08.06.2013 Views

bübi̇yna ömürzakovna oruzbayeva'nin akademi̇k hayati ve ...

bübi̇yna ömürzakovna oruzbayeva'nin akademi̇k hayati ve ...

bübi̇yna ömürzakovna oruzbayeva'nin akademi̇k hayati ve ...

SHOW MORE
SHOW LESS

Create successful ePaper yourself

Turn your PDF publications into a flip-book with our unique Google optimized e-Paper software.

«Илим алуу ийне менен кудук казгандай», деген

кыргыздын накыл сөзү, макалы бар. Анын сыңарындай, өмүр

бою илим кудугун талбай казып эмгектенип, элине атан төө

көтөрө алгыс эмгек тартуулаган көрүнүктүү илимпоздор кыргыз

тил илиминде саналуу гана. Алардын бири - академик Бүбүйна

Өмүрзаковна Орузбаева жаш мезгилинен тарта илим жаатында

көп эмгектенген, лингвистикалык ой чабыты кеңири, өзүнүн

билим алкагын талыкпай кеңейтүү үчүн өлкөдөгү илимий

процесстердин, дүйнөлүк конгресстердин, симпозиумдардын

кыйласына жеке демилгеси менен катышып, түркология илим

дүйнөсүнө таанылган кеңири диапозондогу окумуштуу. Анын

илимий-педагогикалык ишмердиги ар түркүн жана көп жактуу.

Б. Ө. Орузбаеванын илимий кызыкчылыгы, илимий багыты

кыргыз тилинин грамматикасы (морфология жана сөз жасоо),

лексикология жана лексикография, кыргыз адабий тилинин

тарыхы, байыркы түрк жазуу эстеликтери, жалпы элдик тил

менен адабий тилдин карым-катышы, тилдердин өз ара

байланышы (орус жана кыргыз тилдеринин карым-катнаштары),

кош тилдүүлүк, интерференция ж.б. маселелер менен

байланыштуу.

Адатта, тигил же бул окумуштууну жараткан эмгектеринин

тармагына карай адабиятчы, тилчи, түрколог, лексиколог,

фонетика боюнча адис, синтаксисчи деп коюшат. Бүбүйна

Өмурзаковнаны лингвистика илиминин баардык бөлүмдөрүнөн

маалыматы терең адис катарында баалоо менен анын өзгөчө

морфология бөлүмүнө кошкон салымы жөнүндө сөз

кылмакчымын.

Hooray! Your file is uploaded and ready to be published.

Saved successfully!

Ooh no, something went wrong!