KitchenAid 750 PCT R/HA(OW) - 750 PCT R/HA(OW) HY (F101236) Istruzioni per l'Uso
KitchenAid 750 PCT R/HA(OW) - 750 PCT R/HA(OW) HY (F101236) Istruzioni per l'Uso
KitchenAid 750 PCT R/HA(OW) - 750 PCT R/HA(OW) HY (F101236) Istruzioni per l'Uso
You also want an ePaper? Increase the reach of your titles
YUMPU automatically turns print PDFs into web optimized ePapers that Google loves.
KG

• Ичине курулган очоктун үстүнө меш орнотулбаган болсо, жылуулук

кармоо үчүн жыгач панели орнотулушу керек. Муну мештин ылдыйкы

бөлүгүнөн жок дегенде 20 мм аралыкта коюш керек.

Желдетүү

Алгылыктуу желдетүүнү камсыз кылыш үчүн текчелердин арткы панелин

алып салыш керек. Очокту эки жыгач тилкенин үстүнө, же тептегиз

жерге кеминде 45 x 560 мм (диаграммаларды көрүңүз) ачык калтырып

орнотууну кеңеш кылса болот.

! Шайман орнотулгандан кийин кубат жеткирүү кабели жана электр

агынынын чанагы оңой жеткендей жерде болушу керек.

! Кабели бүгүлүп же кысылып калбасын.

! Кабелди такай текшерип туруш керек; ыйгарым укуктуу адистер гана

алмаштырсын (Жардамды караңыз).

! Бул коопсуздук чаралары аткарылбаса, өндүрүүчү кандай болбосун

жоопкерчиликтен баш тартат.

560 mm.

45 mm.

Меш очоктун үстүнө күч менен желдетүү сууту системи жок орнотулган

болсо, аба өткөндөй көзөнөктөрү аркылуу текченин ичине алгылыктуу

желдетүүнү камсыз кылыш керек (сүрөттү караңыз).

Газга туташуу

Шайман негизги газ жеткирүүгө же газ баллонуна күчүндөгү мамлекеттик

ченемдерге ылайык туташтырылышы керек. Туташтырууну аткарардан

мурда тамак жасагыч сиз колдонгону жаткан газ жеткирүүгө туура келерин

сөзсүз текшериңиз. Андай эмес болсо, “Газдын ар кандай типтерине

ылайыктоо” абзацында көрсөтүлгөн нускамаларды аткарыңыз.

Баллондогу суюк газды уруна турган болсоңуз, күчүндөгү улуттук

ченемдерге туура келген басым регуляторун орнотуңуз.

! Газ жеткирүүнүн басымы 1-жадыбалда (“Күйгүч менен чоргонун

спецификациялары”) көрсөтүлгөн нарктарга туура келерин текшериңиз.

Бул коопсуз иштетүүнү жана шайманыңыздын көпкө чыдаарын камсыз

кылып, ошол эле учурда энергияны натыйжалуу керектөөгө жетишет.

Электр туташуусу

Үч уюлдуу кубат жеткирүү кабели менен жабдылган мештер берилмелер

табагында (ал шаймандын ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан) көрсөтүлгөн

чыңалууда жана жыштыкта өзгөрмө агын менен иштетүүгө арналган.

Кабелдеги жердетүү зымынын кабыгы жашыл жана сары. Шайманды

ичине курулган электр очогунун үстүнө орнотуш керек болсо, очок менен

мештин электр туташуусу электр коопсуздук максатында да, очокту

чыгарууну оңоюраак кылуу үчүн да өз алдынча аткарылышы керек.

Жеткирүү кабелин борбордук тармакка туташтыруу

Берилмелер табагында көрсөтүлгөн жүктөөгө ылайык стандартташкан

сайгычты орнотуңуз.

Шайман менен тармактын ортосунда орнотулган, контакт ачылышы

кеминде 3мм келген көп уюлдуу айлампаны бузгуч (өчүргүч) менен

шайман түздөн-түз туташкан болушу керек.

Айлампаны бузгуч (өчүргүч) көрсөтүлгөн дүрмөттөөгө ылайыктуу болуп,

күчүндөгү электр боюнча ченемдерге туура келиши керек (айлампаны

бузгуч (өчүргүч) жердетүү зымын үзгүлтүккө учуратпашы керек). Жеткирүү

кабели 50°C-ден ашык температурадагы беттерге тийбеши керек.

! Орнотуучу туура электр туташуусу жасалганын жана ал коопсуздук

ченемдерине туура келерин камсыз кылыш керек.

Кубат жеткирүүгө туташардан мурда муну камсыз кылыңыз:

• шайман жердетилген жана сайгыч мыйзамга туура келет.

• чанак берилмелер табагында көрсөтүлгөн шаймандын максимум

кубатына туруштук бере алат.

• чыңалуу берилмелер табагында көрсөтүлгөн нарктардын ортосундагы

аралыкка кирет.

• чанак шаймандын сайгычына шайкеш келет. Чанак сайгычка шайкеш

келбесе, ыйгарым укуктуу адистен аны алмаштырып берүүнү

сураныңыз. Узарткыч же көп чанактуу сайгычтарды урунбаңыз.

12

Көңүл буруңуз! Туташардан мурда тамак жасагычтын газ түтүгүнүн

туташтыруучу көзөнөгүнөн ташуу үчүн айрыны алып салыңыз.

Катуу (жез же темир) түтүккө туташуу

!Газ системине туташуу шайманга эч кандай түрдөгү эч кандай күч

келтирбегендей болуп аткарылышы керек.

Шаймандын газ берүү рампында ылайыктаса болгон Г калыптуу түтүк

тууралагычы бар, ал агып кетүүгө жол бербеш үчүн жабыштырылып

бекитилген. Жабыштыргыч түтүк тууралагычы буралгандан кийин сөзсүз

алмаштырылышы керек (жабыштыргыч шайман менен берилет). Газ

берүү түтүк тууралагычы – бул сайлуу 1/2 газ цилиндрлүү "эркек" тиркеме.

Ийкемдүү жиксиз дат баспаган болот түтүктү сайлуу тиркемеге

туташтыруу

Газ берүү түтүк тууралагычы – бул сайлуу 1/2 газ цилиндрлүү "эркек" тиркеме.

Бул түтүктөр аягына чейин узартылганда 2000 ммден ашпагандай кылып

орнотулушу керек. Туташуу аткарылган соң ийкемдүү металл түтүк бир

да жылуучу бөлүккө тийбей жана кысылбай турганын текшериңиз.

! Күчүндөгү мамлекеттик ченемдерге ылайык келген түтүктөр менен

жабыштыргычтарды гана урунуңуз.

Туташуунун жылчыксыздыгын текшерүү

!Орнотуп бүткөндөн кийин самындуу эритме колдонуп түтүк

тууралагычтарынан газ чыкпай элеби деп текшериңиз. Эч качан жалын

менен текшербеңиз.

Газдын ар кандай типтерине ылайыктоо

Мешти демейки (мештин негизиндеги баалоо табагында же таңгакта

көрсөтүлгөн) типтен башка газдын тибине ылайыктоо үчүн күйгүч

чорголорун мындай алмаштырыш керек:

1. Мештин торлорун чыгарып, күйгүчтөрдү орундарынан жылдырыңыз.

2. Чорголорду 7 мм чанак үлүк ачкычы менен бурап чыгарып, ордуна

газдын жаңы тиби үчүн чорголорду салыңыз (“Күйгүч жана чорго

мүнөздөмөлөрү” 1-жадыбалын караңыз).

3. Айтылган процедураны тескери тартипте аткаруу менен тетиктерди

кайра бириктириңиз.