13.04.2018 Views

KitchenAid 750 PCT R/HA(OW) - 750 PCT R/HA(OW) HY (F101236) Istruzioni per l'Uso

KitchenAid 750 PCT R/HA(OW) - 750 PCT R/HA(OW) HY (F101236) Istruzioni per l'Uso

KitchenAid 750 PCT R/HA(OW) - 750 PCT R/HA(OW) HY (F101236) Istruzioni per l'Uso

SHOW MORE
SHOW LESS

Create successful ePaper yourself

Turn your PDF publications into a flip-book with our unique Google optimized e-Paper software.

KG

максатында эски шаймандарды өзүнчө чогултуш керек. Өнүмдөгү

чийип салынган “дөңгөлөктүү таштанды чакасы” символу сизге ал

шаймандын ыргытылганда өз алдынча чогултулушу керек экендигине

милдетиңизди эстетет.

Кардарлар өздөрүнүн эски шайманын туура ыргытуу боюнча

маалыматты жергиликтүү бийликтен же чекене соодагерден сурашы

керек.

Чөйрөнү коргоо жана сактоо

• Тамагыңызды капкактары тегиз жабылган жабык казан-аякта

бышырып, мүмкүн болушунча аз суу колдонуңуз. Капкагын алып

салып тамак жасоо энергия керектөөнү кыйла көбөйтөт.

• Түбү абдан тегиз болгон казан-аяк колдонуңуз.

• Көп убакта бышкан нерсени бышырып жатсаңыз, басым астында

бышыргычты колдонуу ылайыктуу, ал эки эсе бат бышырат жана

энергиянын үчтөн бирин үнөмдөйт.

195145856.00

05/2016 - XEROX FABRIANO

• Электр тамызгы сайгычтары жана коопсуздук түзмөгү менен

жабдылган моделдер туура иштөөнү камсыз кылуу үчүн айрынын

учун жакшылап тазалоону талап кылат. Бул нерселерди бат-баттан

текшерип туруңуз жана зарыл болсо ным чүпүрөк менен тазалаңыз.

Кырмычык болуп калган тамактын баарын тиш чукугуч же ийне менен

алып салыш керек.

! Электр учкундарын чыгарган түзмөктүн зыян тартышына жол

бербеш үчүн күйгүчтөрү өз корпусунда болбосо, аны урунбаңыз.

Газ кранын тейлөө

Убакыт өтүшү менен крандар катып же бураганга оор болуп калышы

мүмкүн. Мындай болсо, кранды алмаштыруу керек.

! Бул процедураны өндүрүүчү ыйгарым укук берген ишбилги адис

аткарышы керек.

Тейлөө жана кам көрүү

Шайманды өчүрүү

Шаймандын үстүнөн бир нерсе кылардан мурун электр жеткирүүдөн

аны ажыратыңыз.

Мештин бетин тазалоо

• Эмалдуу жана айнек бөлүктөрдүн баарын таза суу жана нейтралдуу

эритме менен тазалаш керек.

• Дат баспаган болот беттерге бордуу суу же агрессивдүү детергенттер

көпкө туруп калса, дат калтырышы мүмкүн. Кандай болбосун тамак

төгүлүп кетсе, кургаганча сүрүп салыш керек.

• Жылуу суу жана нейтралдуу детергент менен тазалап, андан соң

жумшак чүпүрөк же замша менен тазалаш керек. Күйүп калган

кирлерди дат баспаган болот беттер үчүн атайын тазалагычтар менен

кетириңиз.

• Дат баспаган болотту жумшак чүпүрөк же спонж менен гана

тазалаңыз.

• Чийип сала турган же дат бастырган өнүмдөрдү, хлордун негизиндеги

тазалагычтарды же кыл жуугучтарды колдонбоңуз.

• Буу менен тазалоочу шаймандарды урунбаңыз.

• Бат тутанма өнүмдөрдү урунбаңыз.

• Кычкылдуу же шакарлуу заттарды, мисалы, уксус, кычы өнүмдөрүн,

туз, шекер же лимон кычкылын мештин үстүнө калтырбаңыз.

Мештин бөлүктөрүн тазалоо

• Эмалдуу жана айнек бөлүктөрүн жумшак чүпүрөк же спонж менен

гана тазалаңыз.

• Торлорду, күйгүчтүн капкактарын жана күйгүчтөрдү тазалаганга

чыгарып алса болот.

• Аларды жылуу суу жана чийип салбаган детергент менен колго

тазалап, тамактын калдыктарынын баарын кетириңиз жана күйгүчтүн

тешиктеринин бири да бүтөлүп калбаганын текшериңиз.

• Чайкап, кургатыңыз.

• Күйгүчтөрдү жана күйгүч капкактарын өздөрүнүн корпустарына туура

орнотуңуз.

• Торлорду алмаштырып жатканда казан турчу аймак күйгүчкө туура

келишин камсыз кылыңыз.

Көйгөй чечүү

Шайман жакшы иштебеши же таптакыр иштебеши мүмкүн. Тейлөө

борборуна жардам сурап чалуудан мурда эмне кылса болорун текшерип

көрүңүз. Башында газ жана электр жеткирилишинде эч кандай үзгүлтүк

жокпу, жана анын ичинде негизги тармактын газ клапандары ачык бекен

деп текшериңиз.

Күйгүч тутанбай жатат же жалын күйгүчтүн тегерегинде тегиз

болбой жатат.

Буларды текшериңиз:

• Күйгүчтөгү газ тешиктери бүтөлүп калбаптырбы.

• Күйгүчтү түзгөн жылуучу бөлүктөрдүн баары туура орнотулганбы.

• Шаймандын жанында аба чыккан жерлер жок бекен.

Коопсуздук түзмөгү бар моделдерде жалын өчүп калып жатат.

Булар жок бекен деп текшериңиз:

• Тутканы өтө катуу баскан жоксузбу.

• Тутканы коопсуздук түзмөгү ишке келгендей узакка басып кармап

турган жоксузбу.

• Газ тешиктери коопсуздук түзмөгүнө туура келген аймакта бөгөлүп

калган жокпу.

Күйгүч минимумга коюлганда күйгүзүлгөн бойдон калбайт.

Булар жок бекен деп текшериңиз:

• Газ тешиктери бөгөлбөптүрбү.

• Шаймандын жанында аба чыккан жерлер жок бекен.

• Минимум баптоо туура ылайыкташтырылыптырбы.

Казан-аяк туруктуу болбой жатат.

Булар жок бекен деп текшериңиз:

• Казандын таманы ойдогудай тегиз бекен.

• Казан күйгүчтүн борборуна туураланып жайгаштырылыптырбы.

• Казанды кармоо торлору туура орун алыптырбы.

Indesit Company S.p.A.

Viale Aristide Merloni,47

60044 Fabriano (AN)

www.hotpoint.eu

16

Hooray! Your file is uploaded and ready to be published.

Saved successfully!

Ooh no, something went wrong!