилеттүүлүккө

жана боорукерликке болгон ишенимин жогорулатат, жан

дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт.

Гүлнара өз кесибин сүйгөн инсан катары өз ишине сыймыктанып

иштеп келет.

135
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЫРЫСОВА

Нургул Анарбаевна

Ырысова Нургул

1981-жылы 5-октябрда Баткен

облусунун Сүлүктү

шаарында жумушчунун үйбүлөсүндө

туулган.

Атасы-Ырыс, энеси Гүлбүбү.

Үй-бүлөдө 5 бир тууган.

1987-жылы И. Раззаков

атындагы №7 орто мектебине

1-класска келип, 3-

класстан баштап №4 Р.

Жолбаев атындагы орто

мектептен окуйт. 1998-

жылы Н. Кушматов атындагы

мектеп-гимназиясынан

11-классты аяктаган. Ошол эле жылы Сүлүктү шаарындагы

гуманитардык-экономикалык институтуна кирип, кыргыз

тили жана адабияты адистигине окуп, 2003-жылы бүтүп

чыгат.

Эмгек жолун 2001-жылы №4 орто мектебинен кыргыз

тилчи мугалими болуп баштаган. 2010-2011-жылы окуу

бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылдан бери мектеп директору

болуп иштеп келе жатат. Он беш жылдык иш тажрыйбасында

көп ийгиликтерди жаратты.

2010-2011-окуу жылында окуучулардын предметтик

олимпиадасынын республикалык турунда окуучусу 1-

орунду ээлеген.

2013-2014-окуу жылында бир окуучусу Себат билим берүү

мекемеси жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги

тарабынан өткөрүлгөн кыргыз тили жана ада-

136
Увадат САБУРОВА

бияты олимпиадасында 3-орунду алган. Мына ушундай

эле олимпиадада областа окуучусу 1-орунга жетишкен.

2012-2013-окуу жылында шаардык социалдыкэкономикалык

жактан туруктуу өнүгүүсүн, билим берүүдөгү

реформаларды ишке ашырууда кошкон бараандуу

салымы үчүн “Жылдын мектеби-2013” кароо-сынагынын

жеңүүчүсү, мыкты мектеп, чыгармачылык жамаатты аныктоо

максатында өткөрүлгөн “Жылдын айылдык мектеби”

сынагынын облустук турунда 2-орунга жетише алды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Баткен областык комитети тарабынан “2013-

Иштермандар” жылына карата өткөрүлгөн 2013-жылдын

“Мыкты иш берүүчүсү” областык кароо-сынагында 3-

орунга ээ болгон.

2013-2014-окуу жылында СШБББ мү тарабынан Сүлүктү

шаардык социалдык экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон

салымы үчүн, 2015-жылы эң жакшы даярдыгы үчүн

мектеп 3-даражадагы диплом менен сыйланган.

2015-жылы “Мыкты инновациялык мектеп” кароосынагында

1-орунга жетишти. Мектептин ремонт иштерин

талапка жооп бере тургандай жогорку деңгээлде өткөрөт.

Кош-Булак айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы, Сүлүктү

шаардык мэриясынын жана спорт бөлүмүнүн Ардак Грамотасы,

Баткен областык комитетинин Ардак Грамотасы,

Билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы, билим берүү

борборунун диплому, мамлекеттик тил боюнча улуттук

комиссиясынын Ардак Грамотасы, Билим берүү министрлигинин

Ардак Грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү,

эки баланын сүйүктүү энеси.

137
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

БЕКТЕМИРОВА Жылдыз Жолдошевна

Жылдыз Жолдошевна 1978-

жылдын 12-февралында Баткен

районунун Баткен айылында туулган.

1086-1995-жылдары Баткен

районундагы Ак-Татыр айылындагы

орто мектепте окуган. 1995-200-

жылдары Ош Мамлекеттик университетинин

юридика факультетин

ийгиликтүү аяктап, “юриспруденция”

адистигине ээ болот.

Алгачкы эмгек жолун 2000-

жылы Баткен мамлекеттик нотариалдык

кеңсесинде архивариус

болуп иштөөдөн баштаган. Анан

Баткен Юстиция башкармалыгында

Жарандык абалдын актылары

жазуу органдары менен иштөө

боюнча башкы адис болуп иштеген.

2001-2006-жылдары Баткен мамлекеттик нотариалдык кеңсесинде

нотариус болуп эмгектенет.

2006-2010-жылдары Лейлек райондук жарандык абалдын актыларын

каттоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

2010-2012-жылдары Сүлүктү шаардык жарандык абалдын актыларын

каттоо бөлүмүндө адис, 2013-жылдан азыркыга чейин

Сүлүктү шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн

башчысы болуп иштөөдө.

Алган сыйлыктары: Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу

Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин

Ардак Грамотасы, Сүлүктү шаардык кеңештин Ардак Грамотасы.

Үй-бүлөлүү, жолдошу Улуттук коопсуздук Кызматынын ардагери,

эки уул, эки кыздын сүйүктүү апасы.

Мүнөзү оор басырыктуу, өз кесибин сүйгөн, эл үчүн кызмат

кылууда убактысын аябаган жана жоопкерчиликтүү боорукер эне.

Сүлүктү шаарына алты жылдан ашуун кызмат кылып келет.

Бул убакытта аз болсо да Сүлүктү шаарына мыкты жетекчи, жөнөкөй

инсан катары таанымал болуп, эл ичинде кадыр баркка ээ.

138
Увадат САБУРОВА

САДЫКОВА

Тахмина Исабековна

Мен 1983-жылдын 24-

сентябрында Баткен облусуна

караштуу Сүлүктү

шаарында туулгам. 1991-

жылы И. Раззаков атындагы

мектепке 1-класска кабыл

алынып, 1999-жылы

мектепти ийгиликтүү аяктагам.

Ошол эле жылы Сүлүктү

педагогикалык колледжине

тапшырып, 2002-

жылы бүтүрүп чыктым.

Башталгыч класстар мугалими

деген адистикке ээ

болдум.

Эмгек жолумду 2003-

жылы Сүлүктү шаарындагы “Келечек” балдар бакчасында

тарбиячы болуп эмгектенүүдөн баштагам.

Билимимди жогорулатуу максатында 2007-жылы Баткен

Мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык -

экономикалык институтуна тапшырып, 2010-жылы ийгиликтүү

аяктап, жогорку билимге ээ болдум.

2015-жылдан тартып “Келечек” балдар бакчасында

башчы болуп иштеп келе жатам.

Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Назыров Иметкул кесиби

боюнча экономист. Эки уул, бир кыздын апасымын.

Алган сыйлыктарым; Шаардык Билим берүүнүн, шаардык

мэриянын, облустук Ардак Грамоталары.

139
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

АБДЫСАИТОВА

Мээриниса Айдаралиевна

Мээринса Айдаралиевна

1976-жылы 22-январында

Сүлүктү шаарында туулган,

билими жогорку.

1993-жылы Р. Жолбаев

атындагы №4 орто мектебин

аяктаган. И. Арабаев

атындагы Кыргыз Мамлекеттик

университетинде

билим алып, кыргыз тили

жана адабият мугалими

адистигине ээ болот.

Алгачкы эмгек жолун

Сүлүктү педагогикалык

колледжинде окутуучу болуп

баштаган.

2005-2006-жылы Р. Жолбаев атындагы №4 орто мектебине

директордун тарбия иштери боюнча орун басары,

2006-жылдан баштап Билим берүү бөлүмүнүн усулчусу,

2008-2009-жылы кадрлар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,

2009-2011-жылы Сүлүктү шаардык мэриянын Үй-бүлө жана

балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси кызматтарында

иштеген.

2011-жылы “Ынтымак” балдар бакчасынын ачылышынын

уюштуруу иштерине өз салымын кошуп, ошол бакчанын

башчысы болуп дайындалат. Ушул эле жылы декабрь

айынан баштап “Баластан” балдар бакчасын жетектеп келүүдө.

Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн, Баткен облустук

Билим берүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын

Билим берүү министрлигинин Ардак Грамоталарынын

140
Увадат САБУРОВА

ээси. 2013-2014-окуу жылында эң жакшы жетишкендиктери

үчүн “Шаардын мыкты жетекчиси” номинациясына татыган.

2012-2016-жылга чейин өзү жетектеген жамаат менен

биргеликте балдар бакчасында 1-даражадагы дипломдордун

ээси болууда. Анын натыйжасы менен 2014-жылы

шаарда, областта “Мыкты бала бакча 2014” кароо сынагында

1-орунга жетишкен. Республикалык кароо сынакка

катышып 4-орунду камсыз кылып, Билим берүү министрлигинин

“Профсоюз уюмунун Мыктысы” төш белгисин

тагынган.

“Баластан” балдар бакчасынын башчысы кызматында

экономикалык өнүгүү программасын аткарууда жакшы

көрсөткүчтөргө жетишип, бакчанын шарттарын жакшыртуу

үчүн бир канча долбоорлорду ишке ашырууга салым

кошту.

Шаардык миграция тарабынан колдоого алынган бакчанын

санузели (ажаткана) 97500 сомго, бакчанын тосмосу

95500 сомго, МЕРСИКО уюму тарабынан колдоого алынган

долбоор боюнча бакчанын суу түтүктөрү жана канализациясы

383188 сомго, түрткү берүүчү грант тарабынан

колдоого алынган долбоордун негизинде жылытуу системасы

2млн 700 миң сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Мындан сырткары демөөрчүлөр жана коомчулук менен

тыгыз байланышта болуп, бакчанын материалдык-базасын

чыңдоодо бир канча алгылыктуу иштерди жасоо менен

коомдук иштерге да катышып келет.

Ишиндеги ийгиликтеринин натыйжасында 2016-жылы

октябрь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү

жана илим министрлигинин тандоосу менен КМШ мамлекеттеринин

билим берүү кызматкерлеринин Москва шаарында

өткөрүлгөн 4 съездинин делегаты болуп катышып

келген.

Бир баланын апасы, уулу Актилек Бишкек техникалык

колледжинде билим алат.

141
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ХИДИРОВА

Чолпонай Хабибуллаевна

Хидирова Чолпонай

1975-жылы 23-майда Сүлүктү

шаарында кызматчынын

үй-бүлөсүндө туулган.

1982-жылы Макаренко

атындагы №3 орто мектебинде

орто билим алып,

1992-жылы мектепти артыкчылык

аттестаты менен

аяктаган. Ошол эле жылы

Бишкектеги Тилдер жана

гуманитардык илимдер

мамлекеттик институтуна

кирип, 1997-жылы артыкчылык

диплом менен бүтүрүп

чыккан. 1997-

жылдан 2001-жылга чейин

Бишкек гуманитардык университетинин аспирантурасынын

күндүзгү бөлүмүндө окуп бүтүргөн. Ошол жылы Республиканын

Илимдер Улуттук академиясынын корреспондент-мүчөсү,

профессор Сыртпай Жолдошевич Мусаевдин

жетекчилиги астында “Кыргыз тилинин атоочтуктардын

семантика-грамматикалык кызматы жана деривациялык

типтери” деген темадагы диссертациясын 2006-жылы 4-

июлда Кыргыз илимдер улуттук академиясынын Тил илими

институтундагы Диссертациялык Кеңеште ийгиликтүү

коргоп, КРнын Улуттук аттестациялоо комиссиясы тарабынан

ага “Филология илимдеринин кандидаты” деген

илимий даража ыйгарышкан.

Расмий оппоненттери: филология илимдеринин доктору,

Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академия-

142
Увадат САБУРОВА

сынын корреспондент-мүчөсү, профессор А. Т. Турсунов,

фил. и. док. Т. Т. Токоев.

Чолпонай Хабибулаевна эмгек жолун 1999-жылы Бишкек

шаарындагы “Дастан” Технологиялык университетинде

окутуучу катары баштаган. 2002-жылдан бери БатМУ

СГЭИнин Түркология кафедрасынын мүчөсү, 2006-08-

жылдары кафедраны жетектеген. 2008-2009-жылында

БатМУ СГЭИнин гуманитардык-педагогикалык факультетинде

окуу-тарбия иштери боюнча декандын орун басары,

2010-жылдан тартып кайрадан кафедра башчысы, окуу

жайдын Окумуштуулар кеңешинин катчысы кызматтарын

аркалап келди.

“Кыргыз тилиндеги атоочтуктар” деп аталган илимий

монографиянын, 2 окуу колдонмо, 20 дан ашуун илимий

макалалардын автору.

СГЕИнин алдынкы тажрыйбалуу окутуучуларынын катарында

Ч. Х. Хидирова 2002-жылдан бери бул окуу жайда

билим берүү менен катар, жаш окутуучуларга өз тажрыйбасын

жайылтып келет.

Ал өз сабактарында окутуунун салттуу методдору (түшүндүрүү,

аңгемелешүү, суроо-жооп, байкоо жүргүзүү,

жазуу, дил баян ж. б. ) менен иштеп келүүдө.

Өзүнүн илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө эмгекчил,

жаңычыл, жоопкерчиликтүү, талыкпас илимпоз,

дасыккан тилчи катары өзүн көрсөтө алды.

Чолпонай эки уулдун мээримдүү энеси. Шаар тургундарынын

арасында чоң кадыр баркка ээ.

143
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

САБУРОВА

Бактыгүл Курбанбаевна

Сабырова Бактыгүл

1984-жылы 5-майда Сүлүктү

шаарында жумушчунун

үй-бүлөсүндө туулган.

7-жашка чейин “Тюльпан”

азыркы “Баластан”

балдар бакчасында тарбияланган.

1991-жылы И.

Раззаков атындагы №7-

орто мектебине 1-класска

кирип, 2001-жылы артыкчылык

аттестаты менен

аяктаган. Ошол эле жылы

Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун экономика

факультетинин “Колдонмо математика жана информатика”

бөлүмүнө тапшырган. Студент мезгилинде

ушул факультетте студенттер кеңешинин төрайымы болуп,

активист студенттердин катарын толуктаган.

Эмгек жолун 2003-жылы сырттан окуу менен Р. Жолбаев

атындагы №4 орто мектебинде экономика предмети

боюнча мугалим болуп иштейт.

2006-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, өзү окуган №7

орто мектебине математика мугалими болуп ишке келген.

Ошол күндөн баштап мектепте үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

2009-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Академиясынан

өз билимин жогорулатып, балдарга билим берүүдө

талыкпай иштеп жатат. Үзүрлүү эмгеги үчүн Сүлүк-

144
Увадат САБУРОВА

тү Билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак Грамотасы менен

сыйланган.

2010-2011-жылы Билим берүү бөлүмүнүн адиси болуп

иштеген.

2011-2012-жылы И. Раззаков атындагы №7 орто мектебине

тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп

дайындалат.

2015-2016-жылынын жыйынтыгы менен балдарга билим

берүүдө билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн

мектеп директорунун Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Ошол эле жылы мугалимдердин август-пленардык кеңешмесинде

Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн Ардак

Грамотасы менен сыйланат.

Талыкпай эмгектенип, үзүрлүү мээнетинин натыйжасында

И. Раззаков орто мектебине 2016-жылы директор

болуп дайындалган. Бактыгүл үй-бүлөлүү, эки кыздын

бактылуу энеси.

Азыркы күндө да талыкпай иштеп келе жаткан учуру.

145
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

КАЛИКУЛОВА

Таалайгүл Таировна

Калигулова Таалайгүл

Сүлүктү шаарында жумушчунун

үй-бүлөсүндө 1967-

жылдын 25-мартында жарык

дүйнөгө келген.

Таалайгүл Сүлүктү шаарындагы

үлгүлүү үй-бүлөдө

тарбияланганы анын баскан

турганынан, сүйлөгөн сөзүнөн

байкалып турат. Таалайгүлдү

тарбиялап чоңойткон

Айша эне шаарыбыздагы

нускалуу кайнене,

үлгүлүү эне. Таалайгүл да

эненин жолун жолдоп, туура

билим-тарбия алгандыктан

коомдо өз ордун таап,

эмгек жамаатынын арасында кадыр баркка ээ, үлгүлүү үйбүлө

катарында.

Сүлүктү шаарындагы №1 В. И. Ленин атындагы орто

мектепти ийгиликтүү аяктап, 1985-жылы Жалал-Абад

шаарындагы медициналык окуу жайына кирип, аны артыкчылык

диплом менен бүтүрүп чыккан. Мээрибан кесибине

ээ болгон соң 1987-жылы Бишкек шаарында Республикалык

кардиология институтунда мээрибан айым болуп

иштей баштаган.

2002-жылы билимин өркүндөтүү максатында Сүлүктү

Гуманитардык-экономикалык институтунун биология

адистигине тапшырып, 2007-жылы аяктап, врач - лаборант

кесибине ээ болгон.

146
Увадат САБУРОВА

Ушул мезгилден азыркы учурга чейин АИВ аныктоо

лабораториясын жетектеп келет. Таалайгүл өз кесибин

сүйгөндүгүн эмгеги менен далилдеп, алдынкы тажрыйбалуу

адис катары өзүн көрсөтө алды.

КРнын Саламаттыкты Сактоонун мыктысы, 2011-

жылдын жыйынтыгы боюнча “Мыкты дарыгер” наамына

татыктуу болгон. Жолдошу Ибрагимов Асат экөө 4 перзентти

тарбиялап өстүрдү. Бир небереси бар.

Таалайгүл

Элинен таалим алганда,

Үлгүсү болуп турмушта,

Татаал тагдыр жолунда,

Күзгү өңдүү чагылган.

Ата-эне милдетин,

Аткарып жаткан убагың.

Кыйналганда түйшөлүп,

Эне эмгегин эстейсиң.

Балдардын күтүп баласын,

Чоң эне болуу бакыт да.

Турмуштун татып таттуусун,

Эл кызматын аркалап.

Эмгегиң менен баркталып,

Бактылуу! Узун өмүр сүргүлө!

Жездеси Эралиев Ысмайыл Сартбаевич

КРнын эмгек сиңирген мугалими,

БатМУ ГЭИнин ага окутуучусу -.

147
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

МАДАМИНОВА

Райхан Калдыбаевна

Мен 1969-жылы

27-июнда Ош областына

караштуу Лейлек

районунун Самат

айылында кызматчынын

үйбүлөсүндө

төрөлгөмүн.

1984-жылы «Чимген»

орто мектебинин

8-классын бүтүрүп,

Жалал-Абад

шаарындагы А. С.

Пушкин атындагы

педагогикалык окуу

жайына тапшырдым.

1988-жылы педагогикалык

окуу жайды

аяктап, ошол эле

жылы Лейлек районунун

Катыраң айылындагы

“Козу-Баглан” орто мектебине башталгыч класс

мугалими болуп эмгек жолумду баштадым. 1988-жылдын

декабрь айында Лейлек районунун “Чимген” орто мектебинде

эмгек жолумду уланттым.

1990-1991-жылдары Лейлек районундагы “Алтын-

Бешик” балдар пионер лагеринде “Улуу пионер вожатый”

болуп иштедим. Чимген орто мектебинде комсомол комитетинде

иштедим. Мектепте иштеп жүргөн мезгилде бир

канча жолу райондук жана облустук фестивалдарга, семинарларга

катышып диплом жана грамоталарга ээ болдум.

148
Увадат САБУРОВА

1991-жылдан 1995-жылга чейин И. Арабаев атындагы

Кыргыз Мамлекеттик университетинин сырткы бөлүмүңдө

окуганмын.

1992-жылы мектептеги өндүрүштүк жаштар бригадасы

жакшы ийгиликке жетишкендиги үчүн Ташкент Бухара

жана Самарканд шаарына окуучуларды жетектеп барып

келдим.

1993-жылы турмуш шартыма байланыштуу Сүлүктү

шаарындагы №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинин

башталгыч класстын мугалими болуп иштедим.

1998-жылы Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан

уюштурулган “Жыл Мугалими” конкурсуна катышып

3-орунга жетиштим.

2005жылдан бери БатМУнун Сүлүктү педагогикалык

колледжинде иштеп жатам.

2009-2011-жылдары окуу жайда директордун орун басары.

Ал эми 2013-жылдан бери БатМУнун Сүлүктү педагогикалык

колледжинде директор болуп иштеп келе жатам.

Үйбүлөлүмүн: 2 уул, 3 кыздын сүйүктүү апасымын.

149
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

УМАЙ ЭНЕ

Улуу сөздү урматтап,

мээрбан эне, аял заты жөнүндө

эң жакшы сөздөрдү

айтып түгөтүү мүмкүн

эмес. Кыргыз аялын эзелтен

эле Умай эне деп урматташкан.

Түшүм мол

болгон жылды “Умай эненин

көкүрөгүнөн сүт агып

жатат” – деп айтышкан.

Умай эне баланын эркек,

кыз болушун белгилейт деген

түшүнүк бар. Кээ бир

түрк элдеринде “Кимде ким

Умай энеге табынса, уулдуу

болот” дешкен.

Кай заманда кандай гана

шартта болбосун аял заты

адам баласы үчүн эң оболу турмуштун туткасы, жашоого

көрк берген жароокер жар, мээрбан эне, мээнеткеч тарбиячы

жана үй-бүлөнүн куту.

Элибизде жети саны ыйык, ошого карата жети эненин

төрөтүн кабыл алган аял да ошол элдин энеси делип, ага

“Киндик энем” – деп өз энесиндей сый-урмат көрсөтүп келишкен.

Аял затына турмушта эң жооптуу, эң оор болгон түйшүк

жүктөлгөн. Себеби, турмуш жолунда; ага баланын түйүлдүк

алуудан баштап кантип тарбиялоо, тогуз ай өзүнүн

денесине көтөрүп, аны жарык дүйнөгө жаратуу, түн уйкусун

бөлүп наристени чоңойтуп, ооруса кошо ооруп, басканда

кошо басып, жакшы тарбия берүү да аял затынын

эмгеги.

150
Увадат САБУРОВА

Жогоруда муундан-муунга, урпактардан-урпакка эл

оозунда айтылып келе жаткан уламыш шаардык төрөт бөлүмүнүн

бөлүм башчысы Самадова Гүлнара Халиевнага

тикеден-тике тиешеси бар деп ишеним менен айта алам.

Ал өзүнүн 52 жылынын 35 жылында жогорудагы 7 эмес

70000 эненин толгоосун бирге тартып, кубанычын тең бөлүшүп,

өзү уулдуу, кыздуу болгондой маңдайы жарыла

кубанып келет. Элге кылган ак кызматынын акыбетин да

көрүп келет.

Эмгектеги жетишкендиктери үчүн:

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты

сактоо министрлигинин “Саламаттыкты сактоонун ардактуу

кызматкери” төш белгиси.

2007-2008-жылдары Кош-Булак айыл өкмөтүнүн Ардак

Грамоталары менен сыйланган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин

мактоо баракчасы, төш белгиси менен сыйланган.

2011-жылы Кош-Булак поселкалык башкаруусунда

коомчулуктун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ардак

Грамотасы менен сыйланат.

2011-жылы Сүлүктү шаар мэриясынын “Алкыш баракчасы”

менен сыйланган.

2012-жылы Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын

Ардак Грамотасы менен сыйланган.

2013-жылы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин

“Ардак Грамотасы” менен сыйланды.

2013-жылы “Мыкты гинекологу” диплому.

2015-жылы КРнын кесиптик кошундун Ардак Грамотасы

менен сыйланган.

151
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ИСАБЕКОВА

Надирабегим Курманбековна

1984-жылы 17-

ноябрда Лейлек районуна

караштуу Кулунду

айылында туулган.

1991-жылы Интернациональная

айылындагы

“Кыргызстандын 40

жылдыгы” атындагы

орто мектебине келип,

2000-жылы 9-классты

артыкчылык күбөлүгү

менен аяктадым. Ошол

эле жылы Кулундудагы

Балдардын көркөм музыкалык

мектебинен

комуз классында окудум.

Ошондон баштап

Сүлүктү шаарындагы

педагогикалык колледжине

тапшырдым.

Аны 2004-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп,

2005-жылы БатМУнун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып,

2011-жылы аяктадым. 2009-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясына

тапшырып, 2015-жылы салттык музыка

жана фольклор бөлүмү боюнча ийгиликтүү аяктадым.

2005-жылдан баштап Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө

жетектөөчү адис, 2007-жылдан баштап Балдар музыкалык

мектебинин директору болуп иштеп келемин.

152
Увадат САБУРОВА

Алган сыйлыктарым:

2003-жылы БатМУнун Ардак грамотасы.

2006-жылы Баткен облусунда уюштурулган “Эл ичиөнөр

кенчи” кароо сынагында комузчулар жанры боюнча

2-даражадагы диплом;

2007-жылы “Оболо кыргыз кайрыгы” аттуу республикалык

дастанчылык телесынагынын “Алкыш” баракчасы;

2009-жылы облустук “Кут уядан кулпуна бер өрүкзар”

салттуу фестивалында комуз боюнча 2-даражадагы диплом;

Республикалык “Тогуз кайрык” телефестивалына катышкандыгым

үчүн Ардак грамотасы;

КРнын маданият министрлиги уюштурган “Тогуз кайрык”

телесынагына экинчи ирет катышып, Ардак грамотасын

алгамын.

2010-жылы “Кут уядан кулпура бер өрүкзар” фестивалында

элдик дастанчы номинация боюнча 1-даражадагы

диплом;

2011-жылы “БатМУ жазы-2011” фестивалында элдик

ырларды аткарууда жеңүүчү болгом.

2012-жылы Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн кесиптик

кошунунун Ардак Грамотасы, маданият бөлүмүнүн

диплому менен, 2014-жылы маданияттын мыкты кызматчысы

номинациясы менен сыйландым.

Обондору:

“Кыргыз нуру”, “Элегия”, “Кыздын каты”, “Арзуу”,

“Жериме”

Үй-бүлөлүүмүн: Жолдошум Эшанкулов Азамат маданият

бөлүмүнүн башкы эсепчиси болуп иштейт. 3 кызым,

бир уулум бар.

153
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

ЭНЕЛЕРГЕ ТААЗИМ

Энелер бул-кең ааламдын каймагы,

Энелер бул-уул-кыздын ардагы.

Берип турат күч-кубатты боюңа,

Үй ичинде эрбеңдеген карааны.

Түнү бою уйку көрбөй көздөрү,

Мээрим толо магдыратып сөздөрү.

Бала үчүн бүт өмүрүн арнаган,

Теңдеши жок асыл экен өздөрү.

Башым ийип таазим кылам силерге,

Нурун чачкан, көрктү берген жериме.

Тонналаган мага алтын берсе да.

Энелерди алмашпайм эч нерсеге, эч кимге.

Канышай КАННАЗАРОВА

154
Увадат САБУРОВА

Энеге теңдеш сөз жок!

Эне!!! Энеге теңдеш сөздү бул дүйнөнү төрт айланып

чыксаң да табуу кыйын деп ойлойм. Менин энемдин көзү

өткөнүнө канча жылдар болсо да, алиге чейин энемдин

элеси түшүмө кирет.

Мен энелерди, айымзаада аялдарды даңктаган асыл сөздөрдү

окуп атып ичимен миң ыйлап, миң толгонуп отурдум.

Дегеле эли-жери үчүн, үй-бүлөсү үчүн толгон- токой

түйшүктөргө чыдап, ак кызмат кылган көзү өткөн энелер

жөнүндө, асылзаада ардагер энелер жана айымдар жөнүндө

китеп чыгарганга белсенип киришкен классташым Сабурова

Увадат Бараковна.

Мен анын бул демилгесин билгенден кийин Увадатка

эмес, эли-жери үчүн ак кызматын аябаган, энелердин баркын

баалай билген, жалпы асылзаада аялдардын атын тарыхта

калтырууну ойлогон Увадаттай акылдуу кызды төрөгөн

Назипат энеге башымды ийип таазим этем. Анткени

Увадат Бараковнаны ушундай тарбиялуу, акыл-эстүү,

элин, үй-бүлөсүн ойлогон камкор инсан кылып тарбиялаган

Нази эне эмеспи.

Урматтуу Сабурова Увадат Бараковна, сиздин ушундай

китепти чыгарууга белсенип киришип, көп аракеттерди

жумшап жаткандыгыңызга бүткүл эркектердин атынан терең

ыраазычылык билдирип, рахмат айтам!

Сизге үй-бүлөлүк бакыт-таалай, чың ден соолук, кажыбас

кайрат каалайм! Уул-кыздын убайын көрүп, эл ичинде

кадыр-барктуу байбиче, неберелердин сүйүктүү чоң апасы,

таенеси болуп жүрө бериңиз, бактылуу карылыктын өмүрүн

сүрүңүз!

Сиздин эмгегиңизди жогору баалап:

Турботоев Абибулла Ибрагимвич

155
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Мазмуну

КИРИШ СӨЗ ..................................................................................... 3

Ардактуу эне ..................................................................................... 4

МЕНИН АСЫЛ ЭНЕМ .................................................................... 6

ЖАШООНУН ГҮЛҮ ДА,

БҮРҮ ДА СИЗДЕР - ЭНЕЛЕР! ....................................................... 8

ЭНЕМДИН ЭЛЕСИ ЖҮРӨГҮМДӨ ............................................. 10

ЭНЕМДЕН АЛГАН МУРАСЫМ! ................................................ 11

КАДЫРМАН ЭНЕ .......................................................................... 13

МЕНИН АРДАКТУУ ЭНЕМ ........................................................ 14

АЛГАЧКЫ ПЕДАГОГ ЭНЕ .......................................................... 16

ЭНЕМДИН ИЙИГИ ....................................................................... 18

МАМАТОВА Малике .................................................................... 20

ЭНЕМДИН ОРДУ БАШКАЧА ..................................................... 22

КРЕМЧЕЕВА Зубяйда Хасяновна ................................................ 24

МЕН АПАМДЫ АЯБАЙ САГЫНАМ .......................................... 27

НИЯЗОВА Кыйматай Турдубаевна ............................................. 29

МЕНИН АСЫЛ ЭНЕМ! ................................................................. 31

СЛОВО О МАМЕ ........................................................................... 33

ЫЙЫК ТУТКАН ЭНЕМЕ ЫРААЗЫМЫН! ............................... 35

ХИДИРОВА Таажигүл Увайдуллаевна ....................................... 37

Наша любимая и незаменимая мама -

КУЛДАШЕВА Тухта ..................................................................... 40

ЭНЕМ ДАЙЫМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ.................................... 42

НУКУРА ЭЛДИК КИШИ ЭЛЕ ..................................................... 44

156
Увадат САБУРОВА

КАЛЫКУЛОВА Гүлбүбү Мукарамовна ..................................... 46

КАРАБАЕВА Бүүмалика ............................................................... 48

Кадыралиева Сайрагүл ................................................................... 50

Активист КҮМҮШАЙ ЭНЕ .......................................................... 51

“ЧЫНДЫККА ЖАКЫН,

КАЛПТАН АЛЫС БОЛОЛУ” ....................................................... 52

ЫР ЖАНДУУ ЭНЕ – Соно НАСИРДИНОВА............................ 53

КАРАЗАКОВА СУКСУР ............................................................... 54

АКИМОВА ПАЗИЛЕТХАН .......................................................... 55

КУРМАНКУЛОВА КАЛИПА....................................................... 56

ОСМОНОВА Касиетхан Тургуновна .......................................... 57

АЙТЕМИРОВА Кымызай Сатыевна ........................................... 59

Айтбаева Уруниса .......................................................................... 60

МЕНИН АСЫЛ ЭНЕМ .................................................................. 61

КУЛЬЧИЕВА Айдоолот Адыловна .............................................. 62

НАРКТУУ ЭНЕ .............................................................................. 63

КУРМАНАЛИЕВА Жүмагүл Курманалиевна ............................ 64

ЭЛГЕ ЭМГЕГИ МЕНЕН ТААНЫЛГАН ЭЖЕЙИМ ................. 68

ЭМГЕК КЫЛГАН ЭЛДЕ АЗИЗ .................................................... 70

МЕН АЗДЕКТЕГЕН СЫЙЛУУ АДАМ ........................................ 72

ХУДАЙНАЗАРОВА Ойсара Байматовна ................................... 74

Энем МУХАМЕДОВА Замира Ниязовна ................................... 76

ЖҮРӨГҮМДҮ БАЛДАРГА АРНАДЫМ ..................................... 64

НАРМАНОВА МУКТАРАМ ........................................................ 78

ӨМҮРҮН ИШКЕ АРНАГАН АЙЫМ .......................................... 79

157
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

АБДИПАТТАЕВА АДАЛАТ ........................................................ 81

ЧЕБЕР МУГАЛИМ ........................................................................ 83

БАЛДАРГА БАКТЫЛУУЛУК ТАРТУУЛАЙМЫН .................. 84

ДЖУРАЕВА САЙДА ..................................................................... 86

ЭНЕ БААРЫНАН КЫМБАТ ........................................................ 88

ДҮЙНӨДӨ ЭЧ БИР ЖАНГА

АЛМАШТЫРГЫС АПАКЕМ ....................................................... 90

САБУРОВА Увадат Бараковна ..................................................... 92

КЕНЖЕБАЕВА Адалат Мукарамовна ......................................... 95

МЕНИНГ ХАЁТ ЙУЛИМ .............................................................. 97

ӨМҮРДҮН ӨРНӨКТҮҮ ЖОЛУНДА ........................................ 101

МАВЛЯНОВА КАНЫМАЙ ........................................................ 103

КОЖОЯРОВА Кадича Бөрүбаевна ............................................ 104

ХАЛМУРАТОВА Буурма Таировна ........................................... 106

МЕНИН ДҮЙНӨДӨГҮ БАЙЛЫГЫМ -

АСЫЛ ЭНЕКЕМ ........................................................................... 107

ЭНЕЛЕРГЕ ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАҢК!

ДЖУРАЕВА Роза Узаковна ........................................................ 109

ВАЙДУЛЛА КЫЗЫ БУЗИЯ........................................................ 111

СУЛАЙМАНКУЛОВА Сырга Газбековна ............................... 112

КРЕМЧЕЕВА Раиля Халиуловна ............................................... 114

УСУПБАЕВА Гулсара Жолоевна .............................................. 116

ЫР ЖАНДУУ АЙЫМ .................................................................. 117

АТА БАРКЫ МЕНЕН КЫЗ ӨСӨТ ............................................. 119

АТАНОВА Бүбүнар Абдуразаковна .......................................... 121

158
Увадат САБУРОВА

КЫЗМАТЫМ ЭЛ ҮЧҮН ............................................................... 97

ПУСУРМАНОВА Айниса Ташматовна ..................................... 123

АЙТИЕВА Уулжан Матураимовна ........................................... 125

ДЖУМАБАЕВА Кымызай Бараковна ....................................... 127

БАЗАРБАЕВА Бүбүнукура Кудайбердиевна ........................... 128

РУСТАМОВА Базаргүл Саттаровна .......................................... 130

ДЖУРАЕВА Рабия Дехкановна ................................................. 132

БУРХАНОВА Гүлнара Шамильевна ......................................... 134

ЫРЫСОВА Нургул Анарбаевна ................................................ 136

БЕКТЕМИРОВА Жылдыз Жолдошевна .................................... 138

САДЫКОВА Тахмина Исабековна............................................ 139

АБДЫСАИТОВА Мээриниса Айдаралиевна ........................... 140

ХИДИРОВА Чолпонай Хабибуллаевна .................................... 142

САБУРОВА Бактыгүл Курбанбаевна ........................................ 144

КАЛИКУЛОВА Таалайгүл Таировна ........................................ 146

МАДАМИНОВА Райхан Калдыбаевна ..................................... 148

УМАЙ ЭНЕ ................................................................................... 150

ИСАБЕКОВА Надирабегим Курманбековна ............................ 152

ЭНЕЛЕРГЕ ТААЗИМ .................................................................. 154

Энеге теңдеш сөз жок! ................................................................. 155

159
Аялзат – асыл ЭНЕЛЕР

Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам!

САБУРОВА

Увадат Бараковна

Аялзат асыл энелер

(Даректүү басылма)

Башкы редактор Абибилла ТУРБОТОЕВ

Материалдарды басууга даярдаган жана сүрөтчүсү

НИЯЗОВ Абдипатта Алимкулович,

Көркөм редактору жана корректору

КАННАЗАРОВА Канышай

Нускасы 200 даана. Көлөмү 10 б.т. Басууга 20.03.17-ж. берилди.

"ЖанызакЉбасма" журналынын басмаканасында басылды.

Басмакана тел.: Ватсап: +996777329784, ошка: 0700329784

емейл: janyzak@mail.ru ааламтор айылы: http://janyzak.ru

160